КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Макул деп сыртка чыксам машинесин дарбазадан алыска токтотуптур, демейде үйдүн чыга беришине токтотчу. Салонду, бардачокту карап телефонун таппадым. Кайра барсам Касыке жер төлөдөн чыгып келаткан экен:

– Бар бекен?

– Жок, таппай койдум.

Чөгөлөп отургандай, шымынын эки тизеси чаң болуп калганын байкадым. Колуна көтөрүп турган баштыгы да башкага алмашып калыптыр, түсү окшош болгону менен, баштыктагы сүрөттөр эки башка болчу. Менден жашырып бирдеме кылганын сездим.

– Анда үйгө унутуп кеткен окшойм. Макул, балам, Ваняга келдим эле бир иштер менен. Сенин ишиңди да көрө кетейин деп... Көрүп чыктым, бир жумада бүтүп калат окшойсуң го, ошондо келем, – деп шашыла басып дарбазадан чыгып кетти. Жанагы көтөрүп келген баштыгын бир жерге бекитип, мени шекшип калбасын деп ордуна ошол баштыкка окшош башка баштык алып кетти. Кызык, эмне бекитти экен. Билиш керек... Жер төлөгө түшүп бөлмөлөрдү бир сыйра карап чыктым, баары эле ордунда. Мен сыртка чыгып келгиче Касыке биринчи кабатка чыгып түшүүгө жетишмек эмес. Жетишпейт, демек, баштыкты жер төлөнүн эле бир жерине бекитти. Бөлмөлөрдүн биринде жерге эски килем салынып турчу. Чаң баскан ошол килемге Касыкенин билинер-билинбес изи түшүп калыптыр. Бирок из дубалдын түбүнө барып токтогон, кызык. Дубалда эч кандай жылчык жок, килемдин астын карадым, шектүү эч нерсе байкалбайт. Айтор, канчалык текшерип чыксам да илинчек таппай койдум. Бирок Касыке баштыкты ушул жакка бекитти да. Дагы келет, бөлмөдөгү видеокамераларды иштетип коюш керек, ошондон карап билип алсам болот. Камераларды иш башталган биринчи күнү эле бүт үзүп салгам, монитор биринчи кабатта турат. Эртең түштө, Ваня байке уктап жаткан маалда улайм деп чечтим камераларды. Эртеси түшкү тамактануудан кийин Ваня байке адатынча уйкуга кетти. Эми үч саат уктайт, бул күнүмдүк эле көрүнүш, жаттап бүткөм. Дароо камералардын баарын кайра иштетип чыктым. Ар бир бөлмөгө, коридорго, сырткы эшиктин үстүнө, короону айланта ар бир бурчка видеокамера коюлган эле, баары иштеди. Бир бөлмөгө кирип камераны карасам кызыл жарыгы күйүп, иштегенин билдирип турат экен. Ошол жарыгы чыккан жерине кара изолента чаптап салдым, жанагы кызыл жарыгы көзгө байкалбай калды. Ваня байкенин бөлмөсү бекитилчү эмес, андагы камераны да иштетип койдум. Эми күтүш керек. Касыке эртеси биз түшкү тамакка жаңы отурганыбызда келди, колунда кара булгаары барсетка. Ичи толо экени көрүнүшүнөн эле билинип турат, акча эле болуш керек. Биз менен учурашкан соң үйгө кирип кетти да, он мүнөттөн кийин кайра чыкты... Адаттагыдай, Ваня байке уктаганда мониторду тиктеп отурдум. Касыке тез-тез басып жер төлөгө түшүп, жанагы килем салынган бөлмөгө кирип, сырт жакты бир аз тыңшап турду да, эшикти ичинен бекитти. Ички чөнтөгүнөн кичинекей бир башкаруучу пульт алып чыгып эшиктин үстүнө каратып кнопкасын басты эле, жанагы Касыкенин изи барып токтогон жердеги калыңдыгы кырк сантиметрлик бетон дубал бир тарапка сүрүлүп ачылды. Анын ичинде дагы бетон дубал бар экен, ортосунан полдон бир карыш бийиктикте узун-туурасы бир метрдей болгон сейфтин эшиги көрүндү. Касыке ордунан эки кадам артка жылып, жанагы пульттун кнопкасын сейфке каратып басты эле сейфтин эшиги ачылды. Адам кенен баткыдай килейген сейф, ичинде ар кандай кутулар, баштыктар, кагаздар турат. Касыке барсеткасынан тутамдап акча алып чыгып сейфке салды, анан сейфтин эшиги да, дубал да кандай ачылса кайра ошондой жабылып эч бир шек билинбей калды. Касыке да эч сыр алдырбай шашыла басып сыртка чыгып кетти. Таң калдым, видеокамералардан башкаларга барчу токтун баары өчүк болсо тиги дубал кантип ачылып жатат? Дубал оор, аны жылдырыш үчүн күчтүү мотор керек. Менимче, сырттан өзүнчө ток келген бул сейфке. Касыке эч кимге билдирбей акчасын ушул жакка бекитет экен да бечара. Сейфте көп эле акча болсо керек. Ой жаман да, ар нерселерди ойлой баштадым.

Кечке маал Асел келди. Ваня байке экөө бир нерселерди акырын сүйлөшүп, ээрчишип үйгө кирип кетишти. Бир сааттан кийин Асел чыгып жаныма келип отуруп, сөздү эмнеден башташты билбей жаткандай сезилди, бир аз отурду да:

– Жумушту канча күндө бүтөсүң? – деди телефонун тиктеген калыбында. Менден бир нерсени сурай албай жатты окшойт.

– Беш күндө бүтөм го.

– Аа, жакшы. Күйөөмөз ишин жакшы билет экен деп сени мактап жатат. Акчасын жакшы төлөп бериш керек дегендей да кылды, – күлүп койду негедир. Мага эч качан күлчү эмес, бул жасалма күлкү экени көрүнүп эле турду.

– Окуусун бүткөм да, беш жыл окугам.

Акыры чыдабады окшойт, көзүмө тике карады: – Күйөөм банктык картасын жоготуп алыптыр, үйгө эле түшкөн болуш керек деп жатат, көрбөдүңбү?

– Жок, мен жер төлөдөн деле чыкпайм да. Ал жактан көргөн жокмун.

– Бүгүн келгенде кайсы бөлмөлөргө кирди?

– Анысын көрбөдүм. Мен иштеп жаткан бөлмөгө кирип, 2-3 мүнөттөй сүйлөшүп туруп эле кетип калды. Ага чейин каякка киргенин билбейм.

– Жер төлөдө башка бөлмөлөргө кирбедиби?

– Кирбеди го дейм, кирсе байкайт элем да.

Асел башын жерге сала ойлонуп калды. Кантип эле ушул кызды сүйүп калдым экен башында, көзүмө иреңи суук көрүнүп жатты.

– Макул, мен кеттим. Эгер табылып калса мага чалып кой, – деди да машинасын айдап жөнөп кетти. Дарбазаны жапкан жок, Ваня байке жаап келди. Булардын ортосунда бир нерсе башталган окшойт. Эртерээк ишимди бүтүп, эмгек акымды алып кетишим керек. Дагы бир нерсе болуп кетип акчадан куру калбайын. Ал күнү түнкү саат он экиге чейин иштедим, Ваня байке эки жолу келип эмнеге минтип түнгө чейин иштеп жатканымы сурап кетти.

– Эртерээк бүтүп, Кыргызстанга кетем, – деп койдум.

Эртеси чарчагангабы, катуу уктапмын, Ваня байке ойготту:

– Асел чалды, экөөбүз бүгүн базарга барып цемент капташып коёт экенбиз, балдар жетишпей жатыптыр.

– Барабыз да эми шеф айткандан кийин.

Ваня байкенин Аудиси менен базарга бардык, Кайрат өзү жалгыз иштеп жатыптыр. Мен ага жардамдашып калдым, Ваня байке шаардагы башка базарда иштеген балдарга жардамдашканы кетти. Кайрат адатынча тиги кобраны жамандай баштады. Касыке биринчи аялы менен ажырашып, Аселге үйлөнгөндөн кийин жарым жыл өтпөй ооруп калыптыр. Аселге Бишкектен эки батир, Бишкектин четиндеги жаңы конуштардан килейген “особняк”, Орусиянын өзүндөгү “элитный” райондон беш бөлмөлүү батир алып бериптир. Минтип базардагы соода түйүндөрүн да бүт Асел башкарып калыптыр.

– Касыкенин улуу баласы да иштечү биз менен, аны да ушул кобра атасы менен уруштуруп, кууп жиберди. Эми балдары деле жетиштүү турмушта жашашат дечи, бирок Касыке карыганда минтип бала-чакасынан айрылганы жаман эле да. Эртең Касыке төшөккө жатып калса карабайт, кетип калат бүт байлыгын алып. Бир жолу ушул кобранын айынан түнкү клубда мушташ чыгып, Касыке бычактан жаракат алып араң айыккан. Элестет, кийин бизде иштеген бир бала ошол Касыкеге бычак сайган жигитти Асел менен мейманканадан чыгып келаткан жеринен көрүптүр, Касыкеге кантип айтмак эле? Мага баарын айтып берген. Кээде ушул кобра Касыкени өлтүрөйүн деп атайын мушташ чыгартты бекен деп да ойлоп кетем, – деп сөгүнүп алды Кайрат...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан