Гезитибиздин кезектеги апта каарманы – өзүн ар тараптуу изилдеген, өзгөчө ой-пикирлери, стандартка сыйбаган кылык-жоругу менен дайым талкуу чордонунда жүргөн алпаруучу, актриса, блогер Назира Айтбекова. Ал бүгүн хейтерлердин сынына, суроолоруна жооп берет. Суроолор кызык, жооптор андан өтөт...
gulzitaakbarovna: – Ушул акылман боло берип күйгүзөт да. Кыргыз элинин ичинен бир эле Назира акылман чыкты го...
– Кудайым ай, эмне мынча акылдуумун (күлүп)?.. Кеп акылмандыкта деле эмес, бир тажрыйбадан өтүп, бышып жетилет экенсиң. Анан ошол тажрыйбаны эл менен бөлүшкүң келет тура. Сырттан, балким, аңдабаган адамдарга акылдуусунуп жаткандай көрүнүшүм мүмкүн.
azamat.av: – Оронуп же жоолук салынып, денеңди жаап, анан акыл-насаат айтсаң сонун жарашмак...
– Оронуу, жоолук салынуу менин оюмда жок, эч качан болгон эмес. Кыргыздын философиясына көбүрөөк жакынмын. Кыргыздын тээ илгертен келаткан каадасын, философиясын үңүлө карасаң укмуштуудай чоң тарбия жатат. Башка улутту, башка философияны ээрчигим келбейт. Балким, жоолук салынаттырмын күйөөгө чыгып көшөгөнүн артында отурганда, кайын журтумдун алдында ыйбаа кылганда. Ага чейин жаштыгымдын сонун кезин түрдүү чач жасалга жасап, көйнөк кийип, кызыктуу, маңыздуу сүргүм келет.
sevilya1982: – Назира, эрге тий, турмуш кур. Жаштыгың, сулуулугуң өтүп жатат...
– Эң көп укканым ушул сөз. Турмуш курууну азырынча ойлоно элекмин. Үй-бүлөнүн сонун картинкасы мээмде тартылганда, балким, ойлоноттурмун. Азыркы тапта мага өзүмдүн үстүмдөн иштөө, жалгыздыктан ырахат, бакыт табуу көбүрөөк жагып жатат.
akil.janu: – “Тилек Токтогазиев президент болсо кыйратмак” дей берчү элең. Садыр Жапаровдун да президенттигин кабыл алып кой...
– Албетте, кабыл алдым. Бир тренингге баргам, анда “атаңарды, анан өлкө башчысын кабыл алгыла. Ушул эки кишиге терс мамиле кылсаңар, силерге материалдык байлык, акча келбейт” деди. Отуруп алып эркектерден өзүмчө кечирим сурагам (күлүп). Башында Садыр Жапаровдун президент болушуна аябай каршы чыккам, элге таарынгам. Азыр ал кишини кабыл алып, журт атасы катары сыйлай баштадым.
imetkulovan: – Эртең кудагый болосуз, балаңыздын башы төмөн карабасын...
– Баламдын башы төмөн карабайт деп ойлойм. Анткени ага дайыма “балам, менин өз жолум, тандоолорум бар. Менин сага берген сүйүү, мээримден башка нерселерим сага тоскоолдук кылбашы керек” деп айтам. Андыктан балам мени кандай эне болсом, ошол бойдон кабыл алган. Мен дагы аны ошол бойдон кабыл алдым. Бири-бирин кабыл алган башкача үй-бүлөнү, башкача эне менен баланын мамилесин түзө алдым деп ойлойм.
turka.kg: – Бетиңе эле айтайын, бардык аялды өзүңдөй көрбөчү. Өзүңдүн күйөөң начар чыкса эле элдин баарыныкы ошондой болуш керек дей бербе...
– “Менин күйөөм начар чыкты” деп эч качан айткан эмесмин. Жолдошумду абдан баалайм, аны ар бир маегимде мактайм, ал менин жашоомдогу эң чоң устатым болду. Аябай чоң сабактарды, уулумду берген киши. Жашоодо өйдө-төмөн болот экен. Баланы да, өзүңдү да кыйнабай эки ажырым жолго түшүү эң сонун нерсе деп ойлойм. Эч качан өкүнбөйм. Ооба, аялдардан көп кат келет. Алардын окуяларынан жыйынтык чыгарып, көйгөйдү элге жарыялайм.
kamilla_iss: – Эмне, мурунку күйөөң баласына жардам бербейби?
– Ушуну аябай көп сурашат. Таптакыр карабайт деп айта албайм, ай сайын мектебине, окуусуна деп 8000 сомдон которуп турат. Бир жумада бир келип баласы менен сүйлөшөт, сырдашат. Телефондон байланышып турушат. Дайыма атасын жамандаган, жек көргөн балдардан өзүнө ишенбеген адам калыптанат экен, ошол катаны кетирбейин деп атасын үйдө мактап турам.
talgatdreams: – Жолдошуңуздун жашы сизден кичүү болсо эч нерсе болбойбу? Мен 23 жаштамын, эгер мага турмушка чыксаңыз жаңы Range Rover алып берет элем...
– (Күлүп) Жаш балдарга, менден 1-2 жаш кичүү болсо деле негедир энелик сезимим, энелик камкордугум ойгоно баштайт. Мага андай мамиле жакпайт. Дагы бир баланы багып алууну каалабайм. Күйөөм боло турган адам менден психологиялык, эмоционалдык, физикалык, жаш курак, финансылык, айтор, бардык жактан бийик туруусу кажет. Мен анын алдында өзүмдү назик, эрке, алсыз сезгим келет.
user-cw7us7vt8f: – Бул айым өтмүшүн коё бере элек...
– Балким... Өткөн жашоону коё берүү, учур чакка келүү, келечекке багыт алуу оңой эмес экен. Бул жаатта аябай күрөштүм. Мурунку каалгамды жабыш абдан кыйын болду, ушул жылы ал каалга жабылды, аябай сүйүнүп жатам.
Майрам: – Өзүңдү тарбияла, бир туруп атамбаевчи, бир туруп динчил, бир туруп актриса болбой...
– Эч качан динчил болгон эмесмин. Диндеги туура көрүнүштөрдү, туура багытты теологдор аркылуу элге атайын жарыялайм. Анткени өтө эле радикалдашып, таптакыр башка нукка ооп, башка маданиятты сиңирип жатканыбыз өкүндүрөт. Көбүрөөк кыргыздыгыбызды, тамырыбызды сүйсөк, ошону кабыл алсак дейт элем. Атамбаевчи да болгон эмесмин, Атамбаевдердин үй-бүлөсүнөн интервью алганда алардын жөнөкөй, адамгерчиликтүү, акылдуулугун көрүп таң калып, Атамбаевге, анын жубайына сый-урматым өскөн. Бирок Атамбаевдин саясатын эч качан колдогон эмесмин.
Назира: – Ушуну такыр түшүнүүгө болбойт. Сүрөткө жарым жылаңач түшүп интернет желесине чыгып жүрчү эмес беле, эми эмне болду буга "улуттук каада-салт, нукура кыргыз" деп...
– Мен жылаңач жүрсөм да, кийимчен жүрсөм да тээ баштан эле улуттук уютку жүрөгүмдө терең орун алган. Мен дайыма кыргыз кийимдерин кийип жүрөм. Кыргыз кийимдерин баарыбыз жайылтсак, кыргыз тилин мода кылсак, макалдатып сүйлөсөк кандай сонун болот эле. Биз качан гана өзүбүздүн улутубузду кабыл алып, заманбап жашоо менен айкалыштырганда гана өсө алабыз. Жарым-жылаңачтарга качан көңүл бөлбөй калабыз? Көчүк деңгээлинен көтөрүлүп, көкүрөк деңгээлине жеткенде. Адамдын жан дүйнөсүн көрө алганыбызда гана анын сыртында кийими барбы-жокпу, байбы-кедейби деген сыяктуу нерселерге көңүл бөлүнбөй калат.
sashanurmatova6609: – Бул аялга эркектин көңүл буруусу жетишпейт...
– Тескерисинче, дайыма тегерегимде мырзалар, алардан келген белектер, көңүл буруу көп. Бирок аны мактанып жарыялабайм. Анткени кесиптештеримден байкап калам, ушундай өңүттө сүрөт чыгара берсе адамдарда “бул жеңил ойлуу” деген ой жаралат экен. Жеке жашоомду бекиткем. Унчукпай, тымызын бактылуу болуштун да өзгөчө маңызы бар.
venera9760: – Жасаган аракеттери Назиранын коргонуу реакциясы. Ал күчтүү жана эркин көрүнгүсү келген алсыз, назик аял...
– Ооба, ичимде коркок, алсыз, назик, эрке аял жашайт. Сыртымдагы күчтүү көрүнгөн, тарсылдап элди коркута турган мүнөзүм менин коргонуу реакциям. Көп каткырып шарактай бергеним да менин коргонуу реакциям. Бул нормалдуу эле көрүнүш, ар бир адамдын коргонуу реакциялары болот.
Гулийпа Маметосмон кызы