Сүйүнбай Жанибеков, ырчы: “БАКЫРАЙЫНБЫ?” ДЕГЕН ЫРДЫ АВТОРУ МАГА БЕРБЕЙ ЖҮРДҮ”

Ырчылыкта аты жаңыдан таанылып келаткан ырчы Сүйүнбай Жанибеков менен тааныштырабыз. Ал ырчы Кенже Дүйшеева менен бирге “Кызганбагын” дуэтин, “Биздин турмуш”, “Сүйүү”, “Бакырайынбы?” деген ырларды аткарып жүрөт.

– Саламатсызбы? Сүйүнбай мырза, өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз...

– Саламатсыздарбы? Мен Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында 1990-жылы туулгам. Бала кезимден ырчылыкка кызыктым. 5-класста балдардын музыкалык мектеби бар экенин угуп, атамдан ошол жакка окуюн деп сурандым. Атам 2 күн ойлонуп жүрүп, “ырчылар ичип, чегип кетишет, эч качан ичпейм, чекпейм деп убада берсең окутам” деди. Убадамды алып, анан ошол мектепке алып барды. Ал жерден агайым “атаң сага келечек тартуулап жатат, чыгармачылык жол татаал, бул жолдун нанын жеш үчүн темирден тиш керек, таштай катуулук керек” дегени эсимде. Мектепти бүтүрүп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырып, бүтпөй калдым. Кийин кайра Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын аккордеон бөлүмүнө тапшырып, аяктадым. Анан тамадалык кылып, аккордеон менен ырдап жүрдүм.

– Алгачкы ырыңызды качан жаздырдыңыз?

– Тар чөйрөгө таанылышыма, кең чөйрөгө чыгып жатышыма “Биздин турмуш” ыры себепчи болду. Сөзү Тургунбай Эргешовго, обону Куштарбек Ташматов агайыма таандык. Бул ыр болбогондо Кенже эжелерге деле жакпай калат белем деп калам. Ошто көп эле ыр жаздырдым. Негедир Бишкекке барып сапаттуураак ыр жаздырыш керек деген ой болбоптур. Анын үстүнө жоопкерчилиги жок аранжировкачыларга туш келип калыптырмын. Кыңылдап обон жаратып, сүйүнүч менен аранжировкачыга алып барам. Ал обонду алып калат да, ошо менен акчадан да, обондон да дайын жок. Анан убакыт өткөндөн кийин демиң сууп, жанагы обонду ырдагың келбей, иштегенге кызыгууң жоголот экен.

Самара Сабирова, Кыздаркан Келдибекова деген ырчы эжелерим түрткү болуп Кенже Дүйшеева эженин көзүнө илиндим. Ага чейин Өзгөндүн жигиттери менен Тоңдун кыздары бет келишкен “Сармерденге” катышкам. Ошол жерден ырдаганымды Кенже эже жактырыптыр. Кийин Өзгөндө иш-чара болуп, ошондо Алтынай Нарбаева эже менен Кенже эже бир ырды 6-7 жолу ырдатышкан. Ал кезде мен Ош телеканалында алып баруучу болуп иштейт элем. Алар “чыгармачылыгыңды өнүктүрүш үчүн Бишкекке кетесиңби?” десе, дароо эле "ооба" дегем. Эртеси жумушка барып арызымды жаздым да, 4 күндөн кийин Бишкекке келе бердим. Ошентип Бишкекте ырларды жаздырымыш этип иштеп жүрдүм. Байкасам, Кенже эже деле, Алтынай эже деле унчукпайт. Анан акчасы жакшыраак сунуш түшүп, Санкт-Петербургга кетип калдым. 7 айдан кийин Кенже эже чалып “Сүйүнбай, сен Орусияда экенсиң го? Эмне кетесиң ал жакка?” деп эле урушуп кирди. “Сен талантыңдын зекетин беришиң керек, ойлонуп 1-2 айда келип кал, мен бошодум, баштайбыз” деди. Ошол күнү түнү билет алдым да, Ошко учуп келдим. Кенже эже Ошко учуп барды. Ошол күндөрү карындашым турмушка чыгып жаткан, ал тойдо туугандарыма айтпай кирип келип сюрприз кылдык.

– Кенже эже менен чогуу ырдоону ким биринчи сунуштады?

– Мага аябай табышмак да бул чөйрө. Ар нерсени сурап Кенже эженин башын оорута берчүмүн. Бир күнү “мен бир ыр жаздырып койгом, бирок ырдай албай жүрөм. Бир нерсе жетишпейт, ушуну экөөбүз ырдап көрбөйлүбү?” деди. Ошентип “Кызганбагын” деген ырды клиби менен чыгармай болдук. Бирок клипке оюндагыдай каарман таппай жүрдү эже. Бир күнү үй-бүлөм менен фотосессияга келдик. Студияга кирип келатсак, Кенже эже карап туруп “Сүйүнбай, мен клипке кыз таптым” деп жатпайбы. Көрсө, менин жубайымды айтып жатыптыр. Ошентип клипке жубайым тартылып калды. Кенже эженин насааты, жардамы менен бул чөйрөгө аралашып келе жатам. Негизи “Биздин турмуш” деген ырды жаңылап ырдап, клип тарттырайын деген элем. Буйрук экен, “Бакырайынбы?” деген ырга аранжировка биринчи жасалып калды.

– Ал ырды автордон уруксат сурап ырдап жатасыз да, ээ?

– Насип Мырзалиев менен Оштогу музыкалык окуу жайда чогуу окуганбыз. Ортобузда 5 жаш айырма болсо да, тайпалаш катары жакшы достордонбуз. Билишимче, “Бакырайынбы?” 2019-жылы чыккан, ошондон бери эле сурап келатам. “Мен ырдап чыккандан кийин ырдай бер, клип тартсаң да болот” деп башында бербей жүрдү. Же өзү аранжировка жасап ырдап чыкпайт. Аккордеон менен ырдап Ютубга жүктөп койдум эле, көп көрүү топтоду. Анан көпчүлүк “Бакырайынбы?” деп ырдай баштады. Андан кийин Айпери Ниязбекова, Жыпара Нураковалар аранжировка жасатып ырдашты. Насипке тамашалап “мен деле кыз болуп калбаптырмын” десем, ошондон кийин телефонун албай, жазсам жооп бербей калды. Стористеримди көрүп, лайк басып коёт, кабарлашпайт.

– Таарынып калыптырбы?

– Жок, уялды окшойт. Кийин өзү чалып “чын эле 2 кыз сураса берипмин да, канча жылдан бери сурап келаткан сага бербей коюпмун” деди. Чыгармачыл адамдар сөздү эт туурагычтай өзүнөн өткөрөт эмеспи, ошого кыйналып жүрсө керек. Буюрса, биринчи клиби менен сиздердин порталга жүктөлөт окшойт. Бала кезимден “Супер-Инфонун” ар бир санын калтырбай окудум. Ошол кезде “мен да ушул гезитке чыксам” деп тилек кылчумун. Ошол тилектер ишке ашууда.

– Обондорум да бар дедиңиз, ырдап чыккансызбы?

– Ырдап жүрөм Ошто жасаткан аранжировка менен. Буюрса, ал ырларга кайрадан кайрылам.

– Кайра-кайра баса белгилеп жатасыз. Оштогу аранжировкачылар профессионал эмеспи?

– Жок, мен ишин жаңы баштагандарына туш болуп калдым окшойт. Күчтүү аранжировкачылар бар. Бирөөнүн “машинени өлтүрүп туруп берген экенсиң, акчанын баары кетти, дагы деле адам болбоду” деп сүйлөгөн аудиосу интернет желесине тарап кетпеди беле. Анын сыңарындай, биз да “Бобго канча акча кетти, дагы деле адам болбоду” деп тамашалап калабыз. Боб деген аранжировкачы бар эле. Ага 10дой ыр жаздырдым, бирок жакшы жыйынтык болбоду.

– Ырга текст жазасызбы?

– Байдылда Сарногоевдин “маанисиз ырды жазгандан көрө, жазбай коюп поэзияга салым кош” дегени бар эмеспи. Бир жолу бир ырдын текстин жаздым. Ошондон кийин мен да поэзияга чоң салым кошоюн деп текст жазбай койдум (күлүп).

– Клибиңизге тартылган каарман – келинчегиңиз тууралуу айтып берсеңиз...

– Келинчегимдин аты Мээрим, экөөбүз музыкалык окуу жайдан таанышканбыз. Ал ырдоо бөлүмүндө вокалды аяктаган. Бирок ырдабайт, мени менен таанышкандан кийин бир да жолу ырдаган жок. Ага чейин ырдаган-ырдабаганын билбейм. Сезим жана Аруужан деген кыздарыбыз бар.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан