КҮЧТҮҮ ЭРКЕКТИН АРТЫНДАГЫ КҮЧТҮҮ АЯЛДАР

Кыргызда “жакшы аял жаман эркекти жакшы кылып, жакшы эркекти хан кылат” деген сөз бар. Аялдан көп нерсе көз каранды экендиги айтылып, жазылып эле жүрөт. Тарыхты карасак, буга далилдер көп. Мисалы, Мишель Обама жана Хиллари Клинтон – күйөөсүнүн ийгиликке жетишинде зор роль ойногон айым катары белгилүү.

ХИЛЛАРИ КЛИНТОН

Жолдошунун ишине активдүү аралашкан

Күйөөсүнө күчтүү тыл болуп гана бербестен, өзүнүн саясий карьерасын да кошо ала кеткен саясатчылардын бири Хиллари Клинтон. АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жубайы, 1947-жылы жарык дүйнөгө келген. Колледжде окуп жүргөндө эле коомдук иштерге активдүү катышчу, кесиби – юрист. Билл Клинтон менен студенттик күндөрдө таанышып, 1975-жылы баш кошушкан. Анан Билл Клинтон саясий карьерасын баштап, ал эми Хиллари айым университетте студенттерге сабак берген. Ошол эле учурда жолдошунун саясий турмушуна активдүү аралашкан. 1980-жылы алардын жалгыз кызы Челси жарык дүйнөгө келген. 1993-жылы Билл Клинтон президент болуп шайланган соң жубайын билим берүү комитетинин башчылыгына кызматка койгон. Бирок коомчулуктагы катуу сындардан улам Хиллари Клинтон бул кызматтан кетүүнү чечкен. Бул арада Билл Клинтондун бардык чечимдеринин аркасында Хиллари турат деген сөздөр, шакабалар элге тарап кеткен. Көшөгө артында ал жолдушунун иштерине кийлигишип турганы көп жолу жазылган.

Жаңжал отун баскан

1998-жылы Билл Клинтондун айланасында катуу жаңжал чыккан. Анткени анын Ак үйгө тажрыйба топтоого келип иштеп калган Монико Левински аттуу айым менен болгон сүйүү мамилеси ачыкка чыгып кеткен. Элдин толкундоосу, сыны катуу болуп президентке импичмент жарыялана турган болгондо Хиллари Клинтон бул жаңжалды өзү баскан. Ал күйөөсүн колдоп чыгып, аны менен эч качан ажырашпай турганын билдирген. Аялынын даанышмандыгы менен президент аман калган десе да болот.

2006-жылы Хиллари Клинтон Нью-Йорк штатынын сенатына шайлоого катышып, жеңип чыккан. Ошол учурдан баштап анын АКШнын президентине ат салышуга даяр экендиги көпчүлүккө маалым болот. 2007-жылы президенттик шайлоодо ат салышкан. Жарышта Барак Обама утуп, кызматына киришери менен Хиллари Клинтонду Мамлекеттик катчы кызматына дайындаган. Бул тандем АКШ коомчулугунда колдоого алынган.

Хиллари Клинтон тууралуу кызыктуу фактылар

• Биринчи айым кезинде анын “түбөлүк жашыл айым” деген каймана аты болгон.

• Турмушка чыкканда Билл Клинтондун фамилиясына өтүүдөн баш тарткан, бирок күйөөсү АКШнын президенти болгондо фамилиясын бир аптага жеткирбей алмаштырып, Хилари Родэм Клинтон аталган.

• 1996-жылдан бери унаанын рулуна бир да жолу отуруп көрө элек. Муну “кол салуудан кийин коркуп калган” деп айтып келишет.

• Кичинесинде көзүнүн көрүүсү жакшы эмес болгон, бирок атасына айткандан корккон. Ага карабай мектепте алдынкы окуучулардан болгон.

• Студент кезинде балык тазалоочу жумушта иштеп өзүнүн чыгашаларын жапкан.

• Болочоктогу жолдошуна өзү биринчи сөз айткан.

МИШЕЛЬ ОБАМА

Ачык сүйлөгөнү анын фишкасы

АКШнын тарыхында кара терилүү жалгыз биринчи айым Мишель Обама социолог, юрист, жазуучу жана АКШнын 44-президенти Барак Обаманын жубайы. Мишель айым ар дайым түз сүйлөгөн жана ачык-айрым аял катары сыпатталат. Мунун бир далили – анын ата-бабалары Түштүк Королинада плантацияда иштеген кулдар экенин ачык айта алгандыгы. Биринчи айым катары ушуну айтып чыкканы элди таң калтырган. Негизи эле коомчулукта кандай көйгөй болбосун ачык пикир билдире алат. АКШнын башка биринчи айымдарынан Мишель Обаманы айырмалап турган нерсе – бул анын чындыкты айта билгени жана жөнөкөйлүгү деп келишет америкалыктар. Анын бетке чабар мүнөзүн айтылуу принцесса Дианага да окшоштуруп жүрүшөт. Жөнөкөйлүгүн мындан билиңиз, президенттик резиденцияда жашап жатып ал жерде чакан бакча түптөгөн. Өз колу менен мөмө-жемиш өстүрүп, экологиялык жактан таза азык-түлүк менен үй-бүлөсүн камсыз кыларын айткан.

Таасирдүү айымдардын сап башына чыккан

2010-жылы Мишель Обама атактуу “Форбс” журналынын рейтингинде дүйнөдөгү 100 таасирдүү айымдын биринчи тизмесине чыккан. Элди ээрчите билгендиги, харизмасы, таасирдүү сөздөрү менен аталган ийгиликти багынтканын интервьюларында айтып келет. Ошондой эле Мишель Обаманын гардеробуна кызыккандар көп. Анын түстөрдү туура айкалыштыра кийингени, өзүнө гана таандык сергек табити мактаганга арзыйт. Мишель Обама тарыхта “Оскар” сыйлыгын ээсине тапшырган алгачкы биринчи айым катары да белгилүү. 2013-жылы “Оскар” салтанатына катышып, актёр Бен Аффлекке статуэтка тапшырган. Ошондой эле өзү да киного актриса катары катышып, анда биринчи айым катары роль жараткан.

Барак Обама эмнесин баалайт?

Ооба, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ бул айым жолдошун кантип падыша кылды деген суроо жаралгандыр. 2007-жылы ал күйөөсүнүн саясий позициясын активдүү колдоого алган. Президенттик шайлоодо эң ишенимдүү адамы катары чоң роль ойногон. Ошондой эле президенттик шайлоодо Барак Обаманын эл алдында сүйлөчү сөзүнүн текстин Мишель айым жазып берип турганы тууралуу буга чейин ЖМКларда жарыяланган. "Жубайыңыздын эмнесин баалайсыз?" деген суроого Барак Обама аялы тамашакөй экенин, оор күндөрдө да тамаша айтып абалды жеңилдете билген сапаты жагарын айткан. Ошондой эле анын ачыктыгын жана чынчылдыгын сүйөрүн белгилеген.

Эрте турат, спортко жакын...

Мишель Обама эл көзүндөгү адам катары сергек жашоо образын карманат. Эртең менен эрте туруп басууну, туура тамактанууну, жашоосун активдүү кылууну адатка айланткан. Ичимдик ичпейт, чылым чекпейт. Малия Энн жана Наташа деген кыздары бар. Жубайлар 1992-жылы баш кошуп, азыркы учурга чейин бекем үй-бүлө катары жашап келишет.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан