ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТОННЕЛДИН ЖОЛУНА АСФАЛЬТ ТӨШӨӨ БАШТАЛДЫ

26-июлда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин жолуна асфальт төшөө башталды. “Кыргыз автожол” ишканасы билдиргендей, 6-августка чейин тоннель күнүнө 10 саатка чейин жабылат. Бишкектен Ошту көздөй бараткан жеңил унаалар үчүн (“Сосновка” посту) саат 06:00дөн 16:00гө чейин, оор жүк ташуучу унаалар үчүн 03:00дөн 16:00гө чейин жол жабык болот. Ал эми Ош тараптан Бишкекти көздөй келаткан жеңил унаалар үчүн жол (Суусамыр өрөөнү) саат 06:00дөн 16:00гө чейин, оор жүк ташуучу унаалар үчүн 05:00дөн 16:00гө чейин жабылат. 6-августка чейин тоннелдин 2,5 чакырым жолуна толук асфальт төшөлүп бүтөрү расмий маалымдалды. Буга чейин тоннелдин электр системи, бетондолгон бөлүктөрү жаңыланган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан