Каарманыбыз модель, блогер, Казакстандагы “Бир бололу” долбооруна катышкан Эдил Айдарканов. Маекте Эдил мырзанын жеке жашоосу тууралуу сүйлөштүк. Тагыраагы, Бота деп таанылган блогер кыз менен мамилеси тууралуу айтып берди.
АЙТА КЕТСЕК...
Туулган жери: Бишкек шаары
Туулган жылы: сыр тутат
Үй-бүлөдө: 4 бир туугандын экинчиси
Билими: Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академиясын аяктаган
Бою: 189 сантиметр
Салмагы: 89 килограмм
– Эдил, кош келипсиз! Алгач жакындан таанышалы, Эдил Айдарканов ким?
– Бар болгула. Эдил Айдарканов модель, блогер, бир нече клиптин каарманы. Бишкек шаарында төрөлгөм, түпкү жердигим Таластан болот. Атам, байкем спорт менен машыгат. Алардан үлгү алып, мен дагы кичинемден спортко жакын өстүм. Апам үй кожойкеси десем болот. Үй-бүлөлүк бизнестерибиз бар, ошону менен алектенебиз.
Мектепти аяктагандан кийин үйдөгүлөрдүн сунушу менен Юридикалык академияга тапшырдым. Биздин үйдө юрист кесибине ээ болгондор басымдуулук кылат. Азыр менин бул кесипте иштегим келбей калды. Анткени байкемдин жумушу кандай экенин көрүп жатам, ал күч түзүмдөрүндө иштейт. Жумушуна көп убакыт бөлөт, кайсы убак болбосун жумуштан чакырса кете берет. Жеке жашоо деген жок.
– Юрист болом деп жүрүп моделдикке кантип аралашып калдыңыз?
– Бала чагымда эл көзүндөгү адам болуу кыялым бар болчу. Спорт менен машыгып жүргөндө спорттон башка эч нерсени ойлончу эмесмин. Бир күнү жаракат алып калдым. Ошондо үйдө жатып калып жаман болдум, эмне кыларымды билбей калдым. Жанымда жүргөндөр, үйдөгүлөр “өзүңдү башка жактан сынап көрбөйсүңбү” деп кеңеш беришти. Алардын кеңеши боюнча моделдикке барып калдым. Бул тармакка модель, ырчы Аскар Думанаев досум чакырып калып, баары ошондон башталып кетти.– Маектен тышкары сүйлөшүп жатканда “тартынчаак бала болчумун” деп калдыңыз. Уялчаактыкты кантип жеңип жатасыз?
– Ооба, уялчаак бала болчумун. Анын айынан көп нерседен куру калып, өкүнгөн учурлар болгон. Мисалы, бир жолу өспүрүм куракта мектепте киного тартылууга кастинг өттү. Ошол кастингге барып, бирок уялганымдан ачыла албай, талантымды көрсөтө албай калгам. Негизи эле эл көзүндө болуу оор. Моделдикке келгенден кийин өзүмдүн үстүмдөн иштей баштадым. Көп адамдар менен аралашып, сүйлөшүүгө туура келди, бара-бара көнүп кеттим.
– Блогерлигиңиз да ошол учурда башталды окшойт?
– Ооба, модель болуп баштагандан кийин блогерликти чогуу алып кете аларымды түшүндүм. Социалдык барактарды иштетүү деле кыйын жумуш. Тынбай иштеш керек. Аз убакыт активдүү болбой калсаң эле артка кетесиң.
– Блогерликте жарнамадан айына канча табасыз? Эң көп тапканыңыз канча болду?
– Бардык жумушту жыйыштырып коюп, тынбай, колдон телефон түшүрбөй иштесең, айына 150-200 миң сомго чейин тапсам болот. Эң көп тапканым ушунча болду.
– Казакстанда “Бир бололу” долбооруна катыштыңыз. Көптөр “хайп үчүн барды” деп жатышат...
– Арген менен Аружандын тоюна Аргендин досу катары барып калдым. Арген досум болот. Бота менен ошол жактан жакындан тааныштык, негизи ага чейин экөөбүз тааныш болчубуз. Жазышып, дос катары байланышып жүргөнбүз. Бирок көрүшө элек болчубуз, ошол тойдо биринчи жолу көрүштүк. Ошондон тарта сүйлөшүп кеттик, экөөбүздө тең сезимдер пайда болду. Хайп деп жазгандар көп, бирок мен аталган долбоорго хайп үчүн барган эмесмин. Хайп жараткым келсе, бул жактан деле жаратмакмын. Блогер кыздар менен досмун, алар менен деле хайп жарата бермекмин. Бота экөөбүздүн ортобузда чынында сезимдер болду. Бирок азыр сүйлөшпөй калдык. Анткени биздин мамиленин келечегин көрө албадык, жашоого көз карашыбыз эки башка экен. Кеч боло электе токтотууну туура көрдүк. Урушуп-талашпай, жаман көрүшпөй эле отуруп сүйлөшүп, бир чечимге келдик. Ортобузда сый мамиле гана калды. Бул хайп эмес.
– Алдыда кайра табышып калышыңыздар мүмкүнбү?
– Убакыт көрсөтөт. Балким, табышабыз же табышпайбыз.
– Ата-энеңиз сиздердин кыз-жигит мамилеңиздерди кандай кабыл алышты эле?
– Ата-энем менин жашоомо кийлигишпейт. Эфирге барганымды көрүп кызыгып сурап башташты. Эч кандай каршы пикир айтышкан жок, туура эле кабыл алышты.
– Демек, ал кызга үйлөнүшүңүзгө каршы болушмак эмес экен да?
– Ата-энем аябай жакшы адамдар. “Муну алба, тигини ал” дешпейт, чектөө коюшпайт. “Өзүңдүн жашооң, өзүң танда. Келинибиз бизге ысык чайын берип турса болду” дешет.
– Жубайыңыз болчу кыз кандай сапаттарга ээ болушу керек?
– Ата-энесин сыйлаган, токтоо, оор басырыктуу, ачык кийинбеген кыз болушу керек. Ачык кийингендерди жактырбайм. Тамакты жакшы жасаганды билсе андан да сонун.
– Сиздин көңүлүңүздү буруу үчүн аракет кылган кыздар көппү?
– Көп эле. Социалдык тармактардан “таанышпайлыбы, жолукпайлыбы” деп жазгандар көп. Бир жолу кайда жүргөнүмдү айтып тарыхча чыгарсам, бир кыз ошол жакка келип алган. Мен үчүн күтүүсүз болду. Кыздардын мындай кадамдарга барганы бардык мырзаларга жакса керек. Бирок биринчи кадамды мырза жасаса жакшы го.
– Комментарийлерде сиздин келишимдүү экениңизди баса белгилеп жазгандар көп. Өзүңүздү келишимдүүмүн деп эсептейсизби?
– Ар бир адам өзүн келишимдүү, идеалдуу деп эсептейт го дейм. Ойлор материалдашат дешет го. Андыктан өзүң тууралуу жаман ойлобош керек.
– Келишимдүүлүктүн жардамы менен кайсы бир оор иштер жеңил бүткөн учур болобу?
– Болот экен. Азыр кебете, кийимге карап мамиле кылышат да.
– Канткен менен аталган долбоорго баргандан кийин популярдуулугуңуз мурдагыдан өстү...
– Мактанбай эле коёюн, ал долбоорго чейин эле Кыргызстанда мени көп адам таанычу. Моделдиктен көтөрүлгөм, клиптерге да тартылгам. Ооба, Казакстанга да таанылып калдым. Казакстандан көчөдөн көрүп калса, токтотуп сүрөткө түшкөндөр көп болду. Ал жакта эл көзүндөгү адамдарды жылдыз катары кабыл алып, баалашат экен. Кыргыздар “бул модель да, азамат” деп эле коюшат.
– Популярдуу болгондо достор көбөйдүбү?
– Бул жашоонун мыйзамы да. Андай учурлар болду. Дайынсыз болуп кеткен айрым тааныштар мен таанымал болгондон кийин пайда болушту. Жанымда жүрүп көрө албагандар да чыкты, бул нерсе байкалат.
Перизат Музуратбекова