АДАМ КАЙСЫ ОРГАНДАРЫ ЖОК ЖАШАЙ АЛАТ?

Адамдын организми айрым органдарсыз жашоого ыңгайлаша алары илимде белгилүү. Мисалы колу, буту, көзү жок адамдар жашай беришет. Алардан тышкары дагы эмнелерсиз адам жашай аларын айтып беребиз.

Ашказаны жок адам оор жумушка жарабай калат

Ашказанды алып ташташканда кызыл өңгөчтүн башы ичегиге түз туташтырылат. Операциядан кийинки алгачкы айларда тамак-аш жакшы сиңбей, адам алсырайт. Көбү оор жумушка жарабай калат. Кээде диагнозго жараша ашказандын жарымы же төрттөн үч бөлүгү алынган учурлар болот. Операция болгондордун баары узакка дарыланып, 67 ай диета кармашат.

Жоон ичеги жок болсо тамак-аш сиңбейт

Жоон ичегини кээде толук, жарымын же бир бөлүгүн кесүүгө туура келип калат. Толук же жарымы алынса, тамак-аш жакшы сиңбейт, анемия келип чыгышы мүмкүн. Айрымдарда ич өтүү күтүлөт. Ошондуктан операциядан кийин калыпка келүү үчүн дары-дармектер узакка ичилет.

Ичке ичегисиз анемия жаралат

Ичке ичегинин узундугу 4 метрдей болот. Ичегинин кескин бүтөлүшүндө ичке ичегинин жарымы же андан көбү алынып калышы ыктымал. Андайда адам арыктайт, алсыз тартат, ичи бат-баттан көбөт, анемия келип чыгат. Демек, адам бир топ ай дарыланат.

Жалгыз бөйрөк чоңоюп кетет

Бир бөйрөктү алып салышканда анын милдетин берки бөйрөк аткара баштайт. Ошондуктан ал чоңоюп кетет. Операциядан кийин 6 айга чейин жеңил тамактанып, спирт ичимдигин биротоло таштоого туура келет. Соо бөйрөктү аяп, этият мамиле кылбаса ал да илдетке чалдыгып, адам экинчи бөйрөгүнөн да айрылып калуусу ыктымал.

Алынган өпкөнүн ордуна суу куюлат

Оорунун же кырсыктын айынан бир өпкө алынып калса, көкүрөк көңдөйүндөгү башка органдар, мисалы, жүрөк жылышып кетпеши үчүн алынган өпкөнүн ордун суу ээлейт. Башкача айтканда, өпкөнү каптап турган чел кабыктын ичине 3-4 литр суу куюлат. Убакыттын өтүшү менен ал суу килкилдектей болуп калат да, адам өмүрдөн өткүчө ошол бойдон жүрө берет. Ал эми өпкөсүнүн азыраак бөлүгү алынгандар кадимкидей жашап жүрө беришет. Бирок соо өпкөгө күч келип чоңоюп кетиши мүмкүн. Андыктан адам узакка баспай, бийик тоого чыкпай, оор жумуш жасабай соо өпкөсүн аяшы керек. Сасык тумоо, бронхит, пневмония, кургак учук сыяктуу оорулардан сактанып жүрүүсү абзел.

Уйку безинин 15 пайызы калса кайра өсүп чыгат

Уйку бези инсулин гормонун жана тамак-ашты сиңирүүгө керектүү ферменттерди иштеп чыгарат. Андыктан аны алып салганда адам кант диабетине чалдыгып, өмүр бою инсулин менен ферменттердин ордун толуктоочу дарыларды ичип калат. Ошондуктан хирургдар жок дегенде уйку безинин 15-20 пайызын сактоого аракет кылышат. Андайда уйку бези 1 жылдын ичинде өсүп, калыбына келип калат. Эгер уйку бези чирип калса, анда айла жок, толугу менен алынат.

Көк боор 1 жылда калыпка келет

Көк боордун таза 5 пайызы калса да хирургдар аны адамдын өзүнүн ич майына ороп туруп, ордуна тигип коюшат. Көк боор 1 жылдай убакытта өсүп, толук иштей баштайт. Бул орган кандын алмашып турушуна жооп берет жана иммунитетке да байланышы бар. Ушул себептүү ал толук алынып салынганда адамдын жугуштуу ооруларга бат-баттан чалдыга берүү коркунучу бар.

Боордун 30 пайызы аман калса адам жашап кетет

Боордун соо бөлүгү өсүп, 1 жыл ичинде баштапкы калыбына келип калат. Боорду толук алып салганда адам адам жашай албасы белгилүү. Бул органдын канча бир пайызынан айрылгандар 5-6 ай диета кармашат. 1-2 жыл оор жумуш жасашпайт. Эгер адам өзүн жакшы карабаса, боорго күч келип, гепатит, цирроз жаралышы ыктымал.

Өт баштыкчасы алынганда бир нече ай диета кармалат

Өт баштыкчасы анда шишик, таш болгондо, эт өсүп кеткенде алынып салынат. Андайда өт жолунун түтүкчөсү 12 эли ичегиге түз кошулат. Адам бир нече ай диета кармап, анан кадимкидей эле тамактанууга өтөт. Өт баштыкчасы жок адам башка органдарын этияттап, аларда оору жаралбашы үчүн диеталык тамактарга басым жасап, оорулардан өзүн сактоосу зарыл.

Сокур ичегинин алынышы кейиштүү эмес

Эл оозунда "сокур ичеги", медицинада "аппендикс" деп аталган өтө кичинекей орган белоктун бир түрүн иштеп чыгарып турат. Ал белок иммундук системдин инфекциялар менен күрөшүүсүнө жардам берет. Аталган орган сезгенгенде аппендицит оорусу жаралат да, аппендикс алынып салынат. Анын бар-жогу организм үчүн билинбейт деле.

Жыныстык органдар алынса ички органдар жылышат

Жыныстык органдарды алып салгандан да жашоо токтоп калбайт. Мисалы, эндометриоз, миома сыяктуу оорулар өтүшүп кеткенде жатынды алып салышат. Аял ансыз деле жашай берет. Кээде рак оорусунда жатын түтүкчөсүн, жатынды, эң бездерин кошо алып салышат. Жыныстык органдар алынгандан кийин ички органдар бир аз жылышышы мүмкүн. Анткени тигилердин орду бош калат. Ушул себептүү адам оор нерсе көтөрбөй, оор жумуш жасабай, ички органдардын ого бетер жылышып кетишинен сактануусу зарыл.

Табарсыктын ролун түтүкчө аркалап калат

Оорунун же кырсыктын айынан табарсык алынып калган учурлар болот. Анын ордуна медициналык түтүкчө коюлуп, ал аркылуу заара сыртка чыга берет. Албетте, заара толуучу идиш керектелет. Ал идишти адатта жип менен кийимге же белге байлап коюшат. Табарсыгы жок адам инфекциялык оорулардан өзүн сактап, убак-убагы менен дарыгерге көрүнүп турат.

Тамак бездерисиз да жашоого болот

Алкым бездери (миндалины) башка лимфа системинин органдары сыяктуу эле иммунитетти сактап турууга катышат. Алар оозго кирген микробдорду ”кармап” калышат. Анан организмге ал микробдорду өлтүрүүгө лимфоциттерди иштеп чыгарууга сигнал беришет. Алкым бездери бат-баттан сезгене бергенде аларды алдыртып салышат. Алардын милдетин лимфа системинин башка органдары аткара берет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан