КУУРУЛБАГАН КЫШКЫ ВИТАМИНДҮҮ САЛАТТАР

Кыш. Суук. Бир нерсе жегиң келип, бир нерсе жетпей жаткандай абал. Анан эле жайында жаап койгон салатты, компотту эстей калып, ошону менен моокумуңду кандырып алуу кандай сонун. Ошол күндөргө камданалы анда. Бул жолу куурулбаган, сыртынан кайнатылып жабылган витаминдүү салаттардын рецепттери алдыңызда.

Шакарап салаты

Керектелүүчү азыктар (3 литр үчүн):

Помидор – 1,5 килограмм

Бадыраң – 500 грамм

Кызыл, жашыл болгар калемпири – 2 даанадан

Пияз – 2 баш

Сарымсак – 1 баш

Ачуу калемпир – 1 даана

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Ашкөк – 1 боо

Кумшекер – 3 чай кашык

Уксус (9%) – 3 чай кашык

Тоголок кара мурч – 15 даана

Туз – 1,5 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз. Помидорду орточо чоңдукта, бадыраңды 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек, пиязды жарым шакекче, болгар калемпирин ичке узун-узун туурап алабыз. Сарымсакты майда тууралат. Бардык азыктарды бириктирип, үстүнө туз себелеп аралаштырабыз. Тузун татып көрүү керек, эгер жетиштүү болсо майды куюп аралаштырып, 40-50 мүнөт ширеси чыкканча коё туруу кажет.

2. 1 литрлик 3 банка алып, аны буулап, же 100 градуста ысып турган электр мешинин торуна 30 мүнөт коюп стерилдөөгө болот. Капкактарын да сууга 5-10 мүнөт кайнатып алуу керек.

3. Ар бир банкага 5 тоголоктон мурч кошуп, салаттарды салабыз. Түбүнө чыккан шире баарына текши бөлүштүрүлөт. Капкактарын бош эле жаба турабыз. Чарага же мискейге жука майлык төшөп, банкаларды салабыз. Банканын ийинине жеткизе ысыгыраак суу куюп кайнатабыз. Кайнаганда отту бир аз азайтып, 30-35 мүнөт кайнатабыз. Эгер 0,5 литрлик банкалар болсо 20 мүнөт кайнатуу жетиштүү.

4. Банкаларды чыгарып, бир чай кашыктан кумшекер, уксус куюп, капкактарын бекитип чыгабыз. Көмкөрүп жылуу ороп коюу керек.

Корей салаты

Керектелүүчү азыктар (3 литр үчүн):

Бадыраң – 2 килограмм

Сабиз – 700 грамм

Сарымсак – 5-6 тишче

Ачуу калемпир – 1 даана

Өсүмдүк майы – 60 миллилитр

Уксус (9%) – 3 чай кашык

Кориандр же корей салаты үчүн татымал – 1 аш кашык

Кумшекер – 3 чай кашык

Йоддолбогон туз – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Бадыраңды жууп, эки башын кесип муздак сууга жок дегенде 1 саат чылап коюу керек, андан көбүрөөк чыласа да болот. Натыйжада бадыраңдын ачуусу кетип, кыртылдап жакшы маринаддалат. Бадыраңды тегерек же туурасынан экиге бөлүп, узун кесебиз.

2. Сабизди сүргүчтүн чоңураак тишинен өткөрүп, бадыраңга кошобуз. Сарымсак менен ачуу калемпирди жука туурап, буларды да салабыз. Өсүмдүк майына уксус, туз, кумшекер, татымалды салып маринад даярдайбыз. Аны сабиз менен бадыраңдын үстүнө куюп аралаштырабыз. Муздак жерге же муздаткычка коюп 2 саат күтө туруу кажет.

3. Бууланган банкаларга салатты салып, түбүнө чыккан ширесин толтуруп куябыз. Мискейге жука майлык төшөп, жылуу суудан куюп кайнатабыз. Жогорудагыдай ыкма менен 25 мүнөт кайнатуу керек. Кышкыга бадыраңдан корей салаты даяр. Көмкөрүп жылуу ороп муздатуу зарыл.

Рататуй

Керектелүүчу азыктар (3 литр үчүн):

Баклажан – 1 килограмм

Кабакча – 1 килограмм

Помидор – 1 килограмм

Болгар калемпири – 500 грамм

Пияз – 300 грамм

Сарымсак – 1 баш

Райкан – 1 боо

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Уксус (9%) – 3 чай кашык

Туз – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Эгер баклажан өтө бышып кеткен болсо эки башын кесип, сууга салып ачуусун кетирип алабыз. Ал эми кабакчанын кабыгы калың болсо аарчып салуу оң. Буларды 1-1,5 сантиметр калыңдыкта тегерек кесип, 200 градуста ысып турган электр мешине 15-20 мүнөткө салып чыгарабыз. Кесимдерди табага тизердин алдында жакшы майлап коюу кажет.

2. Пияз менен болгар калемпирин төрткө бөлүп, узатасынан туурайбыз. Бул экөөнө тузду себелеп жумшарышы үчүн мыжыга аралаштырып коюу зарыл.

3. Помидордун түп жагын кайчылаштыра тилип, үстүнө кайнак суу куябыз. 5 мүнөттөн соң алып чыгып муздак сууга сала туруу керек. Кабыгы оңой аарчылат. Майда туурап же блендерден эзип алабыз.

4. Райкан бул салат үчүн жакшы татымал, бирок ордун башка ашкөктөр менен алмаштырууга болот. Ашкөктү майдалап, уксустан башка бардык азыктарды чогултуп аралаштырабыз. Ачууну жакшы көрсөңүз ачуу калемпир да кошуп койсоңуз болот.

5. Бууланган 1 литрлик же андан кичирээк банкаларга салып, капкактарын жаба турабыз. Эми жогорудагы ыкмадай эле сууга салып 35 мүнөт кайнатуу керек. Уксустан ар бирине текши куюп, капкактарын бекитебиз.

  • Сыртынан кайнатып бышыруу ыкмасында жашылча-жемиштеги А, Е, К, Д витаминдери, көпчүлүк микро, макроэлементтер сакталып калат. Бирок С витаминин сактоого мүмкүн эмес.
  • Кышкыга камдалган азыктарды ошол жылы түгөтүү сунушталат, болбосо барган сайын пайдалуулугун азайтат.
  • Уксусту, тузду пайдаланууда мала татытуу оң. Болбосо ашказан-ичегинин былжырын дүүлүктүрүп, бөйрөктүн иштешине, кан басымдын көтөрүлүшүнө терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.
  • Жашылча-жемиштердеги витаминдерди болушунча сактап калуу үчүн тоңдуруу, кургатуу, ачытуу жолдорун да пайдаланууга болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан