СИЗГЕ БЕЙПИЛДИК ТАРТУУЛАГАН АДАТТАР

Жумушка же окууга эрте барыш керек. Бирок жаздык менен ажыраша албай, көзүңүз ачылбай, өзүңүздү чарчаңкы сезе бересиз. Эмнеге? Кечинде эмне кылдыңыз эле? Кечки тамактануудан кийин диванга барып жатып сериал көргөнсүз же инстаграм, тиктоктон көз албай жаткансыз. Келгиле, жан дүйнөгө, акыл-эске, жүрүм-турумга бейпилдик тартуулаган адаттарды үйрөнүп алгыла.


Эртеңки күнгө даяр болуңуз

Алдын ала эртең эмне кыларыңызды билесиз. Алгач жөнөкөй даярдыктан баштаңыз. Эртең кийиле турган кийимдериңиздин баарын алып чыгып, үтүктөчүсүн үтүктөп тыпыйтып көз алдыңызга коюп коюңуз. Баштыгыңызда эмне болушу керек бир сыйра карап коюңуз, эртең менен шашып “ачкычым кайда, капчыкты ким алды, баланча документ ушул эле жерде турбады беле” деп үйдү үч көтөрбөй. Убактыңыз болсо күн тартибин жазып алганыңыз жакшы, саат баланчада тиги жумушту кылам, андан кийин тамактанам, жолугушуу бар деген сыяктуу. Мындай даярдык нерв системине “эртеңкиге даярмын” деген белги кетирип, кечкисин тынч эс алууңузга өбөлгө болот.

Жумушту үйгө алып келбеңиз!

Бул ар бир адамдын эң негизги эрежеси болушу керек. Жумуш башка, үй башка. Экөө аралашкан күндө биринен ажырап калуу коркунучу жогору болот. Канчалык маанилүү маселе болбосун иш күнүнүн аягына чейин бүтпөсө, эртеңкиге жылдырыңыз. Эгер бүгүн эле бүтүрө салам деп иштей берсеңиз, андай маселелер улам көбөйө берет. Ал эми иш күнү бүттү, эми өзүмө, үй-бүлөмө убакыт бөлөм деген эрежени кармансаңыз, жумуштагы маселелер да экинчи планда калганын, сиздин эрежеге багынганын байкайсыз. Багынуучу же багындыруучу болоруңузду өзүңүз тандаңыз.

Тынчтыкта эс алыңыз

Бир күн кечке монитор тиктеген жумушта отурдуңуз же ызы-чуу болгон жерде иштедиңиз, кийим тиктиңиз, тамак жасадыңыз, окудуңуз, бала бактыңыз, айтор чарчадыңыз. Демек, кечинде организмге психикалык, физикалык эс алуу талап кылынат. Телефонду чукулоо, сериал көрүү эс алганга жатпайт. Эң жакшысы, жумуштан келер менен душка кирип жуунуп чыккан жакшы, терс эмоциялардын баарын жууп. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, өзүңүзгө ыңгайлуулук тартуулаган жай табыңыз. Негизгиси тынч жер болсун. Ашканада отуруп алып терезени караңыз, караңгы жерде диванга же жерге денеңизди бош коюп, көзүңүздү жумуп жарым саат жатыңыз. Үйдө ызы-чуу көп болсо машинада же отургучта деле отуруп асман тиктеп эс алыңыз.

Хобби табыңыз

Ага убакыт жок деген жарабайт. Кечкисин аз убакытка болсо да аң-сезимди күнүмдүк түйшүктөн, жумуштан алаксытуу керек. Ал үчүн сүрөт тартыңыз, окшошпосо да аракет кылып көрө бериңиз. Ырдаңыз, бийлеңиз, түймө түйүңүз, тил үйрөнүңүз, бизнес пландаңыз, ойноңуз, тамак жасаңыз, бузулуп калган буюмдарды оңдогонго аракет кылыңыз. Мындай психологиялык өзгөрүүлөр адамдын ишмердүүлүгүнө жакшы натыйжа берет.

Эң баалуусу – үй-бүлө

Жумуштан чарчап келген адамдын сиркеси суу көтөрбөй, үйдөгү ызы-чууга башы ооруп чыдабай калган ирмемдерге баарыбыз эле күбө болсок керек. Психологдор бекеринен үй менен жумушту аралаштырба деп айтпаса керек. Үйдөгүлөрдү кагып-силкерден мурун бир ойлонуп коюу керек: “Эгер үй-бүлөмдү, ушул ызы-чууну, чачылган үйдү, жасалбаган оокатты экинчи көрбөй калсам эмне болот?” деп. Кудай сактасын деңизчи, бирок эч ким түбөлүктүү эмес. Канчалаган адамдар сизде бар нерсеге зар болуп жашап келишет. Андыктан ар бир күндү акыркы күндөй жашаганды үйрөнөлү, үй-бүлө мүчөлөрүн баалаганды, убагында сүйгөндү, жакшы сөз арнаганды унутпайлы. Үй-бүлөдөгү гармония – бардык ийгиликтин ачкычы.

Телефонду азайтыңыз

Апалардын тили тешилип бүтмөй болду “эрте жат, телефонду өчүр” дей берип. Азыркы заманда ноутбук, планшет, телефон жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланганы чын. Бирок ден соолугума кам көрүшүм керек дегендер, аталган жабдыктарды максатсыз колдонгонду азайтышы керек. Телефон, ноутбуктун экранынан чыккан нур адамдагы уйкуга жооп бере турган мелатонин гормонун басып таштайт. Ал эми сүрөт-видеолор мээни уйкуга даярдабай эле, тескерисинче, активдүү иштешине алып келет. Экранды көзгө жакын кармоо көрүүнү начарлатары айтпасак да түшүнүктүү, өзгөчө жаш балдардын көрүүсүнө терс таасир берет. Тынч уктап, организмге толук кандуу эс алуу тартуулайм десеңиз, жатарга 1-2 саат калганда телефон, ноутбук дегенди колго албаңыз.

Китеп окуңуз

Китеп окуган киши андан эч качан зыян тарткан эмес. Кандай жанрда, кандай темада болбосун, китеп окуңуз. Кызыктуу роман, аниме, мемуар, психологиялык китеп жана башка. Негизгиси окуу процесси сизге ырахат тартуулагандай болсун. Окуганда тиричиликти унутуп, ошол китепке берилип кетүү менен стресстен арыласыз. Албетте, ден соолукка кам көрүп электрондук эмес, кагаз түрүндөгү китептерге басым жасаңыз.

Уйку биринчи орунда

Буга чейин деле уйкунун жетишсиздиги кандай терс кесепеттерге алып келерин жазып келгенбиз жана жаза беребиз. Уйку - адамдын ден соолугуна кам көрүүдөгү эң натыйжалуу каражат. Тынч, толук кандуу уйку (7-8 саат) адамдын психологиялык, эмоционалдык жана физикалык абалын калыпка келтирип турарын унутпаңыз. Кечкисин бир убакытта жатып, эртең менен бир убакытта турганга аракет кылыңыз. Уктоочу бөлмөңүздө жумушту элестете турган эч нерсе болбосун.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан