ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 24-июлдан 30-июлга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Апта карым-катнаштарды жаңыртып, байланыш түзүүгө ыңгайлуу. Маанилүү чакыруу түшсө баш тартпаңыз же тескерисинче, көңүлүңүзгө жаккан адамды кезигүүгө чакырып таанышсаңыз болот. Үй-бүлөлүүлөр бир аз чыгымга учурашат, бирок тарткан чыгымдар кийинчерээк киреше катары эки эсе көбөйүп кайтып келерине ишене беришсе болот. Анткени ал чечим көп жылдык жашоо турмушка таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Акырындык менен элдин ишенимине кирүүгө бет алыңыз. Аптадагы сиздин күчтүү сапатыңыз – бул алтынчы туюмуңуз. Ички туюмуңузду көбүрөөк тыңдасаңыз жеңиш сиздики болот. Сүйүүдө жакын адамыңыздан кол үзүп калгыңыз келбесе, жолугушууларды азайтып бири-бириңиздерден убактылуу оолактоого убакыт бериңиз. Балдарга көбүрөөк көңүл буруу керек, эгер алар көңүл буруусуз калышса, сиздин тарбиялоо аракетиңизге доо кетет.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Аптаны ден соолугуңузга кам көрүү менен өткөрүңүз. Айрыкча өпкө, кан тамыр ооруларынан жабыркаган эгиздер сак болуусу керек. Жакшы уктап, туура тамактануу жыргалчылыгыңызды жакшыртууга жардам берет. Карыздар адамдар менен пикир келишпестик жаралат, маселени чечүүдө туңгуюкка кептелгендей сезим болот. Бирок кам санабаңыз, маселе сиздин пайдаңызга чечилет. Жалгыз бой эгиздер көпчүлүк убактысын илим-билимин тереңдетүүгө жумшашканы туура.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Шашылыш жана пландаштырылбаган ири сатып алууларды жасабай туруңуз. Акча пайдасыз жакка агылып кетпеши үчүн атайын каржылык план түзүп биринчи кезекте маанилүү жана олуттуу чыгымдарга каражат бөлүңүз. Жумушта кесиптештер арасынан жакын досторду табасыз, ал достук мамиле түбөлүккө уланат. Карызга акча берүү сунушталбайт. Документ иштерине байланышкан маселеңизди эртерээк бүтүрүңүз, болбосо кийин көп убакыт коротуп каласыз.


АРСТАН (23.07–23.08)

Майда-чүйдө көйгөйлөр менен баш оорутпаңыз, болбосо ашыкча оору арттырасыз. Эмоцияңызды сынаган окуяларга тушугасыз, өзүңүздү кармаңыз. Кесип тандоо алдында турган абитуриенттерге чөйрөсү таасир этип, бирөөлөр сунуштаган кесипти тандап кетиши мүмкүн. Бирок бул чоң ката болуп калат, кесипти адам өзү тандап, мындан 10-20 жылдан кийин кандай кесиптерге суроо-талап күч болорун анализдеши керек.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Буга чейин жалкоолук кылып таштап койгон адаттарыңызды калыпка келтириңиз. Мисалы, туура тамактануу, бассейнге жазылуу, спорт залга баруу, тил үйрөнүү, гардеробду жаңыртуу сыяктуу нерселер өсүп-өнүгүүңүзгө жардам берет. Сизди токтотуп же кармап турган жагдайлар эмнелер, талдоо жүргүзүп олуттуу чечим кабыл алууга убакыт келди. Жаңы адамдар менен баарлашуу, пикир алмашуу сизге ырахат тартуулайт.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Сиздин күзгүңүзгө айланган жакын досторуңуздан арылууга аракет кыласыз. Алардын кайсы бир жийиркеничтүү аракеттери көңүлүңүздү калтырат. Сүйүүдө кандай азгырыктар болбосун сезимдериңизге бекем болуңуз, ката кетирсеңиз сүйүктүүңүз кечирбейт. Ата-энеңиз менен мамилеңизди чыңдаңыз, каржылык колдоо көрсөтсөңүз болот. Айрым жакындарыңыздын талашып-тартышуусун жөнгө салган мыкты арачы болосуз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Майда кыйынчылыктарга, ыңгайсыздыктарга капа болушуңуз мүмкүн, бирок баары убактылуу. Балаңызды көзөмөлгө алып, телефонду ашыкча колдонуусуна бөгөт коюшуңуз керек. Болбосо бул адат анын ден соолугуна зыянын тийгизет. Демилгени колго алып, достордун башын бириктирип чакан компанияда баарлашып отурсаңыз, бул сизге энергия тартуулайт. Стрессти жеңилдетүү үчүн витаминдерди ичиңиз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Жаачыларга жылдыздар жемиштүү аптаны убада кылышат. Буга чейин сизге тынчтык бербеген тапшырмаларды аткаруу, иштин жүрүшүн тездетүү аракетиңиз оңунан чыгат. Интернет жана социалдык тармактардан бир аз эс алып мээ сергиткенди унутпаңыз. Романтиканы сүйгөндөр аны бирөөдөн күтпөй, романтикалык абалды өзү жаратса болот. Мисалы, гүл саткан дүкөндөн буюртма кылып гүл алдырыңыз да вазага салып коюңуз, бул сиздин маанайыңызды көтөрөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Сүйүктүүңүздү күтүүсүз сюрприз жасап кубантыңыз, киного же ресторанга чакырыңыз. Тагдырыңызда бурулуш жасаган кубанычтуу окуялардан улам көзүңүзгө жаш аласыз. Жумушта берилген тапшырманы туура эмес аткарып жетекчилигиңизден сын угасыз. Бирок ал сындан чөкпөй, тескерисинче, профессионалдык жактан өсүшүңүз керек. Майда, ушак сөздөрдүн курмандыгы болбоюн десеңиз сырыңызды ичиңизге катыңыз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Өз көйгөйүңүз менен өзүңүз каласыз, досторуңуз, жакындарыңыздын убактысы же шарты болбойт. Ага карабай бирөөнүн колдоосу жок деле өз алдынча маселе чече аларыңызды далилдеңиз. Үй чарбасында жардамчысы жок көп иш бүтүрө албай кыйналасыз, андыктан акы төлөп болсо да жалданма жумушчу алышыңыз керек. Бийиктен секирүү же терең сууда сүзүүдөн корксоңуз фобияңыздан арылууга убакыт келди.


БАЛЫК (20.02–20.03

Келечектин пайдубалын түптөө үчүн ыңгайлуу учур. Алдыда мүмкүнчүлүктөр ачылып, жаңы кесип өздөштүрүп же ишкердикти баштайсыз. Мыкты, чынчыл адамдардан түзүлгөн команда чогултуңуз. Үй-бүлөлүүлөр түгөйүнөн көп сындарды угушат, мисалы, кийинүү стили, чач жасалгасы, тырмагынын түсүн жактырбай кемчилик табышы мүмкүн. Сиз да анын кемчиликтерин чукуп урушту ырбатпай, бул жолу сабырдуулук кылып коюңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан