Аталган министрликтин жетекчиси Каныбек Иманалиевдин билдиришинче, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин базасында инновация жана IT-медицина университети түзүлүп, аталган 5 кесип ушул жерден үйрөтүлө баштайт. Алар: климаттын өзгөрүшү, урбанистика, жасалма интеллект, логистика жана IT-медицина.
Министр башталгыч кесиптик билим берүү жаатында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай лицейлерин түзүү боюнча меморандумдарга кол коюлганын белгилейт. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинде Москва мамлекеттик университетинин Ломоносов атындагы борбору ачылганы, быйыл күзүндө Москва мамлекеттик университетинин филиалын Караколго ачуу боюнча келишимге кол коюлары айтылды.
Буга чейин Иманалиев 2023-2024-окуу жылына карата өлкөдө мектептик билим берүүнүн жаңы стандарты иштелип чыгарын билдирген эле. Кызматка дайындалып жатканда Кыргызстандын билим берүү системине окутуунун 2 ыкмасы киргизилерин айткан: Советтик жана британиялык ыкма. Аталган ыкмалар улуттук менталитетке айкалышып турушу керектигин белгилеген министр. Азыркы учурда бул боюнча атайын жумушчу топ иштеп жатканы маалымдалды.