– Экс-министр коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди гана эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана сиңдиси), жакын чөйрөсүн (үй кызматчысы, уулунун досу жана башка) тартуу менен экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган. Ошондой эле каржылоо үчүн долбоолорду тандоочу комиссиянын мүчөлөрүнө комиссиянын жыйналышын алардын катышуусусуз формалдуу өткөрүү үчүн Кутманова тарабынан кысым көрсөтүлгөнү аныкталды,- деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Кылмыш ишинин алкагында жалпы 9 адам айыпталып жатканы, Кутманованын уулун Түркиядан Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатканы айтылды. Кутманова УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кутманованын шектүү иштери тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада айтып чыккан. Анда такыр жыйынтыгы жок долбоорлорго 1 миллиард сом жумшалып кеткенин сындап, буга Кутманованы жанан анын жакындарын күнөөлөгөн.