Камчыбек Ташиев: “ӨЛКӨБҮЗДӨ БИР ДАГЫ УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОП БОЛБОЙТ”

Кыргызстанда бир дагы уюшкан кылмыштуу топ, бандиттер, рэкеттер, бизнеске кол салуулар болбойт. Мындай пикирди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда министрлер кабинетинин 6 айлык ишинин жыйынтыгы талкууланган жыйында айтты.

- Уюшкан кылмыштуу топтор толук жоюлат. Менин бул сөзүм жөнөкөй жарандарга гана эмес, ошол уюшкан кылмыштуу топторго, бандиттерге да тиешелүү. Дагы бир жолу эскертем, президентибизди койгон негизги тапшырмасы: Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилери Кыргызстанда тынч жашай албайсыңарбы, өлкөдөн чыгып кеткиле. Эгер Кыргызстандан чыкпагандары болсо жазаланат, эркиндикде жүрбөйт. Муну мен жоопкерчиликтүү түрдө айта алам – деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев министрлердин Ысык-Көлдө эс алышына да тыюу салды.

- Министр болуп иштейм деп келдиңерби, иштегиле, эмгек өргүү деген болбойт бизде. Министрмин деп креслого отуруп алып, унаада ары-бери чапкылап, же Ысык-Көлгө барып, “эл эс алып жатат, мен да эс алам” дегенди токтотушубуз керек. Чолок шым кийип алып, Ысык-Көлдүн жээгинде күнгө кактанып жаткан бир дагы министрди көрбөйүн. Бул боюнча өзүм да катуу чара көрөм. Үйдөн эс алгыла – деди Ташиев.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан