КЫРГЫЗ ТИЛИ МЫЙЗАМЫ ОРУСИЯНЫН БАСЫМЫ АЛДЫНДА КАБЫЛ АЛЫНДЫБЫ?

Кыргызстанда “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы Орусияга жаккан жок. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров азыркы учурда Орусиядагы абал боюнча бейтарап маалымат жеткирүү, орус тилин, маданиятын алдыга сүрөө зарылдыгы турганын, Борбордук Азияда да татаал процесс жүрүп жатканын белгиледи. Мисал катары Кыргыз тили жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышын айтты.

– Мындан бир нече ай мурун ушундай идея көтөрүлгөндө Кыргыз досторго бул демократиялык көрүнүш эмес деп эскерткенбиз. Мисалы, бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө жана аны менен иштөөгө милдеттендирүү. Мамлекеттик кызматкер деген категорияга мугалимдер менен мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген врачтар да кирип калат. Биз бир нече жолу эскерткенбиз, бирок башка линия үстөмдүк кылып кетти,- дейт Лавров.

Мындай пикирди Лавров Москвада коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Кыргыз коомчулугунда Лавровдун билдирүүсү башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары кабыл алынды. “Эскертүү бергидей, мыйзамдарды кабыл алдырбай койгудай Лавров ким?” деп суроо салгандар да чыкты.

Президент Садыр Жапаров болсоЛавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп жатат окшойт, мыйзамда орус тилин басмырлайт деген түшүнүк жок” деди.

Айта кетсек, быйыл 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Мыйзам мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүүнү көздөйт. Кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди жумуштан бошотуу нормасы да киргизилген.

Айрымдар бул мыйзамды тарыхый мааниге ээ документ деп жатышат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Бишкектеги 4 райондун атын кыргызчалаш керектигин айтып чыкканда да Орусиянын Мамлекеттик думасынын айрым депутаттары сындап чыгышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан