АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Ал дагы мени сүйдү. Бирок мен...

Ажар эрдин тиштей берди. Бул оор жүктү бирөө менен бөлүшпөсө боло турган эмес. Кимдир бирөөгө айтышы керек эле. Көзүн көтөрүп алдында отурган психолог кызга карады. Эмнегедир ичиндеги бир туюм бул инсанга ишениш керек экенин айткансып жатты. Ойлуу отуруп, бир аздан кийин сүйлөп баштады.

– Эмил экөөбүз бири-бирибизди катуу сүйдүк. Ата-энебиздин каршы болгонуна карабадык. Мен анын жатаканасына качып кеттим. Атамдын абалы оорлошту, кыйкырды, өкүрдү. Бирок мен жолдошум үчүн баарына даяр элем. Расмий үйлөндүк. Мен ааламдын тогузунчу кабатында жашап жаткандай элем. Көп жылдар бактылуу жашадык. Бирок... менин боюмда болбоду.

Ажар сөзүнүн ушул жерине келгенде Берметти карап калды. Ал жөн гана муюп угуп отуруптур. Ажар көз жашын сүртүп алып сөзүн улады.

– Биз көп жылдар балалуу болгон жокпуз. Сабырдуулук менен чыдап күттүк. Жок, болбоду. Жараткан көп адамдарга берет го, көп бала кереги жок адамдарга деле берет. Бирок бизге эң керек нерсени бербеди. Эмне деген доктурларга, табып молдолорго көрүнгөн жокмун. Канча уйкусуз түндөр өттү. Акыры чындыкты кабыл алышка туура келди. Көрсө, мен бала төрөй албайт экем. Медицинада “детский матка” деп коёт экен. Жасалма уруктандыруу да мүмкүн эмес эле. Мени эне болуу укугумдан Жараткан эбак эле ажыратып койгон экен. Муну укканда жер астын-үстүн болуп кеткендей болду. Анткени өмүр бою эне болууга даярданып жүргөн элем. Дүйнөдөгү эң мээримдүү апанын кызы болчумун. Мен энеликти эң мыкты билген аял элем. Башкалардай болуп карьера же байлык тууралуу кыялданган эмесмин, менин сулуу-сулуу кыздарым, тентек уулдарым болот деп кыялданчумун. Энеликти бул жашоодо менчелик каалаган эч ким болбогондур. Бирок мен балалуу боло албадым. Медицинанын да күчү жетпеди. Муну билгенде Эмил менден жүз буруп кетти, ошол күнү экөөбүз үйгө эки башка келдик. Өмүр бою кол кармаша жетелешкен экөөбүздүн ошондо үмүтүбүз кесилди. Эне боло албасымды билгенден кийин Эмил үчүн кереги жок бир буюмга айландым. Бирок ал буюм ага керек эле. Пайдаланбаган, ошол эле учурда ыргытып жиберүүгө көз кыйбаган бир буюмга айландым. Эмнеге керек элем? Анткени жаңыдан бутуна туруп, атамдын тааныштарынын аркасы менен бизнесин түптөп келе жаткан. Эмилдей адам бул мүмкүнчүлүктү коё бербейт болчу. Ата болбой турган тагдырына ал дагы баш ийди. Азыр ойлойм, биздин бир эле балабыз болгондо, балким, баары таптакыр башкача болмок...

– Бирок сиздин уулуңуз бар?

– Бар, менин жашоомдун маңызы ошол уулум Эмир! Эмирди күйөөм тогуз айлык кезинде алып келди. Ушундай эле көчөдөн күчүк таап алгандай алып келди да, мага берди. Кайдан тапты, эмне кылды сураган жокмун. Менин билгеним – кучагымдагы наристе меники болчу. Бир көргөндө сүйдүм баламды. Эмирим, менин уулум! Менден башка кимдики болушу керек мындай акылдуу, кең пейил, боорукер бала. Жашоодон тапкан жалгыз үмүтүм ошол болду. Андан башка эч нерсе маанилүү эмес болуп калды. Мен төрөгөн жокмун, бирок төрөсөм мындан артык сүйөт белем билбейм. А күйөөм аны мендей үзүлүп түшүп кабыл албады. Эмир ал үчүн биздин никебизди кармап турган, эл алдында биздин да балабыз бар дей турган бир нерсе эле. Баланы такыр кабыл алган жок. Өмүр бою жаман көрдү. Бир да жолу башынан сылап эркелеткенин көрбөдүм. Өзү деле мүнөзү катуу киши болчу, бирок Эмирге келгенде ого бетер катууланчу. Көрсө, анын да жарасы болгон экен. Кийин жашыруун бир аял менен жашап жүрүп, андан эки уулдуу болду. Өз балдары төрөлгөндө аябай бактылуу болду.

– Сиз кандай абалда болдуңуз ал башка аялдан балалуу болгондо?

– Менби? Мен эч нерсе болгон жокмун. Бактылуу болсун дедим. Мен бере албаган бакытты башка аял бергенине бир чети ыза болдум. Бирок тагдырды өзгөртө албайт элем да. Кабыл алдым абалды.

– Демек, Эмир сиздин багып алган уулуңуз?

– Жок, ал менин өз уулум. Каны башка болушу мүмкүн, бирок жаны мени менен бир.

– Балаңыз билеби?

– Жок, билбейт. Кимдир-бирөө бул сырды ача турган болсо аны өлтүрүп койгонго даярмын.

Ажардын көздөрү жарк эте карады Берметке. Азыр эле бир калыпта отурган адам уулу тууралуу сөз болгондо дароо пантерага айланып кетерин сезди. Бала маселеси тууралуу кийин сүйлөшүш керек экенин түшүндү.

ххх

Айдай менен Илим Эмирди университетинин алдында акмалап турушту. Анын Түркиядан эл аралык сынакка катышып алдынкы орундардын бирин алып келгени тууралуу байма-бай жаңылыктар чыгып жатты. Канча күн аркасынан жүрүп жолуга албай, бүгүн да акмалап отурганы болчу Айдайдын. Бир маалда Эмир университеттен чыгып, өз машинасы тарапка бет алды. Айдай ошол учурда анын жанына барды. Эмир көзүн көтөрүп Айдайдын аны карап турганын көрдү. Эне-бала бири-бирин тиктеп турушту. Айдай уулуна көзү тойбой карап жатты. Көздөрүнө жаш толуп чыкты.

Эмир да көзүн ала качпай карап тура берди. Айдайдын жүрөгү тынчтана түштү. Эмир ал ойлогондой жек көрүп же күнөөлөп караган жок. Жөн гана тиктеп турду. Дал мурункусундай.

– Кандайсың, Эмир?

– Жакшы, өзүңүз?

– Мен бул ишке күнөөлүү эмесмин, мен сенин атаңдын өлүмүнө тиешем жок.

– Билем.

Ушул бир ооз сөз Айдайдын жан дүйнөсүн балкытып жиберди. Эмир билет! Ал жаман адам эмес экенин билет. Көздөрүндө толуп турган жаш кулап кетти.

– Рахмат, менин күнөөсүз экенимди билесиң, демек... Анда эмнеге мага келген жоксуң? Мен сага канча жаздым, бир келип кет деп сурандым.

– Айдай эже, биздин үй-бүлөдөн алыс туруңуз. Апамдан дагы, менден дагы. Жолуксам ушуну гана айтам деп даярданып жүргөм. Ооба, атам менен сиздин мамилеңизди билем. Канчалык оор болсо да бул чындыкты билем. Бирок апам үчүн дагы да оор. Мен апамды гана ойлонуп жатам азыр. Ал дарыланып жатат, жакшы болуу жолунда. Биздин жашообузда эч кимге орун жок. Ал эми шакирт катары мени ойлонуп жаткан болсоңуз, мен музыканы таштадым. Ал болгону хобби болчу. Мен музыкант болгум келбейт. Мындан ары бири-бирибиздин убактыбызды алып кереги жок. Менин сиз менен эч кандай ишим жок. Жакшы калыңыз!

Эмир машинесине отуруп жөнөмөй болду. Айдай алдын торой берди.

– Мен сага бир нерсе айтышым керек.

Ушул учурда ары жакта турган Илим келе калды.

– Айдай, кеттик,- деди ал чыдамы кете.

– Жок, мен баарын айтам. Эмир сен чындыкты билишиң керек. Мен сенин... Мен сенин...

Андан ары тили буулду. Кантип айтат? Жөпжөнөй, акыйкат чындыкты айта албады. “Мен сенин энеңмин”! Болду, баары ошону менен бүтөт. Бирок ошол чындыкты айтыш кандай гана оор. Айдайдын эриндери титиреп кетти. Тилинин учундагы нерсени айта албады. Илим аны кучактай берди.

– Эмир, жакшы бар. Айдай азыр жакшы эмес, түшүнгөнүңө рахмат.

Эмир башын чайкап турду да, машинесине отуруп жөнөп кетти. Айдай Илимдин кучагында солкулдап ыйлап жатты.

– Мен айта албадым! Энеси экенимди айта албадым. Каргыш алсын баарын, мен тилимдин учунда турган нерсени айта албадым. Мен ушундай коркокмун!

– Жаным, сен коркок эмессиң!

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан