ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 31-июлдан 6-августка чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Иштериңиз бат жана шыр жүрүп, дээрлик бардык баштаган ишиңизде ийгиликке жетесиз. Үй-бүлөңүздүн жана жакындарыңыздын кызыкчылыгына таасир эте турган маанилүү окуялар болушу мүмкүн. Алдыдагы эс алуу жана ага жумшалчу каржылык чыгымды олуттуу ойлонуу керек. Жумушта кесиптештериңиз менен жакын мамиледе болуңуз. Апта соңунда жаңы иштерди баштабай туруңуз, эскилерин биротоло бүтүрүңүз.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Карьера маселеси алдынкы планга чыгышы мүмкүн. Эң негизгиси тобокелчиликке барбай, ашыкча сүйлөп башыңызга көйгөй үйбөңүз. Башкалардын жоопкерчилигиндеги жумушту өз моюнуңузга албаңыз. Энергияңыз болуп көрбөгөндөй жогорулап, көп жумуштарыңызды бүтүрө аласыз. Каржы маселесинде досторуңуздан жардам сурайсыз. Жумушта жамаат менен иштегенге караганда, жалгыз иштегениңиз натыйжалуу болот. Дем алыш күндөрү табият коюнуна чыгып эс алыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Сезимдерин билдирүүнү пландап же өз ишинде музага муктаж болуп турган эгиздер үчүн жакшы убакыт. Андыктан бул жаатта коркпой кадам таштай берген жакшы. Чыгармачыл эгиздер татаал кырдаалдан да стандарттуу эмес жол таап жеңил чыга алышат. Муну менен бирге ийгилик жана пайда алып келе турган оригиналдуу идеяны ойлоп таба алышат. Бойдоктор өз дарегине айымдардан көптөгөн комплименттерди угушканы менен, эч кимиси олуттуу мамиле курууга шашпайт.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Жакын адамдарыңызга жан аябай кызмат кылганыңыз, албетте, жакшы иш, бирок бул аракетиңиз учуру келгенде туура бааланбай калат. Андыктан өзүңүз үчүн да эс алууга убакыт бөлүңүз. Мансап жана материалдык маселеңизди коё туруп, жан дүйнө чөйчөгүңүздү толтуруңуз, бул сизге көбүрөөк ырахат тартуулайт. Бойдоктордун жеке жашоосунда чоң өзгөрүү болбойт, эрте үй-бүлө курууга, достуктан кыз-жигиттик мамилеге өтүүгө шашпаңыз.


АРСТАН (23.07–23.08)

Чөйрөңүздөгүлөр ар кандай мамилеси менен маанайыңызды түшүрөт, бирок позитивдүү маанайды өзүңүз жаратыңыз. Бизнес баштоого, окуу курсуна жазылып тил үйрөнүүгө кенен убакыт болот, аны текке кетирбеңиз. Кесиптештер менен шерине, жолугушууларда абдан этият болуңуз, ар бир айткан сөзүңүз кийин өзүңүзгө каршы иштеп калышы мүмкүн. Карьералык жактан өсүүгө ылайыксыз убакыт, бир аз күтө туруңуз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Ийгиликтин чокусуна чыгып, анда бекем кармалып турууга убакыт келди. Буга чейинки аракеттериңизден натыйжа чыгарыңыз, эмгегиңизди текке кетирбеңиз. Эгер жан шеригиңиздин муздак мамилесин, башканы сүйөрүн байкасаңыз, коё бериңиз, эртеби-кечпи мужбурлап эч кимди сүйдүрө албашыңызды түшүнүшүңүз керек. Үй-бүлөңүзгө жетиштүү убакыт бөлүп, жагымдуу атмосфера түзгөнгө аракет кылыңыз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Апта татаал жана талаш-тартыштуу болот. Жумушта сизди колдогон же симпатия арткан жаңы жетекчи келет. Бул нерсе сиздин карьералык жактан өсүүңүзгө шарт түзөт. Бүтпөгөн кеңсе көйгөйлөрү, өнөктөштөр менен жолугушуулар, үй-бүлө түйшүгү энергияңызды алып коёт, алдыда тоо коюнунда эс алууну пландаштырыңыз. Сүйүүдө жолдуу болосуз, бир кездери сизди чанып жүргөн адам сезимдерин билдириши мүмкүн.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Булуттарды аралап учканды токтотуңуз. Ишке ашпачу, реалдуулуктан алыс нерселерди кыялданганды коюп, маанилүү иштерди бүтүргөнгө шашыңыз. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз жаңы баскычка көтөрүлөт. Жетекчилериңизди, өнөктөштөрүңүздү жана кардарларыңызды кызыктуу идея менен өзүңүзгө тартып көп нерсеге жетише аласыз. Апта аягында маалыматты туура колдоно билүүнүн жардамы менен көйгөйлөрдөн арыласыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Маанилүү жолугушуу, ар кандай салтанатка чакыруулардан баш тартпаңыз. Болбосо кызыктуу адамдар менен баарлашуу, тааныш арттыруу сыяктуулардан куру каласыз. Алтынчы туюмуңузга каршы турбаңыз, ал тандоо жасоодо жардам берет. Маанилүү жолугушууга кечигип, катышуучулардын сынын, жемесин угасыз. Майда-чүйдө нерселерде позицияңызды коргойм деп олуттуу иштерди өткөрүп жиберишиңиз мүмкүн, баамчыл болуңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Тоскоолдуктардан ийгиликтүү өтүп марага биринчи жетесиз. Бирок мындай жеңиш дайыма эле боло бербейт. Учурдагы көйгөйлөрдүн сазынан суурулуп чыгып, жагымдуу иштерди жасайсыз. Болбогон нерсеге ызы-чуу салып, бирөөнү ушактап, куру убадаларды бере бербеңиз. Болбосо эмоционалдык жактан чарчап, бул абалыңыз кийин ооруга айланышы мүмкүн. Жумушта бир ишке киришүү алдында кылдат анализдеп чыгыңыз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Бардык сыноолорго туруштук бере аласыз, бүт мактоолорго татыктуусуз, бирок өзүмчүлдүккө жол бербеңиз. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо жардам сурап кайрылган адамдарга каржылык колдоо көрсөтүп койсоңуз болот. Бирөөнү сындап, тарбиялагандын ордуна өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз, ошондо убактыңызды натыйжалуу пайдаланган болосуз. Сүйүүдө өтө берилип бир адамга байланып калбаганга аракет кылыңыз.


БАЛЫК (20.02–20.03

Киреше-чыгашаңызды катуу көзөмөлдөп, короткон акчаларыңызды тизмектеп жазып турбасаңыз тапканыңыз суудай эле агып кетет. Кыялдарды ишке ашыруу мезгили келди, эми жан аябай иштеңиз. Карыздарыңызды убагында берип кутулуңуз, болбосо ишиңиз алдыга жылбайт. Үй-бүлө же карьера деген тандоого тушугасыз, бирок экөөнү бирдей алып кетсеңиз да болот. Көп суроо жараткан маселелерге жооп табасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан