Саткын Рыспаева, 6 баланын энеси: “ООРУКЧАН БАЛАМ ОШТУН ЖАРЫМЫН ТААНЫЙТ”

Каарманыбыз 21 жаштагы Таалайбек уулу Рыскелди, Ош шаарында аны “Мики” деген каймана атынан жакшы таанышат. Даун синдромунан жабыркаган жигит шаардын көчөлөрүндө бийлейт, музыкага шыктуулугу көргөн кишини кайдыгер калтырбайт. Рыскелди мырзанын апасы Саткын айым “элге аралашсын, балким сүйлөп кетер деп көчөгө чыгарган элек. Бат эле таанымал болуп кетти” дейт.

“Оорулуу экенин айтышканда ишенбей жүрдүм”

- Өзүм Өзгөн районунан болом, көп жылдан бери Ош шаарында жашайбыз. 6 балам бар, Рыскелди үйдүн кичүүсү. Дарыгерлер башында “балаңыз Даун синдрому менен ооруйт” дешкенде такыр ишенгим келген эмес. Анткени төрөлгөндө көзүмө кадимки балдардай эле көрүнгөн. “Карагыла, балам таза, оорубайт” деп ага күчтүү дарыларды бергенге макул болбой жүрдүм. Баламдын оорулуу экенин кийин түшүндүм. Көрсөтпөгөн дарыгерим калбады, Ошко, Бишкекке, Москвага чейин барып келдик. Башында баспайт дешкен эле, Бишкекте бир күчтүү дарыгер “кароосу жакшы болуп, массаж жасата берсеңиз басып кетет” деди. Ошол дарыгердин айтканын аткарып тынбай массажга алып бардым. 2-3 жашында желкесине жоолук байлап жөлөп-таяп жүрүп басып кетти, азыркыга чейин бутунун учу менен басат. 6-7 жашында сүннөткө отургуздук. Бир аз чулдурап сүйлөйт, бирок шар сүйлөй албай койду. 12 жашына чейин тынбай дарылаттык, аны текшертип жүрүп өзүм деле дарыгер болуп бүттүм. Бардык дарыгерлер балама пенициллин берип жатты да, “эмне эле баарыңар пенициллин бересиңер, башка дарыңар жокпу” деп урушуп-талашып калат элем. Элден эмнени уксам ошону жасап жаттым, “парашют менен секиртсең сүйлөп кетет”, “учакка отургузуп көр” деп жатышты. Бир жолу баламды алып учакка отурдук, коркот экен, кадимкидей тырышып этегиме жармашып туруп алды. Негизи Даун синдрому барларда коркуу сезими жок, оюна келгенди кыла беришет. 5 жаштагы бала сыяктуу, бирөө үйүнө ээрчитсе деле кете берет.

“Баса албай жүргөндө эле бийлечү”

- Рыскелди Мурадил Данияровдун “Маликам” деген ырын аябай жакшы көрүп ошол музыкага бийлейт. Маликаны эркекче Мики деп кыскартып “мен Мики болом” деп өзүнө каймана ат коюп алды. Анткени адамдын узун аттарын айта албайт. Кичинесинен музыкага шыктуу, баса албай жатса да отуруп алып солкулдап бийлей берет эле. Улуу балам музыкант болчу, кийин башка ишке өтүп кетти. Ошол балама “Рыскелди сүйлөй алса сени басып өтмөк экен” деп тамашалап калам. Сыналгыдан эмнени көрсө ошону туурап бийлейт. Тили болсо ырдап жиберейин деп турат. Кичинесинде базарга түшкөндө дайыма жаңы DVD диск алдырат эле, андагы клиптерди көрүп бийдин түрүн үйрөнчү. Кээде бизди да “бийге түшкүлө” деп кыйнайт. Көчөгө чыкканды Рыскелдиге лөлү бала үйрөттү. Аны кызым кууп жиберет эле, болбой эле келип Рыскелдини жетелеп кетет. Айтор, балам жоголо берип шаардын милициясы менен деле чабышып бүттүм ушунча жылдан бери. Жаныбызда жүрүп эле заматта таптырбай кетет. Мен тамашалап “жылтыңке” деп коём, жылып-жылып эле таптырбай кетет да. Милиция кызматкерлери да тажашты “келет да, эмне кабатыр болосуз” деп коюшат кээде. Энесиң да, чыдабайсың, акылы жок баланы ээрчитип кетип ким эмне кылганын кайдан билесиң. Оюңа жаман нерселер келет. Бирок мындай өзгөчө балдарды периште коргойт деген чын окшойт, кайра өзү келип калат. Оштун теңин тааныйт “баланча эжем, түкүнчө акем” десе таң кала берем.

“Кээде тапкан акчасын алдырып коёт экен”

- Рыскелдини көпчүлүк аябай жакшы көрөт. Бийлегени үчүн тыйын-пыйын беришет да, аны кээде кичинекей, 5-6 жаштагы балдар алдап алып коюшат экен. Биз эми балабызды көчөгө акча тапсын деп чыгарбайбыз. Элге аралашсын, үйдө зерикпей бугун чыгарсын, балким сүйлөп кетет деген максатта чыгарабыз. Базарда ар ким ар нерсени үйрөтөт, аны үйгө келип туураса кээде урушам. Мектепке да берип көрдүк. Эжекесин жакшы көрөт эле, үйдөн көзүнө эмне жакшы көрүнсө ошону эжекеме алып барам дей берчү. Бирок окууга кызыккан жок, аты-жөнүн туура жаза албай койду. Ошондо “кой, оорукчан баланы кыйнабайлы” дедим. Жакында агасы Ташкентке алып барып эс алдырып, ойнотуп келди. Кээде үйдөн качып, жолобой калат. Өткөндө кошунабыз “балаңыз түнкү саат төрттө көчөдө жүрүптүр” дейт. Эми өмүр бою эле жанында жүрө албайт экенсиң да. Көзүм өтүп кетсе баламдын үстүндө үйү болсун деп жер, үй алганга кезекке тургам. Бирок көп жыл болду кезегибиз келе элек.

“Баламды кемсинтип, урушкандар бар”

- Рыскелдинин өнүгүүсү башка Даун синдрому менен ооруган балдарга караганда кыйла жакшы. Айрым ата-энелер баласынын оорулуу экенинен уялып үйүнөн чыгарбай багышат. Менин балам көчөгө чыгып, элге аралашкандан улам аң-сезими жакшы өөрчүдү. Бирок “мен эмнеге ушундай төрөлүп калдым” деп сурабайт. Ага акылы жетпейт болуш керек, өзүн кадимки акылы толук адамдардай сезет. Элдин арасында да ар кандай адамдар болот экен, кичинекей балдар менен ойноюн десе апалары карматпай, жолотпой обочолонтуп турушат. Кээде “балама тийбе” деп кемсинтип урушкандар болот. Анан мен “коркпо, бул оору жукпайт, тубаса ушундай төрөлгөн” деп аларды жубатып коём. Балам да кичинекей балдарга жакын, ыйлап калса акчасын, жеп жаткан нерсесин, үйдөгү алтынды алып чыгып деле карматып коё берет. Учурда базарда бийлейт, ал жактан тапкан эки акеси бар, ошолор көз салып турушат. Жакында үйлөнтүп койсомбу, балким, токтолуп үйдөн кетпей калат беле деп ойлодум эле. Туугандар “азыр аялдар дени соо күйөөлөрүн чанып таштап кетип жатышат, сенин майып балаң кор болуп кетет” деп болбой коюшту. Башында аябай ыйлап, ичтен эзиле берет элем “эмнеге менин балам ушундай төрөлүп калды” деп. Азыр анын оорусун кабыл алдым. Аман-эсен кашымда жүрсө болду деп калат экенсиң. Бул да Кудайдын берген сыноосу, оорукчан төрөлсө да минтип элдин маанайын көтөрүп, дос таап, кызыктуу кылыктары менен бизди кубанычка бөлөп жүрө берсин.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан