Руслан Бекназаров, саясатчы: “АТАМДЫН “ДУХУН” СЫНДЫРУУ МҮМКҮН ЭМЕС”

Каарманыбыз Кыргызстанга белгилүү үй-бүлөнүн уулу, саясий активист Руслан Бекназаров. Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу. “Атам принципке бекем адам, өзү туура деп эсептеген нерседен оңою менен баш тартпайт” дейт атасы тууралуу. Руслан мырза менен саясаттагы жолу, өзүнө жана атасына кылмыш ишинин ачылышы, ой-тилек, кыялдары тууралуу сүйлөштүк.

– Кош келипсиз, Руслан мырза, маанайыңыз кандай? Жайдын ысыгынан кантип коргонуп жатасыз?

– Саламатсыздарбы, кош келдим. Айрым өлкөлөргө салыштырганда бизде 4 мезгил тең бар, ошонун ырахатын сезип жашайбыз, кандай бактылуубуз. Кудай бизге Ысык-Көлдөй берметти бериптир, кечээ эле Ысык-Көлдөн келдим. Жолду катар туристтер. Тоолорубуз не деген керемет, андыктан ысыкты ысыктай, суукту сууктай кабыл алып кубанып жашаганыбыз туура.

– Сот иштериңиз тууралуу айтып берсеңиз. Сизге козголгон кылмыш иши саясий мотивдеби же катачылык кеттиби сизден да?

– Мага тергөөчүлөр “экстремисттик материалдарды тараткан” деп айып коюшту. Мындан 3 жыл мурун Таалатбек Масадыков (ред.: президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү) талибдерге гуманитардык жардам жеткирип барып келбедиби, ошондон кийин мен да талибдерди куттуктап пост жазган элем. Ошону далил зат катары колдонуп жатышат. Бир сайтка берген видеомаегимден кесип алышып далил деп тергөө ишине тиркешти. Айтор, алар келтирген далилдерди тактап, аныктоо аркылуу жокко чыгарып, пост башка өңүттө жазылганын далилдеп берсем башка 4 барактык далил зат таап чыгып жатышат. Эксперттердин пикирине да карабай, соттор мени 1 жылга шарттуу түрдө соттошту. Бул жерде, албетте, саясий мотив бар. Эмне үчүн минтип жатканын ошол саясий мотивди колдонуп жаткан адамдардан сураш керек.

– Сиздин сот ишиңиз менен атаңыз Азимбек Бекназаровдун саясий ишмердүүлүгүнүн байланышы канчалык? Ал киши азыркы бийликке оппозиция болбосо, балким, мунун баары болбойт эле...

– Ооба, байланышы бар. Атамды тыйып, кысып, оозун жабыш үчүн ойлоп табылган кылмыш иши деп эсептейм. Атам 9 айдан бери абакта отурат. Саясий буйрук болсо, атамдын ордуна мени камап коюшса жеңилирээк болмок. Сиздин суроого күлүп, жылмайып жооп берип отурганым менен, албетте, жүрөгүм ооруйт. Атанын орду ыйык. Анын үстүнө атамдын кант диабети бар. СИЗОнун медициналык бөлүмүндө мыкты медициналык жабдуулар бар, дарыгерлер жакшы карашат. Атама ошол бөлүмгө барып текшерилиңиз десек болбой жатат. Себеби текшерилсе “ооруйт” деген корутунду чыгышы мүмкүн. Коомчулук “чоңдор камалса эле ооруп калышат” деп көп айтат эмеспи. Ошондой сөздү укпайын деп көгөрүп эле текшерилбей жүрөт. Абакта күнүнө 40 мүнөттөн сейилдөөгө алып чыгышат, тынбай спорт менен алектенип өзүн-өзү кармап жатыптыр.

– Өткөндө соттон көрдүк, атаңыздын “духу” ошол бойдон экен...

– Атамдын “духун” сындыруу өтө кыйын, мүмкүн эмес. Анын акыйкаттык, адилеттүүлүк үчүн деген принциби бар, андан тайганын көрө элекпиз. Өйдө жактагылар “Кемпир-Абад маселеси чечилди, келгиле ишти бүтүрөлү” дегенсип жатышат. Мен алар менен сүйлөшүүгө аракет кылган күндө деле атам макул болбойт. Мен аксакалмын, камалгандардын баары чыксын абактан, анан мен чыгам деп жатат.


– Жакында Азимбек ага сизге абактан кайрылды. Анда бийликке кошомат кылбай турганын, күрөшөрүн, ошол эле учурда пенде катары кыйналып, сизди аяй турганын айтты. Бул каттан кийин атаңыз менен сыймыктандыңызбы же аядыңызбы?

– Негизи мен эс тарткандан бери атам саясатта жүрөт, саясий жолу оор. Бийликке каршы чыгуу жеңил эмес да. Бийликте да болду, өлкөдөгү революцияларда сап башында жүрдү. Атам менен пикет-митингдерде чогуу жүрүп эле чоңойдум. Байкабаптырмын, мен камалганда атам аябай кыйналганын көптөр айтышты. Ата-эне үчүн баланын азабы өтө оор да. Эсимде, атам Үзөңгү-Кууштун берилишине каршы чыгып биринчи жолу камалганда чоң энем катуу ооруп калган. Кайра өзүнө келе алган жок, көз жумуп кетти. Азыр атам “балам, сен тынч болсоң болду, мен саясатта жалгыз күрөшөм” деп жатат. Бийликтегилерге “үй-бүлөмө тийбегиле, күрөшсөңөр мени менен күрөшкүлө” деди. Атамды аяйм дагы, сыймыктанам дагы. Өзүн бекем кармап сыр бербегени менен, жан дүйнөсүнүн бир бурчунда кыйналып жатса керек. Атам кичинесинен эмгекчил, мээнеткеч болгондуктан айылдагылардын баары аны “Иштерман” дечү. Мени “Иштермандын баласы, бери кел” деп чакырышат эле. Кийин депутаттыкка талапкерлигин койгондо биз “Иштерманды” шайлайбызбы же Азимбектиби деп талашып-тартышканы эсимде. Бекназаровдун баласы десе сыймыктанам, атам тууралуу эч кимден жаман пикир уга элекмин.

– Өзүңүздүн саясий жолуңуз тууралуу айта кетсеңиз...

– Чынында саясатка аралаштым деп айта албайм. Ооба, депутаттыкка талапкерлигимди койдум. СИЗОдо отуруп чыккандан кийин коомчулукка аралашып, бар экенимди билдиргим келди. Атамдын саясатта жүргөнү жетишет, мен ал жакта ашыкча болуп калам го. Табиятым муниципалдык кызматтарга жакын, айыл өкмөттө, акимиатта иштесем, жоктон бар кылган жөндөмүмдү ушундай иштерде колдонгон жагат.

– Белгилүү спортчу, депутат Шайлообек Атазов жакын досуңуз экенин билебиз. Экөөңүздөрдү эмне бириктирип турат?

– Бири-бирибизди саясатка келгенге чейин эле таанычубуз. 2005-жылдан бери таанышпыз, ал катардагы спортчу, машыктыруучу болуп окуучуларын Бишкекке беттешке алып келгенде мен тосуп алчумун. Кээде үйүмдө түнөп калышчу. 2010-жылкы революциядан кийин экөөбүз жаш жарандык активист катары чыгып, пикирибиз келишип, жакын дос болуп кеттик.

– Азыркы учурда сизди ойлондурган 3 нерсени айтып берсеңиз?

– Биринчиси атамдын эртерээк абактан чыгышын күтүп жатам. Экинчиси, мамлекеттин келечеги. Башыбыздан 3 революция өттү, бирок алдыга эмес, артка кетип жаттык. Оппозиция-бийлик болуп бөлүнүп кайым айтыша бербей, өлкөнүн эртеңи үчүн чогуу иштегенге убакыт келди деп ойлойм. Үчүнчүсү, бул үй-бүлөмдүн, балдарымдын амандыгы. Балдарым мыкты тарбия, татыктуу билим алып, өлкөбүздүн бир бурчун тарта турган жакшы инсан болуп чоңоюшса экен дейм.

– Спортко жакынсыз, билишимче, ашыкча салмак менен күрөшүп жеңдиңиз?

– Спорт – адам турмушундагы эң негизги принциптердин бири болуш керек экен. 13 жыл бою 100 килограммдан ашык салмакта жүргөм. Азыр ошол абалыма кайткым келбейт. Спорт – тартип, ден соолуктун булагы. Спорттун көп түрү менен алектенем.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан