Медетбек Эргеш уулу, волейболчу: “КОЛДОО БОЛСО КЫРГЫЗ ВОЛЕЙБОЛУ ТЕЗ ЭЛЕ ӨНҮГӨТ”

Жакында өлкөбүздө Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) Улуттар кубогу өтүп, Кыргыз курамасы 2-орунду ээледи. Курама команданын мүчөсү, волейбол боюнча спорт чебери Медетбек Эргеш уулу менен маек куруп, акыркы жылдары өнүгүү жолунда бараткан спорт түрү тууралуу пикир алыштык.

Туулган күнү – 1994-жыл, 20-январь

Туулган жери – Ала-Бука району, Кең-Кол айылы

Билими – жогорку

Бою – 180 сантиметр

Салмагы – 76 килограмм

Ойногон клубу – “Отор”

Амплуасы – байланыштыруучу

Жетишкендиктери – волейбол боюнча өлкөнүн 2 жолку чемпиону

Машыктыруучулары – Учкун Маралов, Бакыт Алиев

Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы

– Медетбек, саламатсызбы? Канча жашыңыздан баштап волейбол ойноп келе жатасыз?

– Саламатсыздарбы? Волейболду мектеп курагынан, 5-6-классымдан бери ойноп келе жатам. Айылда волейболду өз алдыбызча эле, билгенибиздей ойной беребиз да. Улуттук курамга 2017-жылы чакырылгам, ошондон бери улуттук курамдамын.

Биринчи машыктыруучум – Учкун Маралов. Студент болгондон кийин ушул агайдын колуна түштүм, агай анда “Улар” клубунун машыктыруучусу эле, анын командасына 2015-жылы кошулдум. 2019-жылы “Сулайман тоо” деген клубга кирип, ал жакта 1 жыл ойнодум. 2020-жылдан азыркыга чейин Оштун “Отор” волейбол клубунда ойноп келе жатам. Менин ушул деңгээлге жетишиме эң биринчи себепкер Учкун агайым.

– Волейбол сизге эмне берди?

– Волейболдун аркасынан көптөгөн тааныш арттырып, көптөгөн жетишкендиктерге жеттим, эл-жер көрдүм. 2021-2022-жылдары “Отор” 2 жыл катарынан өлкө чемпиону болуп, “спорт чебери” деген даражага жетиштик. Чет өлкөлөрдө Азия чемпиондуктарына катышып келдик. 2018-жылы Индонезияга барганбыз, андан кийин Непалда зоналдык чемпиондукка катышып келдик. Орусиянын көптөгөн шаарларында коммерциялык турнирлерде ойнодук. Айтор, спорттун аркасынан жер кыдырып жатам.

– Улуттук курама менен алгачкы жолу чет өлкөгө чыкканда оюңузга биринчи эмнелер келди эле?

– Биринчи жолу курама команда менен Бангладешке барганбыз. Аларда деле волейбол профессионалдык деңгээлде өнүккөн эмес. 2018-жылы Азия чемпиондугунда ойногонбуз, ошондо өзгөчөлүктөр даана байкалган. Иран, Япония сыяктуу Олимпиадага катышып жүргөн командалардын оюндарын жанынан көргөн башкача экен. Топтун жерге түшкөнүн карап жетишпей каласың, аябай бат, анан катуу чабышат. Ал эми коммерциялык турнирлерге барганда биздей эле деңгээлдеги командалар менен ойноп жүрөбүз.

– Волейбол кошумча алектене турган ишиңиз болуш керек. Негизги жумушуңуз каякта?

– Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Тоо-кен иштери институтун аяктагам, кесибим – тоо инженер-геологу. Андан тышкары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин бүтүргөм. Азыркы учурда Ички иштер министрлигине караштуу атайын багыттагы полкто иштейм. Мамлекеттик деңгээлде оюндар болгондо жумуштан уруксат берип, колдоп турушат. Командирлерибизге ыраазычылык билдирем. Алардын колдоосу жумушту да, спортту да чогуу алып кеткенге чоң жардам берүүдө.

– Волейбол сиз үчүн?

– Хобби. Анткени жумуштан бош убактарда машыгам, ойнойм. Кыргызстандын волейболу “любительский” волейбол болуп калат, профессионалдык волейболго кирбейт. Профессионалдык волейбол болуш үчүн биздин негизги жумушубуз волейбол болуш керек. Эртең менен тургандан тарта кечке чейин убакыт-сааты менен машыгып, күнүбүз ошону менен өтүшү зарыл. Кыргыз волейболу ойногонубуз үчүн айлык төлөп берген деңгээлге жете элек.

– Ошентсе да спорттун бул түрү мурункуга караганда жанданып калгандай сезилет. Кыргыз волейболчуларын Олимпиада оюндарынан көрө аласызбы?

– Аракет кылса бүт нерсеге жетишсе болот. Буюрса, ал деңгээлге да жетебиз. Азыр жаш волейболчуларды өстүрүү үчүн маселе каражатка келип такалат экен да. Кайсы спорт түрү болбосун, спортчуну кичинесинен тарбиялай турган жакшы мектеп керек. Мисалы, бизде мектеп курагынан балдар-кыздарды тарбиялай турган волейбол мектептери жокко эсе, мектептер жок, демек, атаандаштык жок.

Волейболго студент болгондо активдүү аралаштым дебедимби, ал кезде 18 жашка чыгып калган элем. Бул курак кеч болот экен, көрсө. Азыркыдай деңгээл менен дүйнөлүк волейболго чыгыш кыйын. Командалык спорт түрлөрү бизде өнүгө элек.

– Кечээги Ысык-Көлдө өткөн Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын Улуттар кубогунда улуттук курам 2-орунду ээледи. Жеңилүүнүн башкы себеби эмне болду?

– Эң башкысы, биздин волейболдун деңгээли. Экинчиден, беттеште 1-орунду алган Иран командасында 18 жаштагы балдар ойноду. Аларда мектеп бар, кичинесинен ойноп келишкен, дүйнөлүк оюндарга катышып жүргөн чемпиондор, бойлору да узун. Волейболдо бойдун узундугу маанилүү да, баарынын бою стандарт, 2 метр экен. Бою узун болсо тосмо коюуда жакшы. Андан тышкары техникасы, башкасы бүт жагынан даяр балдар экен. А бизде андай эмес.

– Кыргыз волейболун өнүктүрүү үчүн каражат гана керекпи?

– Учурдагы улуттук курамда баары таланттуу балдар, жүздөгөн волейболчулардын арасынан суурулуп чыккандар. Бойлору стандартка туура келбесе дагы команданы ушул деңгээлге чыгарып, Кыргыз волейболун өнүктүрүп жатышат. Көп алыска кетпей эле, Казакстанды, коңшу мамлекеттерди алып карасак, аларда мамлекеттик колдоо абдан жакшы. Ошондой колдоо бизде болгондо Кыргызстандын волейболу тез эле өнүгүп кетмек.

– Күзгү Азия оюндарына даярдык кандай жүрүп жатат?

– Азырынча ар кимибиз өз жумушубуз менен жүрөбүз, команда чогула элек. Өз алдыбызча бир аз даярданып жатабыз. Негизги даярдык курама тандалып, баары чогулганда башталат.

– Жеңебиз деген ишеним барбы?

– Чынын айтканда, бизде мүмкүнчүлүк азыраак. Ага дүйнөлүк чемпиондукта ойноп жүргөн командалар катышат. Ошентсе да жакшы ойноп, мыкты оюн көрсөтүп келебиз деген ниеттебиз, сөзсүз аракет кылабыз.

– Волейболдо деле кызыктуу учурлар көп болсо керек?

– Кызыктуу учур десе эле ушул окуя эсиме түшө берет. Аксыга коммерциялык оюнга чакырышкан. Айылда оюндар көбүнчө сыртта болот эмеспи, ал күнү жамгыр жаап жаткандыктан оюн спорт залдын ичинде жүрүп жатты. Анан биз ойной турган учурда негедир “сетканы” сыртка, ак топурактын үстүнө тартышты. Биздин утулушубузду кааладыбы, же эмне болду, билбейм. Турган жериңде топ тосо алсаң жакшы, болбосо кадам таштасаң эле тайып кулайсың. Жердин баары ылай, белчеден баткакка батканбыз. Ошентсе да ал оюнда жеңдик, анан биздин оюн бүткөндөн кийин эле кайра “залга кирип ойнойбуз” деп чыгышкан (күлүп).

– Үй-бүлөңүздө сизден башка да спортчулар барбы?

– 9 бир тууганбыз, 4 агам, 4 эжем бар. Бир туугандарым айылда эле ойноп калышпаса, профессионалдык деңгээлде спорт менен машыгышкан жок. Ата-энем айылда турушат, мен жубайым, 2 уулум менен Жалал-Абад шаарында жашайм.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан