КЫЗДАР, КӨЗ КЫРЫН ТАШТАЙБЫЗ...

Маданият тармагында эмгектенип, эл кызматында жүргөн бойдок мырзаларды тааныштырабыз. Аларга кандай кыздар жагат? Өздөрү кандай түгөй болуп бере алат? Ушул сыяктуу суроолор кызыгуу жаратса, анда макала сиз үчүн.

Калыс Айтбаев үчүн кийимди жакшы үтүктөгөнүңүз маанилүү

Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району

Туулган жылы, күнү:

2000-жыл, 20-апрель

Үй-бүлөдө: 4 бир туугандын кичүүсү

Бою: 174 сантиметр

Салмагы: 60 килограмм.

Материалдык байлыгы: Mercedes Benz үлгүсүндөгү автоунаасы бар. Музыкалык студия ачуу алдында турат.

Бул мырза аккордеонун колго алып сизге арнап бир шиңгил таштап берсе эле жактырып калышыңыз мүмкүн. Жан дүйнөсү назик, кыялкеч мырзанын кыялындагы кыздын образы кандай экенин билгиңиз келсе, көз чаптырыңыз. Ырчы жигит “мага түгөй болчу айымдын мени менен бир толкунда акканы жакшы. Мен сыйлаган адамдарды менден кем эмес сыйлашы керек” дейт. Калыс мырза үйдүн кичүүсү болгондуктан үйлөнгөндөн кийин ата-энеси менен чогуу жашайт. “Бир туугандарым абдан боорукер, ата-энемди менден талашып карачулар да бар. Аны убакыт көрсөтөт” дейт Калыс мырза. Баса, ата-энесин ал элестеткендей сыйлай албасаңыз, канчалык сүйүп турса дагы сизден баш тартышы мүмкүн. Андыктан, ырчынын жүрөгүнө жол ата-энесин сыйлоо аркылуу өтөрү түшүнүктүү болду окшойт. “А өзүчү, менин туугандарымды канчалык сыйлай алар экен?” деген суроо жаралды окшойт сизде. Андан кам санабаңыз, туугандарыңызды сыйлап, абдан жакшы мамиле жасаарына ишене бериңиз. Турмуш-тиричилик деп жүрүп романтиканы унутуп калбайбызбы деп чочулашыңыз да мүмкүн. Андай болбойт дейт. Анткени Калыс мырза сюрприз жасоо, романтикалык кечтерди уюштуруу аял киши үчүн эле эмес, мырзалар үчүн да маанилүү деп эсептейт.

Үй жумуштарына келсек, үйдөгү иштер сиз үчүн маанилүү болушу зарыл экен. Ырчы мырза үчүн маанилүүсү - кийимди жакшы үтүктөгөнүңүз. Бул мырзаны кайдан тапсам болот десеңиз, албетте, той-топурлардан. Социалдык тармактарда да активдүү, жазсаңыз болот.

Шамилбек Бекбосун уулунун сүйүктүүсү мал сойгонду билиши керек

Туулган жери: Бишкек шаары

Туулган жылы, күнү: 1991-жыл, 4-декабрь

Үй-бүлөдө: төрт бир туугандын улуусу

Бою: 172 сантиметр

Салмагы: 73 килограмм

Материалдык байлыгы: “Лексус 570, Киа К7, Тесла жана Шевроле Камаро деген унаалардын бамперлери бар, бирок алдынкы гана бамперлери калды. Нигерияда контейнерим бар. Жумгалдын Лама деген айылында барбершоп ачкам”.

Шайыр, ачык-айрым, анын үстүнө Кыргызстанда гана эмес, Нигерияда дагы байлыгы бар (тамаша, албетте) жигитке турмушка чыккыңыз келсе, алдыңыздарда сүрөтчү-коючу, актёр Шамилбек Бекбосун уулу. Шамил мырза акылдуу, дүйнө таанымы кенен, шайыр, үй-бүлөнү биринчи орунга койгон, өзүн-өзү камсыз кылып калган, олуттуу кадамдарга коркпой кадам таштай алган жылдыздуу кызды издеп жүрөт. Жактырбаганы - адамдын өзүн башкалардан бийик сезгени. Андай адамдардан дароо мамилесин үзүп коёт. Шамилдин кыялы -түгөйүнүн түрлөп, даамдуу тамактарды жасай алуусу. Мындан тышкары, “түгөйүм мал сойгонду билиши керек” дейт. Анткени өзү соё албайт. Шамил мырза жароокер, камкор, туруктуу, дайым колдоо көрсөтүп турган, эркелетип, боору эзилгиче күлдүргөн түгөй боло алат. Анан да романтик. Шамил мырзаны жактырсаңыз, шаар кыдырып тинтүүнүн кажети жок. Инстаграмдан эле таба аласыз.

Улук Чыналиев такыр боёнбогон кызды тандайт

Туулган жери: Бишкек шаары

Туулган жылы, күнү:

1993-жыл, 28-май

Үй-бүлөдө: алты бир туугандын бешинчиси

Бою: 185 сантиметр

Салмагы: 90-95 килограмм

Материалдык байлыгы: Сыр тутат

Мүнөзү оор болгону менен жөнөкөй, кичи пейил, элпек, актёрдук чеберчилиги суктандырган Улук Чыналиевди да сырттан көрүп тымызын жактырып жүргөндөр болсо, анда макалага сөзсүз үңүлүңүз. Улук мырзанын жүрөгүн жөнөкөй, боёнбогон, чынчыл, тамашакөй, сүйкүмдүү, адамдар менен тез тил табышып кете алган кыз багындыра алат. “Болочокто балдарга туура тарбия бере ала турган жубайым болсо” деп кыялданат ал. Анан, албетте, тамак жасаганды билишиңиз керек. Иштеп, акча табууңуз маанилүү эмес. Улук мырзанын түгөйү болууну кааласаңыз, кайнене-кайната менен чогуу жашоого даяр болушуңуз шарт. Чыгармачылыктан алыс кыздарда мүмкүнчүлүк көбүрөөк экенин да айта кетели. Актёр мырза мыкты жолдош болом деп ишенимдүү айтууда. Романтикадан куру калтырбайт, күтүүсүз кечелерди уюштуруп, сюрприз жасап көңүлүңүздү алып турат. Улук мырзаны үйүнөн же тасма тартуучу аянтчалардан табасыз.

Канат Мадымаев жубайы катары ачык-айрым, ийкемдүү кыздарды элестетет

Туулган жери: Ош облусу, Алай району

Туулган жылы, күнү: 1994-жыл, 16-июль

Үй-бүлөдө: Төрт бир туугандын кичүүсү

Бою: 167 сантиметр

Салмагы: 62 килограмм

Материалдык байлыгы:

"Бир жүрөгүм, 2 костюм-шымым, 2 туфлим бар"

Ата жолун уланткан куудул Канат Мадымаев оор басырыктуу, жүрөгү таза, ыйманы бекем, ачык-айрым, ийкемдүү жана чыгармачылыкты туура түшүнгөн түйгөйлүү болууну тиленет. Өткөндү эстеп кейий бергендерден эмес, келечек менен “сүйлөшкөндү” сүйөт. Жан биргеси тамакты, нанды даамдуу жасап, үйдү таза, тыкан кармашы керектигин айтат. Сылык, кичи пейил, жылдыздуу кыздар Канат мырзанын жүрөгүнөн орун таба аласыздар. Куудул апасы менен чогуу турат, үйлөнгөндөн кийин да чогуу калат. “Менин жубайым үчүн негизги иш - апамды карап, чайын берип, батасын алып туруу” дейт ал. Өзү татыктуу, мыкты жолдош болууга даяр. Романтик, сүрөтчүлүк шыгы да бар. Сиздин сүрөтүңүздү өз колу менен тартып кубанта алат. Канат мырзаны кайдан кезиктирүүгө болот деп турсаңыз, апасынын жанынан же сахна, той-кечелерден таба аласыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан