АК-ОРДОДОГУ АВТОКЫРСЫК: 1 КИШИ КАЗА БОЛУП, 4 АДАМ ООР АБАЛДА

19-июль күнү саат 07:50 чамасында Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 конушунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жүргүнчү ташуучу кичи автобус жол боюнда жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда артынан оор жүк ташуучу унаа (фура) катуу ылдамдыкта келип сүздү. Кырсык кандай болгону видеобайкоо системинин камераларына тартылып калган. Окуянын күбөлөрү кырсыктын кандай болгонун айтып беришти.

Жазгүл Хашимова, жабырлануучу: “ТАРС ДЕГЕН КАТУУ ҮН ЧЫККАН, ӨЗҮМДҮ ЖОГОТУП КОЮПМУН”

–27 жаштамын, кырсык болгон күнү эртең менен жумушка жөнөп, саат 07:30да №169-кичи автобуска отургам. Жүргүнчүлөр кирип салон толо баштагандан улам унаанын арткы тарабына жылдым. 5 мүнөттөн кийин эле “тарс” деген катуу үн чыкты. Адегенде маршруттук такси жарылып кеттиби деп ойлодум. Бетиме ысык суюктук чачырап кетти, ошондо 10-20 секундга эс-учумду жоготуп коюптурмун. Эсиме келип көзүмдү ачсам, унаанын ичи ызы-чуу, ичиндегилердин баары сыртты көздөй умтулуп жатыптыр. Турайын десем бутум кыймылдабай койду. Жанымдагы байкеден “мени тургузуп коюңузчу, кыймылдай албай жатам” десем, “мен да кыймылдай албай жатам карындашым” деди. Ызы-чуу басылгыча жаттым. Баары чыгып кетишти, өзүм жалгыз унаанын ичинде калдым (ыйлап). Бир убакта бир байке келип “телефонумду таппай жатам” деп унаанын ичинен издеп жатты. “Байке, мени тургузуп коюңузчу” десем унчукпай реакция кылган жок. Телефонун таап “Тез жардам” кызматына же милицияга чалайын деген окшойт. Анан бир топтон кийин башка бирөө келип мени көтөрүп түшүрдү. Унаанын ичи бүт кан, көрүп эле жүрөгүм түштү. Сыртта жерде аялдар жатыптыр. Мен коркуп “байке, мени ал аялдардын жанына жаткырбаңыз, корком” дедим. “Тез жардам” унаасы келгиче эле мени бирөөнүн унаасына салып ооруканага алып келишти. Азыр тамчылатма дары алып жатам, рентгендин жыйынтыгы чыга элек. Бирок дарыгерлер жамбаш сөөгүң сынган деп жатышат. Көпкө төшөктө жатат окшойм. Учурда мени апам карап жатат.

Жолдошбек Турдубаев, Ак-Ордо конушунун тургуну: “КЫРСЫК БОЛГОН ЖОЛ АБДАН ТАР, АЯЛДАМА ЖОК”

– Кырсык болгон Элмирбек Иманалиев атындагы көчө абдан тар, туурасы 6 эле метр. Ага эки унаанын катар батышы кыйын, аялдама башынан эле жок. Ак-Ордо конушунда 15 миңдей калк жашайт. Былтыр президент Садыр Жапаров менен жолугушууда “жол салып бериңиз” деп суранган элек, ошол кишинин тапшырмасы менен жол салып беришти. Бирок жол жээгинде 3-4 дүкөн бар, тээ жерлер трансформация боло электе сатып алышкан экен ээлери. Ошол дүкөндөрдү Сокулук акимчилиги ары жылдыра албай жол тар салынып калган. Эки унаа карама-каршы тилкеде келе жатса, бирөөсү токтоп экинчиси өтүш керек. Биз ушул жол маселесин чечип бергиле деп активисттер чогулуп Сокулук акимчилигине барганбыз, акимчиликтин аппарат башчысы Канат деген мырза “бул жолду силерге президент жөн эле өзү демөөрчү таап салып берген, аталган жерлер трансформация боло элек. Мамлекет бир нерсе куруп бергенге милдеттүү эмес, керек болсо өзүңөр демөөрчү таап салып алгыла” деди. Эми карабайсыңарбы, 15 миң эл демөөрчү издеп жүрөт экенбиз. Президенттин чечимине каршы сүйлөп жатпайбы бул эргул. Жакында окуу жылы башталса ушул жол менен окуучулар Ала-Тоо конушуна мектепке барышат, баарыбыз эле кооптонуп жатабыз. Кечээги маршруттук таксидеги кырсык маселенин алдын албагандан болуп жатат. Биз активисттер чогулуп, клиникалык ооруканага барып кырсыктан жабыркагандардын абалын сурап келдик. 4 киши жандандыруу бөлүмүндө, 7 киши палатада жатат. Көбүнүн омурткасы, кабыргасы, жамбаш сөөктөрү сынып кетиптир. Нарындык 35 жаштагы келин каза болду. Бул адамдардын убалы кимге? Тиешелүү органдар көйгөйдү өз убагында чечпесе кыргыз жолдо эле кырылып калабыз го.

Абдыбек, жабырлануучунун жакыны: “КАРЫНДАШЫМ ЖАНДАНДЫРУУ БӨЛҮМҮНДӨ ЖАТАТ, АБАЛЫ ООР”

–Биз 2 күндөн бери шаардагы №4 клиникикалык ооруканада жүрөбүз. Карындашым кырсыктан кийин оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Эртең менен жумушка бараткан экен, чалсак тутканы алган жок. Анан анын телефонунан дарыгерлер чалып, карындашымдын кырсыктап, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калганын кабарлашты. Дарыгерлерден үмүт кылып эле отурабыз. “Кандай болот, жакшы болуп кетеби” десек, “билбейбиз, абалы өтө оор” деп жатышат. Кудай өмүрүн берсинчи, жакшы болуп кетээр деген үмүтүбүз бар.

Сокулук РИИБи: “ЖҮК ТАШУУЧУ УНААНЫН АЙДООЧУСУ КАМАККА АЛЫНДЫ”

–19-июль күнү эрте мененки саат 07:50дө Элмирбек Иманалиев көчөсүндө бараткан №169 маршруттук такси жүргүнчүлөрдү алуу үчүн токтоп турганда, артынан SCANIA R-124 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа келип сүзүп кеткен. Окуя сырткы көзөмөл камерасына тартылып калган. Кырсыктын кесепетинен автобустун бир жүргүнчүсү өзүнө келе албай Сокулук аймактык ооруканасында каза болуп калды. Дагы 6 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Аталган жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Жүк ташуучу унаанын 1991-жылы туулган Т.Ч. аттуу айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иши уланууда.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан