ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНА 3 ЖЫЛДЫК ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ

Өлкөнүн энергетика тармагына 3 жылдык өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 24-июлда жарыяланды. Мындай режимди киргизүү Нарын дарыясындагы суунун азайышы жана электр энергиясын пайдалануунун тездик менен өсүшүнөн улам жаралган энергетикалык кризистен өлкөнү чыгаруу максатын көздөйт деп айтылат маалыматта. Ага ылайык, энергетика министрине өзгөчө укук берилет. Эми министр айыл чарба, жаратылыш ресурстары министрлеринин орун басарларынын, Суу көйгөйлөрү институтунун, “Кадастр”, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканаларынын директорлорунун, акимдердин энергетика багытындагы ишин координациялайт.

Өзгөчө кырдаал режими 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан