Кубат Табылдыев, археолог: “ҮРКҮНДӨ ЧОҢ АТАБЫЗ АЛТЫН КАТЫПТЫР, ОШОНУ ТААП БЕРГИЛЕ ДЕГЕНДЕР БОЛОТ”

Азыркы доордун гаджеттер менен жеңилдетилген жашоосун байыркы доордун адамдары көрсө, балким, ич күйдүлүк кылса керек эле. Бирок биз алар жөнүндө жетиштүү маалымат билебизби? Бул жаатта бизге археологдор жардамдашып жүрүшөт. Мистикалык жана табышмактуу жагдайларга толо кесип... Анын күңгөй-тескейи тууралуу 43 жылдан бери археология менен алектенип келе жаткан Кубат Табылдыев айтып берсин.

“АРХЕОЛОГ АЛТЫН ТАБЫШ ҮЧҮН ЖЕР КАЗБАЙТ”

- Археология - байыркы адамдардын маданиятын зат, буюмдары аркылуу тааныткан илим. Азыркы учурда археологдорду айрымдар алтын казуучу адис катары кабыл алышат, ошолордун аң-сезимин агартыш керек. Ысык-Көл, Нарын аймактарында казуу иштерин жүргүзүп жатканда айрымдар келип Үркүн окуясында чоң аталарыбыз ушул жактарга алтын бекитип кетишкен экен, көзү өтөрдө айтышыптыр. Бирок издеп таба албай койдук, силер казып таап бербейсиңерби” дешти. Археолог алтын табыш үчүн жер казмак беле. Байыркы адамдардын турак-жайы, эмгек куралдары, тиричилик шаймандары, ат жабдыктары, металлургиясы, карапачылыгы, зергерчилиги, сүрөт өнөрү, маркумду көмүү салты, айтор бардык руханий жана материалдык байлыкка тиешелүү жагдайларды изилдеп келебиз. Археологияда керек болсо алтынга тете укмуш табылгалар болот.

“АРХЕОЛОГИЯГА КЫЗЫККАНДАР АЗ”

- Археологдун жумушу - жылда 1-2 ай экспедицияга чыгып казуу иштерин жүргүзүү. Биз буга чейин сырттан келген каражаттардын жардамы менен изилдөө жүргүзүп келгенбиз. Быйылкы жылдан тарта мамлекет археологиялык изилдөөлөр үчүн атайын каражат бөлүп жатат. Мен иштеген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых факультетинде жылына 15-20 студент окууну бүтөт, алардын ичинен археологияга кызыккандары өтө сейрек болот. Союз тараганда археологдордун баары кетип калышты, ошол муундан жалгыз мен калдым. 1980-жылдан бери археология тармагында жүрөм. Археологиялык казуулардын көбүн Нарын облусунда жасадым, дагы деле казып жатабыз. Талаада иштеп байыркы буюмдарды табуу - иштин 10 эле пайызы. Табылганы сүрөттөп жазуу, талдоо жүргүзүү чоң эмгекти талап кылат. Бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм.

“КЫРГЫЗДАР КӨЧМӨН БОЛГОН ДЕГЕНДИ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ТАБЫЛГАЛАР ЧЕТКЕ КАГАТ”

- Тарых бизге “көчмөндөрдүн урпактарыбыз, көчүп-конуп боз үйдө жашаганбыз” деген түшүнүктү сиңирип койгон. Бирок муну археологиялык табылгалар четке кагып келет. Эч кандай 100 пайыз классикалык көчмөнчүлүк болбойт. Байыркы кыргыздардын бир бөлүгү отурукташып эле жашаган, мал жайып жаздоо, жайлоо, кыштоо, күздөөгө чыгышкан. Биздин ландшафт ушуга ыңгайлуу болгон, муну көчмөндүк деп атоого болбойт. Биз азыр грек-рим архитектурасын көрүп суктанып, өзүбүздүкүн өнүкпөй артта калган сыяктуу карап жатпайбызбы. Жок, биздин бабалар 4500 жыл мурун дыйканчылык кылганын изилдеп чыктык. Чет өлкөлүк археологдор менен Нарындын Кара-Суу айылында казуу иштерин жүргүзүп, мындан 1000, 2000, 2500 жыл мурунку арпанын, буудайдын калдыктарын таптык. Ал калдыктар ошол мезгилде Чыгыш өлкөлөрүндө өстүрүлгөн арпаларга окшош болгон. Мындан улам биздин бабалар 4500 жыл мурун эле дыйканчылык менен алектенип, коңшу өлкөлөр менен алака кылып турган деген жыйынтык чыгардык. Дагы бир сенсациялык табылга, биздин археологдор АКШ, Европа, орусиялык археологдор менен бирге Кадамжайдын Эшме айылында мындан 8000 жыл мурун жашаган адамдарга таандык үңкүрдү казышты. Ошол үңкүрдөгү кой-эчкинин сөөктөрүн генетикалык анализден өткөргөндө Чыгыштагы кой-эчкилердин генетикасы менен бир болуп чыкты. Буга чейин тарых кыргыздар кой-эчкини колго үйрөтүүнү биздин заманга чейин 3000 жылдыкта баштаган десе, биздин табылга мындан 8000 жыл мурун баштаган деген жаңы пикир жаратты. Бул табылгалар байыркы кыргыздар цивилизациядан артта калган, мал багуу маданиятын өздөштүргөн эмес деген түшүнүктү толугу менен жокко чыгарат.

“КЫРГЫЗДАР ИЛГЕРИ ЭЛЕ ТОПУРАКТАН ҮЙ САЛЫШКАН”

- Кыргыздар боз үйдө көчүп-конуп жашай берген деген бул - тар түшүнүк. Бизде таш архитектурасы гана эмес, топурак архитектурасы да болгон. Илгерки бабалар ылайдан, топурактан туруктуу жашаганга үй салышкан. Буга археологиялык изилдөөлөр далил. Тарыхчылар кыргыздын тарыхын өмүр бою эле жоокерчилик заманда жашагандай көрсөтүшөт, Чыңгыз хан басып кирген, андан кийин кара кытайлар, кийин арабдар айтор тарыхты окусаң бизде бейпил турмуш болбогондой элес калтырат. Жок, археологиялык табылгаларда тескерисинче, сөөккө тартылган, аска-зоого тартылган не бир укмуш кооз сүрөттөр бар, 6-кылымдан баштап жазуу эстеликтерин табууга болот. Көркөм чыгармачылыгы, кол өнөрчүлүгү, карапачылыгы болгону далилденип жатпайбы. Жакында кесиптештер 2000 жыл мурунку кыл кыякты табышты, аталган аспаптын тарыхы дагы тереңдеп жатат. Биздин деле тарыхыбыз бай, суктана турган толтура археологиялык табылгалар бар, ошону сактоого азыр мамлекет көңүл бура элек.

“МАРКУМДУН ЖАНЫНА УСТУКАНЫН КОШО КӨМҮШКӨН”

- Экспедицияда 2000-2500 жыл мурунку көрүстөндөрдү казганыбызда аялдардын мүрзөсүнөн койдун куймулчагы чыккан. Ал эми аттуу-баштуу, мансаптуу кишилердин көрүстөнүнөн жылкынын учасы табылган. Маркумду ушундай сыйлуу устуканы менен кошо көмүү салтын илгери сак уурусу колдонгон. Устукан тартуу каадасы кыргызда азыркыга чейин сакталып келе жатат. Мисалы, кыргыз менен казактын 1000 жылдан мурунку тарыхы бир эле болгон. Болгону “мен” деген эгоисттик сезимден жогору көтөрүлүп карасак, маркумду көмүү, эскерүү маданияты, салты, айтор көп нерселер окшош. Биздин Теңир-Тоо (Тянь-Шань) Жети-Суу, Алайдын жана Алтайдын тарыхы эч качан бири-биринен ажыраган эмес, бир бүтүн. Ортодо ары-бери аралашып жүргөн калктын урпактарыбыз.

“КЫЗЫЛ-АСКЕРДИН АСТЫНДА ЭСКИ ШААРДЫН КАЛДЫКТАРЫ ЖАТАТ”

- Чүй облусу археологиялык эстеликтерге бай, 100дөн ашык шаардын калдыктары жатат. Бишкектин тегерегинде эле 14 шаардын калдыгы бар. Мамлекет аларды сактап калууга көңүл бурбагандыктан азыр баары шаардын түбүндө жатат. Кызыл-Аскер районунун, Кудайберген базарынын, Төкөлдөштүн (Чыгыш-5), Кузнечный крепосттун алдында (эски автовокзал менен Ж.Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосу) не бир укмуш археологиялык эстеликтер жатат. Аларды өз учурунда сактап калганда азыр ачык асман алдынадагы керемет музей болмок.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан