Канат Хасанов, адвокат: “ӨМҮРҮМӨ 2 ЖОЛУ КОЛ САЛЫШКАН, АЗЫР ЖАН САКЧЫЛАР МЕНЕН ЖҮРӨМ”

Канат Хасанов – бул инсан коомчулукка 2017-жылы белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев УКМК тарабынан камалганда ага жактоочулук кылып кеңири таанылган. Өлкөбүздөгү башка да чуулгандуу иштерде жактоочулук кылып келет. “Мен адвокаттан мурун саясатчымын, өлкөдө болуп жаткан бардык саясий кырдаалды талдап, пикир билдирип турам. Мунун айынан далай ажыдаардын куйругун бастым” дейт Канат мырза.

- Саламатсызбы, Канат мырза? Байкасам, жан сакчылар, айнектери караңгылатылган жол тандабас менен жүрөт экенсиз. Мындай этияттануунун себеби эмнеде?

- Саламатчылык, мен 10 жылдан бери жеке жан сакчылар менен жүрөм. Анткени көп резонанстуу иштерде жактоочулук кылам. Чоң суммадагы “афёра” иштери болот. Сотто сөзсүз бир тарап жеңет, экинчи тарап жеңилет да. Жеңилген тарап берки тараптын адвокатына кол салган учурлар болгон. Менин өмүрүмө да 2 жолу кол салышкан. Ошондон кийин УКМКнын 9-кызматында иштеген уулум “жан сакчылар менен жүрүңүз” деп атайын кайтаруу уюштуруп берген.

- Белгилүү адвокатсыз, негедир социалдык тармактарда сизге сын көп айтылат...

- Ооба, убагында Рысбек Акматбаевдин, Эркин Мамбеталиевдин, Өмүрбек Текебаевдин иштеринде жактоочулук кылгам. Алмазбек Атамбаевдин “Социал-демократтар” партиясынын юридикалык бөлүмүмүн башчысы, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгом. 2005-жылдан бери саясаттамын. Мындан тышкары ири экономикалык кылмыш иштеринде жактоочулук кылдым. Кыргызстандагы ири алдамчылык иштерин коркпой элге жарыялап турам. Ушунун айынан көбүнө ыңгайсыз адам болуп, далай ажыдаардын куйругун бастым. Алардын бири – Акылбек Жапаров. Мен бул кишини жакындан тааныбайм, бирок жасап жаткан ишин сындайм. Адегенде ККМ боюнча айтып чыккам, технология өнүккөн доордо ККМди киргизүү - артка кетүү менен барабар. Экинчиси, өлкө бюджетин 400 миллиард сомго чыгарып “экономикалык керемет” жаратам деген, анысы жок. Ушул жалганын ачыктасам мени куугунтуктап баштады, мага кылмыш ишин козготууга аракет кылууда. Жеке булактарымдан Акылбек Жапаров өз кишилерине “Хасановго карата материал тапкыла, кылмыш ишин козгоп, камагыла” деген тапшырма болгонун уктум. Өз пикиримди айтып жатам, адамдын пикиринде кылмыш аракет жок болот. Ошол үчүн камай албайт. Камаса деле коркуп кала турган киши эмесмин.

- УКМКнын экс-жетекчиси Абдил Сегизбаев “эң коррупциялашкан соттор сен Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп турганыңда болгон” деп сизге күнөө койгон эле...

- Сегизбаев ошондо өзү каякты карап жүрдү эле анда?! Президенттин кеңешчиси эмес беле. Мени Атамбаевге жамандап баргандар ошол эле Абдил, Индиралар (ред. мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева) болгон. Өздөрүнүн “тигини соттот, муну соттот” деп буюртма бергендерин билбейби? Ошол талаптарына макул болбой койсом мени жамандашат. Абдил шашпасын, мени сызга отургузганы үчүн экөөбүз сүйлөшө турган күн келет.

- Сизди “Чоң казат” партиясына эл чогултуп берген акчаны кымырып алды” деп да айыптап жүрүштү эле?

- Чынын айтайын “Чоң казат” партиясына тиешем жок, мүчөсү да болгон эмесмин. Ал партиядан башында эле чыгып кеткем. Пандемия учурунда “Чоң казат” кыймылын түзүп, унаамды күрөөгө коюп, шаар четинде жашаган карапайым элге азык-түлүк ташыганбыз. Пандемиядан кийин ал кыймылда мени акча уурдады деген интригалар болуп кетти. Анын баары калп, бир да далили жок. Элден анча суммада акча чогулган эмес, менде бүт отчёттор бар. Мен бар кезде партияга 3324 сом эле түшкөн. Эми мындай иштер УКМКнын катышуусусуз болбойт, балким оппозициялык маанайдагы пикирлерим үчүн ушундай каралоого кабылдым.

- Саясат адамды дайыма эмоционалдык жактан чайпалтып турат, бул жолду тандаганыңызга өкүнбөйсүзбү?

- Азыркы бийлик келгенде мага көп кызмат сунушташты. Бирок барган жокмун, барбайм дагы, анткени максатым бийлик эмес. Ушундай энергиялуу жүрүм-турумум менен бир иш бөлмөдө камалып, айлык күтүп иштеген кызматкер боло албайм. Табиятымдан активдүү адаммын. Тандаган жолум, кесибим өзүмө жагат. Элге укук жаатында жардам берүү - менин миссиям. Бул милдетимди татыктуу аткарып келе жатам. Мени “пара алат” деп жамандашат экен, мен пара алгыдай мамлекеттик кызматта иштебейм. Балким, пара бергендирмин, бирок албайм.

- Негизи азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына көз карашыңыз түз элеби?

- Кесибиме байланыштуу өлкөдө түзүлгөн кырдаалды талдоого билим деңгээлим жетет. Бүгүнкү бийликтин кандай иштеп жатканын да көрүп турам. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев иштеп жатат. Бирок бир адам иштеп, айланасындагы жүз адам уурдай берсе, эмгек текке кетет. Бизде ортоңку катмар деген бар, алар эч бир бийликтин тушунда жумуштан кетпейт. Биз үстүнкү бийликти эле алмаштырабыз, ал эми ортоңку катмар кала берет. Ал катмар уурдап, жеп көнүп калган, мына ошолор ар бир бийликтин түбүнө жеткен. Булар - бюрократтар. Мага азыркы бийликтин кадр саясаты жакпайт, кадр тандоодо ачка болуп жатабыз. Азыркылар “эң башкысы өзүбүздүкү, сатып кетпейт” деген принцип менен кадрларды кызматка коюп жатышат. Айыл өкмөттө иштеп жүрүп эле министр болгондорду көрүп жатабыз, деңгээли бригада башчысы болгонго да жарабайт, дипломатияны түшүнбөйт. Өз ишин билген адискөйлөр агылып АКШга, Европага, Орусияга кетип жатышат. Азыркы бийлик завод-фабрика куруп экономикалык секирик жасай элек.

- Жумушуңузга байланыштуу көзгө жаш алдырган учурлар көп эле болсо керек?

- Албетте болот. Анткени адвокатка жарандар трагедияга кабылганда гана кайрылышат. Ар бир иш трагедия. Мындан 20 жыл мурунку бир окуяны айтып берейин. Улгайып калган абышка-кемпирдин 48 жашында тапкан баласы абакка түшүп калыптыр. Ошол баласын чыгарып бер деп мага кайрылышкан эле. Адвокаттарга гонорар төлөнөт да, мен дагы арзан адвокат эмесмин. Ошондо эне көйнөгүнүн чөнтөгүнөн “пенсиямды берем, ушул акчамды алчы” деп мага сунуп жатпайбы. Ошондо абдан жаман болгом, көзүм жашылданып... Кийин прокурорго, сотко жалдырап жатып баласын чыгарып бердим, бекер эле. Апа кайраттуу экен, бирок абышканын баласын кучактап ыйлаганын көргөндө өзүмдү кармана албай жашыгам.

- Балалыгыңызда эле ушундай энергиялуу белеңиз?

- Балалыгымда өтө тентек болгом, аным 54кө чыксам деле кала элек. 4 балам, 6 неберем, Кудай берген 1 эле аялым бар. Кыпкыргызмын, мени Роза Аманова менен күйөөсү “калмак” деп чыгышкан. Кыргыздын кырк уруусунда сарткалмак деген уруу бар, ошондон тараган Эсенбайдын тукумунан болом. Кыргыздын санжырасын билбеген келжиректер сүйлөй беришет. Ошол чоң уруумду бурмалап “калмак” деп жатып калышты.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан