АЛЧАДАН ЖАЙКЫ ДААМДАР

Мөмө-жемиш бышып, жай берекеси төгүлүп турган мезгил. Бул санда сизге алчадан жасалчу айрым даамдардын жасалуу жолун үйрөтөбүз. Билбегенди билип алуу эч качан ашыктык кылбайт эмеспи.

Штрудель

Керектелүүчү азыктар:

Ачытылбаган каттама камыр – 500 грамм

Алча – 500 грамм

Грек жаңгагы – 100 грамм

Жумуртка – 1 даана

Каймак май – 1 аш кашык

Упаланган нан күкүмдөрү – 80 грамм

Кумшекер – 100 грамм

Жүгөрү крахмалы – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жаңгакты целлофан баштыкка салып, үбөлүк менен майдалап алабыз.

2. Алчаны данектеринен тазалап, чыккан ширесин төгүп салабыз. Ага крахмал кошуп аралаштыруу керек, ошондо алча ширесин ичинде сактайт.

3. Жибиген камырды жука жайып алабыз да, каймак майды эритип бетине сүйкөйбүз. Нан күкүмдөрүн, жаңгакты себелеп, алчабызды тегиз жайгаштырабыз. Камырдын четтери 2 сантиметрдей бош калышы керек. Үстүнө кумшекер себелеп, камырды бекем оройбуз.

4. Пергамент кагазы төшөлгөн табага салып, жумуртканы чалып бетине сүртөбүз. Штруделибизди 200 градус ысып турган электр мешине 20 мүнөт коюп бышырабыз.

Балмуздак

Керектелүүчү азыктар:

Алча – 450 грамм

Кумшекер – 150 грамм

Жалбыз – 4-5 жалбырак

Лимон ширеси – 1 аш кашык

Суу – 150 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Алчаны жууп, данектеринен тазалайбыз. Бир аш кашык кумшекер себелеп аралаштырып, табага салып 180 градуста ысып турган электр мешине салып 15 мүнөт бышырып чыгарабыз.

2. Сууга калган кумшекерди, жалбызды салып бир кайнатып чыгарабыз. Муздатуу керек.

3. Алчаны блендерге эзип, жалбыз сиробун кошуп аралаштырабыз.

4. Аны желим стакандарга куюп, 3 саатка тоңдургучка салабыз. 3 сааттан соң таякчаларды сайып, кайра 5-6 саатка салабыз. Түсү менен даамы ичтейди ачкан сергиткен балмуздагыбыз даяр!

Шоколаддуу пирог

Керектелүүчү азыктар:

Алча – 100 грамм

Ун – 200 грамм

Сүт – 100 миллилитр

Каймак май – 100 грамм

Жумуртка – 2 даана

Каймак – 50 грамм

Кумшекер – 150 грамм

Какао порошогу – 3 аш кашык

Сода – 1 чай кашык

Уксус (9%) – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумурткага кумшекерди кошуп чалабыз. Көбүрүп чыкканда бөлмө температурасындагы сүттү кошуп аралаштырабыз. Каймак майды эритип, үстүнө аз-аздан куябыз. Каймакты кошуп аралаштырып, содага уксусту кошуп күйгүзүп аралаштырабыз. Андан соң эленген ун менен какао порошогун салабыз.

2. Алчаларды данегинен тазалап, экиге бөлүп үстүнө салабыз.

3. Камырды калыптарга куюп, 200 градуста ысып турган электр мешине 25-30 мүнөткө коёбуз. Кооздоо үчүн шоколадды эритип үстүнө жиберсеңиз болот.

Вареник

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 300 грамм

Жумуртка – 1 даана

Айран – 150 миллилитр

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Сода – 0,5 чай кашык

Туз – 0,5 чай кашык

Толтурмасы үчүн:

Алча – 500 грамм

Кумшекер – 4 аш кашык

Корица – 0,5 чай кашык

Жүгөрү крахмалы – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Камыр үчүн керектүү азыктардан ундан башкасын аралаштырабыз. Унду себелеп ийилчээк камыр жууруйбуз. Целлофан баштыкка салып тыныктырып коёбуз.

2. Алчаны экиге бөлүп данектеринен тазалап, корица, крахмал, кумшекерди кошуп аралаштырабыз.

3. Камырды 2 миллиметр жукалыкта жайып, кичигирээк төрт чарчы же тегерек форма кесип алабыз. Толтурмадан 1 чай кашыктан салып, чекелерин жакшылап бекитебиз. Даяр болгон варениктерди кайнап жаткан сууга 6-8 мүнөт салып бышырабыз. Же бууга 15 мүнөт салып бышырып алууга болот.

Даяр болгон варениктерди каймак же каймак май кошуп жей бериңиз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан