АТА БАЛАСЫНА ЧЕТ ӨЛКӨДӨН АКЧА ЖӨНӨТӨ АЛАТ, БИРОК МЭЭРИМ ЭМЕС...

Адатта, кыргыз үй-бүлөсүндө ата сырт адам. Анын негизги милдети – акча табуу, үй-бүлөсүн коргоо, каржылык жактан камсыздоо катары сыпатталат. Деген менен бала үчүн атанын орду, таасири башка. Учурда миграция агымы күчтүү коомдо атасын 1-2 жылда же андан да көп убакытта бир көрүп чоңоюп жаткан балдар аз эмес. Ата чет өлкөдөн акча жөнөткөнү менен мээрим жөнөтө албайт. Макаланы ушул темага арнайлы дедик. Үй-бүлөдө ата тарбиясынын орду, ата мээримине тойбой өскөн балдардын инсан катары калыптанышы, өксүгү...

Изилдөөлөр эмне дейт?

Улуу Британиядагы Жүрүм-турум жана эволюция борборунун окумуштуулары акыркы 50 жыл аралыгында 17 000 баланын жашоосуна байкоо жүргүзүп, анда ата тарбиясынын таасирин талдоого алышкан. Байкоо жүргүзүлгөн балдар бой жеткенде социалдык адаптациясын, ийгилигин, үй-бүлөсү бар–жоктугун, өздөрү кандай ата-эне болгондугун айтып беришкен. Сурамжылоолордун бирине 46 жаштагы 5 миңден ашык адам катышкан. Жыйынтыгы: аталары тарбия процессине активдүү катышкан үй-бүлөдөгү балдар, тарбия түйшүгү энесине жүктөлгөн же такыр атасыз өскөн балдарга караганда ийгиликтүү болушкан. Ушунда улам окумуштуулар ийгиликтүү болууда ата-эненин мээримин толук алуунун таасири чоң деген тыянакка келишкен.

Баланын инсандыгын калыптандырууда атанын ролу кандай?

Ата - баланын өнүгүүсүнүн бардык этаптарында маанилүү. Ата бала менен канчалык тыгыз баарлашса, анын эмоционалдык реакциясы ошончолук күчтүү болот, бул нерсе адамда абдан терең сүйүү сезимин ойготот. Балага эне сүйүү берсе, ата дүйнөгө жол ачат. Ата тартиптин, талаптардын образы катары бааланып балага ишеним, тирек, коргонуу сезимин берет. Атанын аткарчу функциясы эненикинен да эбегейсиз. Эркектик жүрүм-турумдун үлгүсү кандай болушу керектигин эркек бала атасынан үйрөнөт. Көпчүлүк атасыз өскөн балдар мындай үлгүнү билбегендиктен турмушта кыйналган учурлар кездешет. Бала атасынан аялына жана балдарына кам көрүү, үй иштерине жардам берүү, чыдамкайлык, стресске каршы туруу, коргоо жана сүйүү сыяктуу күчтүү инсандык сапаттарды үйрөнөт жана кабыл алат. Ата тарбиясынын жоктугу балдарды коркок кылат. Күчтүү таянычы, агрессивдүү адамдардан коргоочусу жок экенин сезген бала тайманбас, эрктүү боло албайт. Желкесине отургузуп алып тегеретип ойноткон, балык уулоого кошо ала барган, саякатка алып чыккан, өзүнүн жаштыгын айтып берген атасы болсо, бала өзүнө ишеними мыкты, тобокелге баруудан коркпогон адам болуп чоңоёт. Күнүмдүк баарлашуу процессинде гана ата балага эркектин дүйнөсүн көрсөтө алат.

Изилдөөлөргө таянсак, толук эмес үй-бүлөдө чоңойгон балдардын арасында нерв ооруларынан жабыркаган, эмоциясын башкара албаган, жашы бир топко барып калса да баладай ой жүгүрткөн адамдар көп кездешет. Ата аялы менен ажырашкан күндө да баласы менен байланышты үзбөшү зарыл, бала экөөнүн ага деген сүйүүсүн сезиши шарт. Эгерде ата уулу же кызы менен баарлашуудан баш тартса, анда чоң ата, таякелери, агалары менен катыштыруу кажет.

Света Шералиева, психолог: “Ата тарбиясы жетишсиз болгону үчүн эркектер майдаланып баратат”

– Психологияда атанын образы чоң ийгиликке жетүүгө, көп акча тапканга, коомдо өз ордун ээлегенге түрткү берет. Баланын ички баалуулугу, өзүн-өзү түшүнүп кабылдоосу ападан алынса, турмушта өзүн-өзү ишке ашыруу жөндөмүн, күчтүү инсандык потенциалды атадан алат. Бала дүйнөгө, чөйрөсүнө болгон мамилени атадан үйрөнөт. 3 жашка чыкканда ал өзүнүн кайсы жыныска таандык экенин түшүнүп баштайт. Ошол курактан тарта эркек балага атанын тарбиясы маанилүү. Балада “мен эркекмин, мен атама окшошмун” деген түшүнүк пайда болушу керек. Бала алгач энеси менен идентификация болот, анткени эне эмизет, карайт, багат. 3 жашка чыкканда энесинин идентификациясынан чыгып атасына байланышы керек. Көп учурда бала энесиникинен чыкпай калат. Биздин элде эненин ролу өтө бийик эмеспи. Бул нерсе жакшы, бирок кээде аша чаап кетебиз. Айрым мырзалар “жүз аял алсам да боло берет, бирок эне бирөө” деген түшүнүктө болушат, бул туура эмес. Психологияда бала ата-энеден эмоционалдык жактан бөлүнүп өз уясын куруп, ага жоопкерчилик алганды үйрөнүшү керек делет. Эркекпи же кызбы ата-энесинен эмоционалдык жактан бөлүнбөй калса 40-50 жашка чейин кичинекей баланын аң-сезиминде калып калышы мүмкүн. Жоопкерчилиги жок, өзү ата болсо деле балага тарбия бергенге ички ресурсу же түшүнүгү жетпей калат. Кыргызда ата көбүнчө сырттагы жумушта жүрүп, бала тарбиясына жакшы көңүл бурушпайт, тарбиялоо эненин иши дегендер көп. Бул жаңылыш пикир. Ошол үчүн да балдар энесине жакын болуп, эркекке таандык сапаттарды өзүнө сиңире албай майдаланып жатышат. Ал эми кыз өзүнө жолдош, өмүрлүк түгөй тандоодо атасы менен болгон мамилеге жараша тандайт. Атасынан мээрим, жылуу сөз укпаган кыздар жигит менен таанышса жылуу сөздөргө бат алданат, тез байланып, андан көз каранды болуп баш ийип калат. Жолдошунан атасын издей берет. Ошондуктан аталар кыздарын эркелетип, гүл берип, мактоо сөздөрүн айтып, мээримге бөлөп өстүрүшү керек.

Чолпон Сманова, психолог: “Ата өзүнүн ордун балага сездирип турушу керек”

– Кыргыздарда илгертен ата – аска-зоо деп айтылат. Анын карааны, кирип-чыгып үйдө жүргөнү эле чоң нерсе. Миграция агымы күч, көпчүлүк аталар чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Ошентсе деле ата кабарсыз кетпей, баланын жашоосунда бар экенин ага сездирип турушу зарыл. Энеси атасы тууралуу балага кандай образ түзөт, ушул да маанилүү. Мисалы, “сенин атаң күчтүү, камкор, табышкер, бизди багыш үчүн иштеп жүрөт” деп айтса, ушунун өзү туура тарбия. Бул баладагы жоопкерчиликти ойготуп, чоңойгондо атасындай үй-бүлөгө камкор болушу керектигин түшүнөт. Атасы чет өлкөдө иштеп кадимки көрүнүш, ал эми энеси балдарын таштап чет жерге кеткени туура эмес. Баары бир баланы тарбиялоо иши көбүнчө энеден көз каранды. Эне тарбиясын көрбөгөн бала көп нерседен аксайт.

Каныкей, ырчы: “Ата мээримине зар баланын жан дүйнөсү кыйналат”

– Ата-энем мен эс тарткан кезде ажырашып кетишти. Өткөөл куракта элем, башында өтө кыйын болгон. Ата мээримине зар балдар же кыздар жан дүйнөсү кыйналып, өксүктө чоңоюшат. Ушундан улам өзүнө ишенбестик жаралат. Бул сапат адамды артка тартат, иш баштоодо күмөнсүй беришет, айтор бычакка сап инсан болуу кыйындайт. Аял-күйөө ажырашса да балдарды көңүл буруусуз калтырбашы керек.

Арген Эсенбай уулу, тамада: “Ата мээримисиз өскөн адам, өз баласын ал мээримден өксүтпөйт”

– Ата-энем эрте эле ажырашып кетишкен. Карындаштарым менен ар кайсы жакта кагылып-согулуп чоңойдук. Баары жетиштүү болгону менен ата мээримине зар элек. Бирок бул мени сындырып, алсыз адам кылбай, тескерисинче, чыйралтты. Колдоочусу, таянычы жок бала эрте жетилет экен. Апам, карындаштарым үчүн эрте эле жоопкерчиликти алгам. Атасыз өсүп деле ийгиликке жеткендер толтура. Тескерисинче, ата мээримине тойбой өскөн бала кийин өзүнүн балдарын ошол мээримден өксүтпөйт деп ойлойм. Анткени ал атасыз бала кандай кыйынчылыктарды башынан кечирээрин билет, түшүнөт. Ар кимдин тагдыры ар башка деңизчи, бирок толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгондон артык бакыт болбосо керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан