ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛУУ: 2 АДАМДЫН КҮТҮҮСҮЗ ӨЛҮМҮ КООПСУЗДУКТУ ЭСТЕТТИ

Ысык-Көлдөгү туристтердин, эс алуучулардын коопсуздугу бийликтин эсине жайкы туристтик мезгил ортолоп калганда түштү. Чуулгандуу кырсык болбогондо, балким, коопсуздук темасы минтип козголмок эместир. 23-июль күнү Чолпон-Атанын жээгинде үйлөмө баллондун үстүнө 3 эс алуучуну отургузуп алып сүйрөп жүргөн моторлуу кайыктын айдоочусу 2 адамдын өлүмүнө себепчи болду. Үйлөмө баллон күү менен барып токтоп турган теплоходго урунган. Эки адам көз жумуп, бирөөсү учурда ооруканада жатат. Буга чейин эс алуучулар кум жээкте суу транспорттору үчүн өзүнчө аймак түзүүнү суранып, алардын ары-бери жүрүшү көлгө түшкөн эс алуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын айтып даттанып келишкени белгилүү. Демек, тийиштүү органдар эбак көңүл бурууга тийиш эле, сөзсүз эле адам өмүрү кыйылгандан кийин эмес.

Кырсыктан кийин кокуйламай...

Жакында Ысык-Көлдү жээктей парашютта учуп жүргөн эки адам жерге туура коно албай айланма дөңгөлөк аттракционуна (колесо обозрения) илинип калып, 4 сааттай асылган абалда турушту. Ал эми былтыр Ысык-Көлдүн Бостери айылында жаш жигитти аквапарктын суу түтүгү соруп кетип каза тапканы эсиңизде бардыр. Ушул кырсыктан кийин гана атайын органдар аквапарктын лицензиясын текшерүүгө алышкан эле. Ага чейин Оштогу сейил бактардын биринде чынжырча айланма аттракциону огунан чыгып кетип ондогон бала жаракат алган. Адаттагыдай, кырсыктан кийин ал жерди иштеткендердин лицензиясын текшерип башташкан. Үйлөмө баллондон каза тапкан 2 адамдын окуясынан кийин президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого тапшырма берди. Жарандардын коопсуздугун эстеш үчүн сөзсүз эле бирөө-жарым каза табышы керекпи, алдын ала көзөмөлдөсө болбойбу деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат.

Эмилбек Жусупов, үйлөмө баллондон көз жумган жигиттин чоң атасы: “Жилети болгондо балабыз буту-колу сынса да аман калмак”

– Кырсыктан көз жумган неберем Мирлан Эдилбек уулу 23 жашта болчу. Кара-Балта шаарындагы мунай кампаларынын биринде иштечү. Кесиптештери менен 2 күнгө Ысык-Көлгө эс алганы барып ушул кырсыкка кабылып отурат. Ошол каргашалуу күнү жээк бойлоп басып баратса, моторлуу кайык айдаган бала эки кызды үйлөмө баллонго (“таблетка”) отургузуп, дагы бир киши керек деп кыйкырып калыптыр. Ошондо неберем макул болуп “таблеткага” отуруп алыптыр. Айдоочу бала өтө эле жаш экен. Неберем отурары менен үчүнчү кардарды тапканына сүйүнүп дароо айдап кетет. Айдоочунун кулагында кулакчыны болгон экен, жөнөп жатканда неберемдин “акырын айда, мен сүзгөндү билбейм” деп кыйкырганын жээкте тургандар угушуптур. Айдоочу шашып, кардарларга үйлөмө жилет да кийгизген эмес. Жилети болгондо балабыз буту-колу сынса да аман калмак. Булар кырсыктагандан кийин 10 мүнөттөй сууда жатып калышыптыр. Скутерди башкарган 16 жаштагы баланын ата-энеси куран окутуп келишти, ал балага деле боорубуз ооруйт. Бирок бул “мейли, кечирип коёлу” дей турган иш эмес да. Бир эмес, эки адам каза болуп жатат. Неберем менен кошо дагы бир сокулуктук кыз көз жумду. Анын убалы кимге? Шектүүнүн жакындарынын айтымында, жанагы 16 жаштагы бала негизи скутер айдабайт экен, жөн эле кардарларга жилет кийгизип иштеп жүргөн жардамчы болчу дешти. Буга чейин канча эс алуучу ушул скутерлерге даттанып, алар көл жээгине түшкөн адамдарга тоскоол болуп жатканын айтып келишкен, бирок эч ким көңүл бурган жок? Бизде качан бирөө өлгөндө гана көңүл бурумуш болот. Анда деле “бармак басты, көз кысты” деп бүтүрүп коюшат.

ӨКМ: “Эс алуучулардын коопсуздугу пансионат ээлеринин жоопкерчилигинде”

– Эреже боюнча, жарандар сууга түшкөн кум жээктер жеке жактарга тиешелүү. Ошол жердеги эс алуучулардын коопсуздугун пансионаттардын атайын куткаруучулары камсыздашы керек. Анткени скутер, катер сыяктуу суу транспортторунун ээлери ошол пансионаттын ээлеринен уруксат алып иштешет. Эс алуучулардын коопсуздугун гана камсыздабастан, суу транспортторун сууга түшкөн эс алуучулардан алыс жерге жайгаштырып көзөмөлдөөсү зарыл болчу. Бирок аны тиешелүү жактар аткарбай келишет. Эгер эс алуучу скутер ээлеринин орой мамилесине учурап же зыян тартса туристтик милицияга кайрылышы керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кырсык болгон жерге чакыруу түшсө гана барып куткаруу иштерин жүргүзөт.

Чынар Капарова, журналист: “Тийиштүү органдардын шалаакылыгы болду”

– Ысык-Көлгө жыл сайын барган эс алуучу катары скутерлердин аябай кооптуу экенин билем. Анткени бир нече жолу адамды сүзүп кеткенин көргөм. Сындасаң эле “бизнеске каршы чыгып жатасыңар” дешет, андай адам өмүрүнө коркунуч жараткан бизнестин бизге кереги жок. Скутерлер жүргөн жерде суунун бети майланышып калат. Суу транспорттору такай күйүүчү май жыттанат, ушундай Ысык-Көлдүн экологиясына зыянын тийгизип жаткан бизнестин барынан жогу жакшы эмеспи. Бизде сөзсүз эле бирөө өлүп, мамлекет башчы ага көңүл бурганда гана чара көрүлөт. Бул жерде облус жетекчилигинин, туризмди башкарган тараптардын шалаакылыгы болуп жатат. 16 жаштагы бели ката элек баланы скутерге отургузганы үчүн аны жалдаган ээси да жоопко тартылышы зарыл. Ошол жаш баланын да тагдырына да балта чабылды.

Суу аттракциондорунда өзүңүздү кантип сактасаңыз болот? Ысык-Көл РИИБинен кеңеш.

  • Суу аттракциондорунун кызматтарын колдонуудан мурун, ээлеринен бардык керектүү лицензияларды, сертификаттарды жана уруксат кагаздарын талап кылыңыз. Ошондо гана сиз түшүүчү аттракциондор, ага жооптуу адамдар бардык техникалык коопсуздук нормаларын сактап жатканына толук ишене аласыз.
  • Аба ырайына сөзсүз көңүл буруңуз. Жээктеги куткаруучулардын эскертүүсү болсо, анда аны куру коркутуу деп ойлобошуңуз керек.
  • Катуу шамал болуп, көлдө чоң толкундар болсо, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыз. Көңүл ачууну кийинкиге калтыруу жакшы жана аба ырайынын жагымдуу болуп өзгөрүшүн күтүңүз.
  • “Банан”, “таблетка” сыяктуу суу каражаттарында жүргөндө сөзсүз куткаруучу жилет кийиңиз. Кырсыктап калсаңыз, жардам келгенче жилет суунун үстүндө калууга жардам берет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан