Кыргызстан 6 айда 35 миң тоннадай сүт экспорттоду.
Президент Садыр Жапаров жаңы “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга кол койду.
17-июлда Баткен аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
Өлкөдө автоунааларынын алдынкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнүн баасын арзандатуу сунушталды.
Абылкасым Шерниязов Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды.
Парламент төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууганы Жыргалбек Шакиев Ленин районунун акими болуп дайындалды.
Социалдык фонд: Быйыл октябрда пенсиянын суммасын көтөрүү пландалууда.
Быйыл күзүндө мектеп директорлору менен ЖОЖ окутуучуларынын айлыгы көбөйтүлөт.
2023-жылдын 6 айында өлкөдө жол эрежесин бузган айдоочулардан 241 миллион сом айып пул өндүрүлгөнү айтылды.
Ысык-Көлдө 18-июль күнү сууга чөгүп бараткан жигитти милиция кызматкерлери куткарып калышты.
“Манас” аэропорту жарым жылда 2 миллион 500 миң жүргүнчүнү тейледи деп маалымдалды.
Мектеп окуучулары колдончу дептерлерди эми Кыргызстан өзү чыгара баштай турганы айтылды, буга чейин Орусия менен Өзбекстандан сатып алынчу.
Төө-Ашуу тоннели 26-июлга чейин убак-убагы менен жабылып турат, себеп – тоннелге асфальт төшөө иши.
Өлкөдө этникалык кыргыздарды ЖОЖдорго кабыл алуунун мөөнөтү 19-августка чейин узартылды.
Энергетика министрлиги энергетика тармагына 3 жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.