“ЖАЛГЫЗ КҮБӨ КАЧЫП КЕТИП, ИНИМДИ СОТТОП ЖИБЕРИШТИ”

“Ким биринчи арыз жазса, ким биринчи кыйкырса, ызы-чуу салса ошонуку туура болуп калган жагдайлар көп болууда. Органдар тарабынан укук бузуу, кылмыш иштери жакшы талданып, ага карата объективдүү баа берилсе адилеттүүлүк көзүн ачат эле” – дейт юрист Чыңгыз Иманбеков. Окурмандардан келген суроолорго Чыңгыз мырзадан жооп алып бердик.

– Иним мурун абакка отуруп чыккан. Үч ай мурун достору менен спирт ичимдигин ичип, ошо күнү бир адамдын өлүмүнө шектүү деп кармап кетишкен. Акырында баары аны күнөөлүү дешип, шаардык сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Күбө болгон досу чет өлкөгө качып кетиптир. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Жалгыз күбө ошол жаран эле.

Жылдыз, Ысык-Көл облусу

– Мындай өкүмгө даттаныш керек. Күбөнүн качып кеткенине байланыштуу өкүмдү жокко чыгарып ишти кайра кароого же өкүмдү такыр жокко чыгарып, жаңы өкүм кабыл алууга даттануу келтирилет. Соттун бул өкүмүн андан жогору турган сот гана жокко чыгарат. Бул жерде жалгыз гана күбө болгондуктан ал сөзсүз түрдө сотко катышып, суракка алынууга тийиш. Күбө болобу, шектүү болобу качып кетсе бизде Орусия менен кылмыш-жаза жана жарандык иштерде кызматташуу боюнча Минск жана башка келишимдер бар. Ошого байланыштуу эки тарап бири-бирине өтүнүч жөнөтүп, күбөнү алдырса болот. Экстрадиция кылып алдырууга же издөө салууга мүмкүн. Кыргызстанда чыккан соттун чечими Орусияда, Орусияныкы Кыргызстанда аткарылат.

“Иштеген акымды кантип өндүрүп алам?”

– Мен айылда көп жылдан бери куруучу болуп иштейм. Бир ай мурун таанышым үй куруп бер деп чакырган. Акысын келишип алып, 3 киши үйдү куруп бердик. Ишти бүткөндө “дубалды туура эмес куруп салдыңар” деп шылтоолоп макулдашылган акчанын 50 миң сомун бербей жатат. Кантип акымды толук ала алам?

Мурат, Токтогул району

– Мындай учурда акыны толук алуу үчүн сотко кайрылганда да аны далилдеп берүү кыйын болот. Анткени кагаз жүзүндө качан, канча сомго келишкени боюнча эч кандай далил жок. Ошондуктан мындай жагымсыз кесепеттин алдын алып, жумуштун башында эле эки тарап кагаз жүзүндө келишим түзүп, шарттарын көргөзүп, мөөнөтүн, баасын белгилеп алышы керек. Жумуш бүткөн соң ошол кагазда жазылгандар боюнча эсептешүү жүрөт. Ошондо акчаны бербей койгон күндө да колуңузда сотко кайрылуу үчүн ишенимдүү далил болот. Бул ыкманы карызга акча алуу-берүүдө да колдонуу учурдун талабы.

“Эс алуу үчүн жайлоого отургузбай коюшту”

– Биз жайлоого эс алганы бир күнгө барган элек. Ал жерге боз үйлөр тигилип калыптыр. Бизди ал жердин кожоюну отургузбай, айтыша кеттик. Андан ошол жерге ээлик кылууга уруксат берген документин көрсөтүшүн талап кылганбыз. Бирок бизди беттен алып, акыры отургузбай койду. Анан “мени коркутту” деп милицияга арыз жазыптыр, кечирим сурашыбызды талап кылууда. Уруксат кагазын сураганыбыз үчүн күнөөлүү болуп калдыкпы? Уруксат кагазын көрсөтүшү керек беле?

Насипа, Ат-Башы району

– Негизи жайыт же эс алуучу жайлар айыл өкмөтүнө, жайыт комитетине тиешелүү болот. Аны ижарага алып иштетишкендер бар. Алар кадыр-баркына шек келтирилсе гана сотко кайрылып укугун коргоп берүүнү талап кылышы мүмкүн. Бирок милицияга арызданып кечирим суратууга эч кандай укугу жок.

“Сот берген мөөнөт бүттү, шектүүнүн үстүнөн кайра арыз жазабызбы?”

- Жер сатып алууда 2020-жылы алдамчылыкка кабылып, дээрлик 1 миллион сомго күйгөнбүз. Былтыр соттошуп, кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алган. Ал эми сот биздин акчаны төлөп берүү үчүн ага 6 ай убакыт берген. Сот аткаруучулар анын мүлкүн иликтеп чыкса шектүү өзүнө эч нерсе каттатпаптыр. Берилген убакыт бүттү, эми эмне кылышты билбей жатабыз. Кайрадан сотко арыз жазсак аны камайбы? Камаган күндө деле акчабызды кантип төлөтө алабыз?

Акылбек, Бишкек шаары

– Сот алдамчылыкка шектелип кармалган адамга акчаны өз ыктыяры менен төлөп берүү үчүн 6 айлык убакыт бериптир. Ал убакта эч нерсе берилбесе, эми мажбурлап төлөтүү жолуна өтүшөт. Сот аткаруучулар соттун чечимин кантип аткаруу керек деген маселе боюнча сотко кайрылышат. Эч нерсеси жок болсо өлкөдөн чыгууга тыюу салынат, паспорт берилбейт. Эмнеге төлөбөй жатканы иликтенет. Эгер кара ниеттик менен бербей жүрсө жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Андайда соттун чечим чыгарарда “карыз акчам өндүрүлүп берилсин” деген доо арыз келтирип коюу кажет. Ошондо ал абакка отуруп чыккандан кийин төлөп берүүгө милдеттендирилет.

“Үй кичүүсүнө калмак деп талашууда”

– Атам да, апам да каза болуп калган. Айылда жашаган үйүбүз чоң атамдын наамында калыптыр, ал кишинин да көзү өтүп кеткен. Мен үйдүн жалгыз уулу элем, үйлөнүп, ошол үйдө жашап жатсак атамдын иниси келип үйдү талашып жатат. Үй чоң атамдын балдарынын эң кичүүсүнө калышы керек экен айтымында. Биз ал үйдө 23 жылдан бери жашайбыз. Ал агам да биз менен чогуу жашачу, 7-8 жылдан бери шаарда иштеп жүргөн. Үйүбүздү алдырып жибербейбизби?

Каниет, Талас облусу

– Эң туура жолу - өз ара сүйлөшүп чечишип алуу. Мыйзам боюнча мүлктүн ээси аны бирөөгө мурастап калтырып кетпесе, ал мүлк ээсинин эң жакын адамына тийиштүү болот. 23 жылдан бери төлөп жүргөн коммуналдык төлөмдөрдүн дүмүрчөктөрүн чогултуп көрсөтүп, сотко “менчик укугун аныктап бергиле” деп кайрыласыз. Атаңыздын инисине мураска өтпөйт, болгону мүлктү ага да бөлүп берүү чечимин чыгырышы мүмкүн.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан