БАЛАНЫН ШАЛ БОЛУП ТӨРӨЛҮШҮ: Кош бойлуу эне эмнелерди эске алышы керек?

Балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) оор дарттардын катарына кирет. Учурда Кыргызстанда бул оорудан 6 миңдей бала жабыркайт. Дартты толук айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок көп жылдык мээнеттин натыйжасында баланын өз алдынча кашык кармап тамак ичүүсүнө же өз алдынча таяк менен басып калышына жетишсе болот.

ДАРТ МЭЭНИН ЖАБЫРКАШЫНАН КЕЛИП ЧЫГАТ

Аталган оору борбордук нерв системинин жабыркашынан келип чыгат. Келбет, кыймыл-аракет жана сүйлөөнүн бузулушу, акыл-эстин өсүшүнүн кечеңдеши менен шартталган дарт. Оорулуу адам дене-боюн, тең салмактуулукту кармай албайт, булчуңдарын өз алдынча башкара албайт. Өлкөдө орточо ар бир 1000 баланын эки-үчөөсү ушул дарт менен төрөлөт. Алардын 40 пайызын кыздар түзөт.

Ооругандардын:

ар бир үчүнчүсү өз алдынча баса албайт;

ар бир төртүнчүсү өз алдынча кийине жана тамактана албайт;

ар бир тогузунчусу аутизмдин белгилерин алып жүрөт;

ар бир он биринчиси сокур же көрүүсү начар;

ар бир элүүнчүсү керең же угуусу начар.

БАЛА ООРУГА КАЧАН ЧАЛДЫГАТ?

орточо 70 пайызы энесинин курсагында жатканда;

20 пайызы төрөт учурунда;

10 пайызы 2 жашка чейин.

БАЛАНЫН ДАРТКА ЧАЛДЫГУУСУНУН СЕБЕПТЕРИ

Кош бойлуу эненин жана түйүлдүктүн абалына байланыштуу:

Энедеги кант диабети, аз кандуулук, жүрөк кемтиги, жогорку кан басым оорусу жана башкалардан улам;

Эненин катуу стресс, депрессия, токсоплазмозго кабылышы;

Ичимдик ичүүсү, тамеки тартуусу, баңгизат колдонуусу;

Талгагынын оор өтүшү;

Айрым дарыларды өз алдынча ичиши;

Жыныстык жактан жугуучу дартка кабылышы;

Улам-улам боюнан козголуусу;

Жыгылып же соккудан улам ичинен жаракат алышы;

Организмге терс таасир берүүчү завод, фабрика, цехтерде иштөөсү;

Эне жана баланын кан топторунун (резус-фактор) бири-бирине дал келбестиги;

Баланын мээсинин туура эмес өөрчүүсү;

Ара төрөлүү.

Төрөткө байланыштуу:

Баланын киндигинин моюнуна бекем оролуп, мунун айынан мээге кычкылтектин жетпей калышы (гипоксия);

Төрөттүн узакка созулуп, оор өтүшү;

Мээден жаракат алуу же мээге кан куюлуп кетиши. Бул баланы ичтен сыгып алганда же баланы колдон түшүрүп жибергенде болушу мүмкүн.

2 жашка чейинки жагдайларга байланыштуу:

Инфекциялык ооруга кабылуу (менингит, энцефалит, учук жана башка);

Жаракаттан улам мээнин жабыркашы.

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ

Ымыркайдын эмчек эмүүсүндөгү өзгөчөлүк;

Денесинин асимметриясы. Мисалы, бир буттун экинчисинен жоон, ичке же кыскалыгы;

2-3 айында башын кармай албашы;

4 айында үн чыккан жакка бурулуп карабашы, оюнчукка талпынбоо;

7-20 айында бирөөнүн жардамысыз өз алдынча отура албашы;

12-14 айында сүйлөй жана баса албашы;

Көздүн чалырлыгы;

Колу-бутунун диртилдеп же эрктен тыш кыймылдашы;

Жүздөгү адаттан тыш кыймылдар жана башкалар.

ДИАГНОЗ

Неврологдун текшерүүсү;

Нефросонография (мээнин УЗИси);

Электроэнцефалография;

Окулист, сурдолог, дефектолог, логопеддин текшерүүсү жана башка.

ДАРЫЛОО

Оорудан биротоло айыгып кетүү күтүлбөйт. Дарылоо баланын дарттын оор же жеңил түрү менен ооруганына жараша комплекстүү жүргүзүлөт. Тынымсыз аракеттенүү менен айрым гана булчуңдардын, нерв түйүндөрүнүн иштешин калыпка келтирүүнүн өзү чоң жетишкендик. Ооруканага эне оорукчан баласы менен кошо жаткырылып, аларды карап-багуу, дарылоо ыкмалары менен таанышат. Ошол ыкмаларды ата-эне үйдөн колдонуп баласын өз алдынча дарылашат. Эмгек терапиясы, физиотерапия, дарылык укалоо жана дене көнүгүүлөрүн колдонуу менен булчуңдардын функциялары жакшыртылат. Логопеддин, психологдун жардамынын аркасында угуусун, сүйлөө речин, кабыл алуусун акырындан өнүктүрүп жүрүү керек.

Ортопедиялык бут кийимдерди колдонсо, алар басууда кулабай тең салмакты сактоого көмөктөшөт.

Дарылоодо булчуңдардын чыңалуусун жоюучу дары-дармектер да берилет. Алар өз алдынча диртилдеп кыймылдап турган булчуңдарды калыпка келтирүүгө көмөктөшөт.

Дарылоодо иппотерапия (ат минүү) да колдонулуп жүрөт. Ат үстүндө адам мүнөтүнө орточо 100 жолу термелет. Бул бардык булчуңдарга таасир этип, татаал кыймылдарды жасоого аргасыз кылат. Аттын денесинин температурасы адамдыкына салыштырмалуу жогору болгондуктан ат минген адамдын бутунун булчуңдары жылуу тартып, массаж алат. Денеде кандын айланышы ылдамдайт. Аталган илдет менен туулган балдар үчүн атайын реабилитациялык борборлор бар, аларга көбүрөөк алып баруу сунушталат. Оорунун жеңил түрү менен ооругандарды атайын балдар бакчасына, кийин атайын жатак-мектептерге берсе болот. Балдар менен логопед, дефектолог жана башкалар иштешет.

ДАРТТЫН АЛДЫН АЛУУ

Аял кош бойлуулукка алдын ала даярданып, түйүлдүктүн нормалдуу калыптанышына керектүү фолий кычкылын жана башка витаминдерди ичиши керек (врачтын сунуштамасы менен). Кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында врачтар айткан талаптарды так аткарышы зарыл. Анткени ушул айларда курсактагы баланын дене мүчөлөрү жаралып, калыптана баштайт.

Материалды даярдоого көмөктөшкөнү үчүн Бишкектеги Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын неврологу Карлыгач Төрөкуловага ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан