Бекболот Акматалиев, Денисбек Амандык уулу, футзалчылар: “ФУТБОЛГО ӨТПӨЙБҮЗ, АНТКЕНИ ФУТЗАЛ КЫЗЫКТУУ”

Тажикстанда 23-июлда футзал боюнча Борбордук Азиянын чемпиондугу башталат. Анда Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан командалары күч сынашат. Даярдык кандай? Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрүн кепке тарттык.

Аты-жөнү – Бекболот Акматалиев

Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 13-ноябрь

Туулган жери – Баткен облусу, Лейлек району, Мурас айылы

Ойногон клубдары – “Лион”, “Эмгек”, “Алай”, EREM, “Волгарь” (Орусия) жана башка

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү

Аты-жөнү – Денисбек Амандык уулу

Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 12-сентябрь

Туулган жери – Талас шаары

Ойногон клубдары – “Алга 2”, “Намыс-Ынтымак”, “Жакшылык-Илбирс”, “Мурас”, “Стилекс”, “Рахмет” (Казакстан) жана башка

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү

– Салам, жигиттер! Алдыдагы турнирге даярдык кандай болуп жатат? Эмне өзгөчөлүктөр бар? Кепти ушундан баштайлы...

Бекболот: – Ассалам алейкум, буюрса, даярдык жакшы. Машыгуулар үзгүлтүккө учураган жок. Жакшы жыйынтык көрсөтүүгө колдон келишинче аракет кылабыз. Өзгөчөлүк деп командага жаштардын көп келгенин айтар элем. Оюнчулар жаш экендигине карабай машыктыруучулардын айтканын дароо илип кетип, машыгууларда ошону колдонуу аракетиндебиз.

Денисбек: – Машыгуулар өтө кызыктуу жана интенсивдүү болуп жатат. Машыгуу башталардын алдында жайкы лагерде болдук. Көп нерсени үйрөнүп, көп тажрыйба топтодук. Ушундай лагерлер көп уюштурулса бизге жакшы стимул бермек.

– Кездеше турган атаандаштарыңар боюнча айтып берсеңер...

Б.: – CAFA CUP’тагы атаандаштар тууралуу айта турган болсом, баарыбыз ар бир команда менен ойноп чыгабыз. Мисалы, Иран – дүйнөнүн мыктыларынын бири. Өзбекстан – бул Азиядагы эң күчтүү командалардын бири десек болот. Түркмөнстанга былтыр утулуп калганбыз, бул жолку беттеш бизге абдан маанилүү, бул принципиалдуу маселе. Сөзсүз утушубуз керек. Тажикстан деле начар команда эмес, Азия чемпиондугуна катышып жүрөт. Ооганстандын курамасы жаштар менен толукталды. Алар 2-3 жыл мурун 20 жашка чейинкилер арасындагы беттеште финалга жетип, финалда Ирандан утулуп калган.

– Негизи эле бул спортко кандай келип калгансыңар?

Б.: – Кичинемден футболго барып жүрчүмүн. Футзалга келгенимдин себеби – кичирээк кезде кыштын күнү сыртта футбол талаасында машыгуу өтүүгө шарт болбогондуктан, залда ойноп калганбыз. Ошондо абдан жагып калган. Бул жерде оюн өтө ыкчам жүрөт, абдан бат ойлонуш керек.

Д.: – Мен дагы кичинемден футболго катышчумун. Бизге жакын жерде футзал командасы машыкчу. Бир жолу бизде достук оюн болуп, ошол оюндан соң машыктыруучу бизди футзалга чакырган. Ошентип футзалга келип калгам.

– Өзүңөр тууралуу айтып берсеңер, үй-бүлө, туулган жер, кыялдар...

Б.: – Баткендин Лейлек районундагы Мурас айылында (мурунку аты Маргун) жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Атам футболду абдан жакшы көрөт, учурунда өзү шарт жогунан футбол ойнобой калгандыгына байланыштуу мени ойносун деп мага ар дайым шарт түзүп берип, колдон келишинче аракет кылды. Ата-энемдин колдоосунун артында ушул деңгээлге жеттим. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 2 кыз, 1 уулдун атасымын.

Д.: – Мен Таластын, Кара-Буура районундагы Бакыян айылында төрөлгөм. Эки бир туугандын кичүүсүмүн. Бишкекте өстүм. Спортко жакын болушума атамдын таасири чоң. Атам убагында мушкер болгон.

– Оюн талаасындагы позицияңар боюнча сүйлөшөлү, эмнеден улам ушул милдетти тандагансыңар?

Б.: – Мурун катардагы оюнчу болчумун. 2014-жылы ”Эмгек” командасында ойноп жүргөндө бир жолу дарбазачы табылбай калып, ордуна мени коюшкан. Ошондо машыктыруучубуз Руслан Гафуров ойногонумду жактырып ”сен дарбазачы болуп көрбөйсүңбү” деген. Мага да жагып калган. Балким, жакшы болуп кетер деп колдон келишинче аракет кылып, ошондон бери улантып келе жатам.

Д.: – Оюн талаасында чабуулчулук милдетти аткарам. Футзалда “столб” деп атап коюшат.

– Кыргызстандагы футзалдын деңгээлине кандай баа берет элеңер?

Д.: – Жакшы баа берем. Азыркы учурда, адашпасам, дүйнө жүзү боюнча 45-орунда турсак керек. Буюрса, баары алдыда, муну менен эле чектелбейбиз. Кийинчерээк дагы да алдыга жылабыз деген ойдобуз.

Б.: – Жаштар арасында деңгээл өсүп келе жатат. Өлкө чемпиондугунда дагы аракет бар. Бирок кайсы бир деңгээлге жетип эле токтоп калып жатабыз. Мунун бирден-бир себеби – командалардын туруксуздугу. Экинчиден, демөөрчүлөрдүн аздыгы.

– Командалардын туруксуздугу деп калдыңыз, негизи Өлкө чемпиондугунда канча команда болууда?

Б.: – Командалар аз. Түндүк-түштүк аймактары өз-өзүнчө ойнодук. Түндүк аймактан 8, түштүк жергебизден 6 команда ойноду. Түндүктөн 5, түштүктөн 3 команда экинчи этапка чыкты. Алардан 4 команда жарым финалда, экөөсү финалда ойноду. Бул өтө аз сан, башка мамлекеттердеги чемпиондуктарга салыштырмалуу деңгээл төмөн болуп калат.

– Сиздин оюңузча, футзалды өнүктүрүүгө кандай аракеттер көрүлүш керек?

Б.: – Акчаны канчалык көп сарптасаң, демөөрчүлөр көп болсо өнүгүү болот. Себеби акча канчалык көп болсо, спортко кызыгуу да күчөйт. Күчтүү машыктыруучулар келет дегендей. Ал машыктыруучулардан тажрыйба топтоп биз өсөбүз, бизди көрүп кийинки муун өсөт.

– Футзал эмнеси менен жагат? Футболго өткүлө десе өтөт белеңер?

Б.: – Футзал бүт нерсеси менен жагат. Бул жакта 5:0гө утулуп жатса деле акыркы мүнөттөрдө камбэк жасап кетүүгө мүмкүн. Өтө бат оюн, футзал мен үчүн өзгөчө спорт түрү. Былтыр чоң футболго бир команда чакырган. Футзалга караганда акчасы дагы көбүрөөк экен. Бирок азыр футзалдан эч жакка кете албайм.

Д.: – Футзал мага мунусу менен жагат-жакпайт дей албайм. Негизи кызыктуу оюн. Футболдон айырмаланып мында көбүрөөк гол кирет. Оюн өтө интенсивдүү жүрөт. Футболго өтпөйт болчумун.

– Улуттук курамда качантан бери оюн көрсөтүп келесиңер?

Б.: – 2014-жылы жаштарды чогултуп Индонезияга турнирге алып барып келген. Андан кийин курамга чакырылбай жүрдүм. Анан 2018-жылы декабрда улуттук курамга чакырылып, ошондон бери командада оюн көрсөтүп келем.

Д.:– Улуттук курамга 2019-жылы чакырылгам. Биринчи расмий оюн алдыдагы турнир болуп жатат. Буга чейин достук беттештерде ойногом.

– Алдыдагы оюндарда ийгилик каалайбыз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан