- Кыргыз өзү өлгүдөй жалкоо элбиз. Мына, жаңы өкмөт үйүн куруп жатабыз. Ал жерде 500дөй кыргыз жигити иштеп жаткан. Күнүнө 8 сааттын ордуна 5 саат иштешет, ишемби, жекшемби жок, керек болсо дүйшөмбү күнү да келбей коюшат. 5 эле саат иштешет дегеним, 8 сааттын 1 саатын түшкү тамактанууга, 1 саатын телефон чукулаганга, дагы 1 саатын тамеки чеккенге коротушат. Чет элдиктер 1 күндө бүтүрө турган ишти биз 1 жумада да бүтүрө албай жатабыз. Айлабыз кетип, кечээ Дубайдан Бишкекке учуп келген 800дөй курулушчуну алып калдык. Сентябрга чейин курулушту бүтүрүүгө жардам берип, андан ары Асман шаарын салганы кеткиле дедик. Биздикилер жумуш жок дешет, бар жумушка келишпейт. Келсе да жумуш оор экен деп кетип калышат, оор болсо ишине жараша акы төлөнүп жатат да – деди президент Жапаров.
Бишкекте жаңы президенттик резиденцияны куруу иши 2022-жылы башталган. Жогоруда айтылгандай, сентябрда курулушу бүтүп, октябрда ал жерде 12 президент катышкан КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитин өткөрүү пландалууда.