БИШКЕКТЕ ЛИДЕР АЯЛДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Үстүбүздөгү жылдын 7-июль күнү Бишкекте Аялдардын улуттук тилектештик курултайы өттү. Ага парламентке караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары жана башкалар катышып, аялдардын коомдогу абалын талкуулашты. Лидер айымдар аймактарда аялдар туш болгон көйгөйлөр, саясатта аялдарга карата жасалган кысым, жаш айымдарды саясатка тартуу сыяктуу темаларды көтөрүштү. Иш-чарага катышкан айрым айымдарды кепке тарттык.

Жаңыл Алыбаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары:

– Мындай курултай буга чейин Кыргызстандын 7 облусунда өткөн. Эми жалпы, жыйынтыктоочу жыйын болуп жатат. Айтылган маселелер биздин улуттук, стратегиялык программаларда да белгиленген. 2026-жылга чейин аял ишкерлерди колдоо боюнча программа кабыл алынып, анын алкагында иштер жүргүзүлүп жатканын билесиздер. Мындан тышкары “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашырдык. Бул жакыр үй-бүлөлөрдөгү аялдарга жумуш орундарын түзүү, аларды чакан бизнеске тартууну көздөйт. 2030-жылга чейин аял лидерлерди колдоо, иштерин илгерилетүү боюнча да улуттук программа жазабыз. Мамлекеттик саясатта аялдардын болушуна умтулабыз. Учурда Жогорку Кеңеште аялдар 21 пайызды түзөт. Ушундай болбош үчүн атайын программа даярдап, аны этап-этабы менен ишке ашыралы деп максат койдук.

Луиз Чемберлен, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү:

– Кыргызстанда аялдар абдан креативдүү, абдан күчтүү, бирок алар саясатта абдан аз. Бүгүнкү жыйындын максаты – аялдардын ар тармактуулугун камсыз кылуу, идея алмашуу үчүн аларга даяр аянтча түзүп берүү, аларды колдоо, Кыргызстандын аялдарын саясатта активдүү көрсөтүү. Азыр аялдарды алдыга сүрөөнүн, алардын мамлекеттин саясий жана экономикалык иштерине активдүү катышуусу үчүн аракет кылуу мезгили. БУУнун башкы катчысы гендердик теңчиликке жетүү үчүн 300 жыл керек деген эле, а биз 300 жыл күтпөй, эрте аракет кылалы дедик. Курултай ар кайсы тармакта таланттуу, күчтүү айым лидерлер көп экенин көрсөттү. Биз бул потенциалды жоготпошубуз керек.

Антье Граве, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору:

– Жыйында айтылган негизги маселелердин бири – парламентте жана жергиликтүү кеңештерде аял депутаттардын аздыгы болду. Парламентте, өкмөттө айымдар көбүрөөк болушса, алар аялдардын атынан сүйлөп, аялдардын көйгөйлөрүн айтып, чечүү жолдорун сунуштай алышат. Андан тышкары аялдардын экономикалык өнүгүүсү – бул ишкер аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Абдан чоң көйгөй – Кыргызстанда аялдардын гендердик зомбулукка кабылышы башка өлкөлөргө салыштырганда жогору. Бул боюнча аялдарга жардам берүүнү күчөтүү сунушталды.

Аэлита Акжолова, укук коргоочу:

– Үй-бүлөлүк зомбулук жылдан-жылга өсүүдө. Демек, аялдардын укугу жетиштүү деңгээлде корголбой жатат. Аялзатын зомбулуктан коргой албасак, анда башка иштер тууралуу айтпай деле койсок болот. Биздин кыздар бышык, мал карайт, дыйканчылык кылат, эркектер менен тең тайлаша эле иштейт. Лидер аялдар көп, бирок алардын башын бириктирген уюмдар жок. Гендердик теңдик маселеси актуалдуу бойдон калууда. Мисалы, Талас шаардык кеңешинде 30дай депутат болсо, анын 6-7си эле аял.

Гүлжан Бердимуратова, Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты:

– 22 жашымдан тарта саясатка аралаштым. Убагында талапкер катары жергиликтүү кеңешке шайлоого катышып, мага берилген добуштарды уурдатып жибергем. Андан бери көп нерсе үйрөндүм. 2021-жылдан бери Кара-Көл шаардык кеңешинде депутатмын. 2011-жылы депутаттыкка аттангандагы бир окуяны айтып берейин. Күчтүү жигиттерди, күчтүү аялдарды топтоп, 49 адамдын тизмесин шайлоо комиссиясына өткөрүп бердим. Эртең каттоо бүтөт деген күнү сиздин партия шайлоого катышуудан четтетилди дешти. Көрсө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биздин партиянын тизмесиндеги жигиттер менен сүйлөшүптүр, анан эркектердин баары арыз жазып тизмеден чыгып кетишиптир. 11 эле аял калдык, аябай ызалангам. Азыр биздин шаардык кеңеште 31 депутаттын 8и айым. 9 болсо 30 пайызды түзмөкпүз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан