Бакытбек Жумаев, 38 жашта: “ТАР ҮЙДӨ БАЛДАРЫМ КЕНЕН ЖАТСЫН ДЕП КЭЭДЕ ЖУМУШТА ТҮНӨП КАЛАМ”

Каарманыбыз Бакытбек Жумаев коомчулук жалгыз бой аталарга караганда жалгыз бой энелерге сезимтал келет деген пикирде. “Балдарымды багыш үчүн 2-3 жумушта тытынып иштедим. Бирок аны милдет кылбайм, бала багууда ата-эненин ролу бирдей болушу керек”,- деген Бакыт мырза турмушта оор сыноолорду баштан өткөргөнүн айтып отурду.

“Намыстандым, кыйналсам да балдарды берген жокмун”

– 1985-жылы Ат-Башы районунда туулгам. 10-классты айылдан бүтүп, шаарга келип жогорку окуу жайга тапшыргам. Турмуш шартка байланыштуу окуумду бүтө албай калдым. 20 жашымда үйлөндүм. Жакшы эле жашап жүргөнбүз, турмушта түрдүү сыноо болот тура, кээ бир түгөйлөр андан өтүп кетсе, айрым үй-бүлөлөр ал сыноодон өтө албай ыдырайт экен. Биздин үй-бүлө очогубуз да ортодогу келишпестик, түшүнбөстүктөрдүн айынан ыдырады. Коломтобузду ортодо 3 бала турганына карабай сактай албадык. Аялымды деле жамандагым келбейт, күнөө экөөбүздөн тең кетти, жаштык кылдык. Ажырашкандан кийин аялым балдарды алып төркүнүнө кеткен. Бир жылдай кайын журтта жашашты, барып-келип кабар алып турдум. Андан кийин аялым иштегени Москвага кетем деп чыкты. “Балдар апасыз кантип тарбияланат?” деп катуу айтып, экөөбүз дагы бир жолу ызы-чуу түштүк. Аялым айтканынан кайтпады, акыры Москвага кетти. Мен балдарымды алып келдим. Жок дегенде балдар атасы менен бирге чоңоюшу керек да. Башында кайын журтум, аялым чалып “балдарды бага албайсың, эртең эле кайра алып келесиң” дешти. Балдарды энеси жок деле, эч нерседен кем кылбай бага аларымды аларга далилдегим келген. Чынында намыстанып отуруп, кыйналсам да балдарды берген жокмун. Ал чечимиме азыр өкүнбөйм. Улуу кызым 9-классты бүтүп, колледжге тапшырды, уулум 8-класста, кичүү кызым 4-класска көчтү. Курсактары ток, кийимдери бүтүн, эч нерседен кем кылбай чоңойттум.

“Аял кишиден алимент сурамак белем”

– Биз расмий түрдө ажыраша элек болчубуз. Мындан 2-3 жыл мурун тиешелүү органга “ЗАГСты кыркып бергиле” деп барсам, “ушунча жылдан бери балдарыңызды жалгыз карайт экенсиз, аялыңыздан алимент өндүрүп алсаңыз болот” дешти. Кийин да “аялыңыз алимент төлөп жатабы?” деп сурап жүрүштү. Эми мен кантип эркек башым менен аялымдан алимент сурамак элем деп баш тартып койгом. Апасы кабарлашпайт, бирок балдарымдын таенеси чалып ал-абалын сурап, кээде таттууларын көтөрүп келип калат. Мен деле балдарымдын тайлары менен катышуусуна тыюу салган жокмун. Аялым апасы аркылуу балдардан кабар алып жатса керек. Экөөбүздүн сүйлөшпөгөнүбүзгө көп жыл болуп кетти.

“Балдарым уктагандан кийин ыйлаган күндөрүм болду”

– Биз ажырашканда кичинекей кызым 2 жашта эле, балдарды кичинекей кезинде баккан аябай оор экен. Сыркоолоп калса ооруканага ташыйсың, аны карап жатасың, ал жакта жатып да берки балдарыңды ойлоп кабатыр болосуң. Балдарды багам деп үйдө такыр бекер жаткан жокмун. 2-3 жумушта тытынып иштейт элем. Кичинекейимди бала бакчага албай коюшканда, унаама салып жумушка алып келчүмүн. Түштө уктап калса күзөтчүнүн будкасына жаткырып коём. Ойгонгондо курсагын тойгузуп, айтор, ал кызым мени менен жумушта жүрүп эле чоңойду. Азыр 4-класста окуйт.

Башында тамак жасап, кирин жууп, тамагын убагында бергенден аябай кыйналдым. Ооруп калышканда аларды уктатып коюп үйдүн артына өтүп алып ыйлачумун. Кандай аталар балдарын таштап кабар албай кетишет түшүнбөйм. Кээде “Кудай, эмнеге мени тапканын ичип-жеп, кийинген, кайдыгер ата кылып койгон жоксуң” деп жиним келчү. Бирок чыдадым. Улуу кызым чоңойгондон кийин үй жумуштарын, тамак-ашты жасап жардамчым болуп калды. Балдарың чоңойсо буту-колуң узарат деген чын тура.

“Кызым үйлөнүңүз деп жатат”

– Балдарым кичине кезинде бир жолу үйлөнгөнгө аракет кылып көрдүм. Ал кыз турмушка чыга элек кыз болчу, ата-энеси 3 баласы бар кишиге бербейбиз деп макул болбой коюшту. Мени чоң эле киши элестетишти окшойт. Ошондон кийин үйлөнбөй эле коёюнчу дегем. Бирок жакында кызым “ата, мен экинчи нөөмөттө окусам иним менен сиңдим каралбай калчудай, үйлөнбөйсүзбү? Өзүңүз да жеңилдеп калат элеңиз” деди. Азыр ойлонуп жатам, Кудай буюрган болсо, маңдайга жазган бирөө тургандыр.

“Коомчулук жалгыз бой аталарга караганда, энелерге сезимтал келишет”

– Мени тааныгандар буга чейин “маалымат каражаттарына чыгып жардам сурабайсыңбы?” деп сунуштап жүрүшкөн. Намыстанып эле баш тартып койчумун. Чынында балдарымды ачка калтырбай бакканга күчүм жетет. Бирок батир маселеси кыйнап койду. Былтыр Орусиядагы мобилизациядан жарандар биздин өлкөгө качып келишкенде дароо батир акысы көтөрүлүп кетпедиби. Азыр шарты жакшыраак батирге чыгайын десең айына 20-25 миң сом экен. Менде аны төлөгөнгө шарт жок. Биздей жарандарга ипотекага үй алуу дегеле мүмкүн эмес окшойт. Учурда Новопавловка айылында 9 чарчы метрлик чакан батирде турабыз. Кыздар, балдарым чоңойгон сайын тар бөлмөдө батпай деле калат экенсиң, кээде балдарым кенен жатсын деп жумушта түнөп калган күндөр болот. Ошого үй салганга элден жардам сурасамбы дегем. Себеби бир кишинин тапканы жетпейт экен. 2-3 жумушта иштесем деле күнүмдүк тамак-аш, батирибизден артпайт.

Өткөндө бир жалгыз бой ата тууралуу макала жазган экенсиңер, көп аялдар “эркек киши бакса болбойт бекен эмне?” деп комментарий жазышыптыр. Биздин менталитетке ылайык, баланы тарбиялоодо эненин ролу зор да, ошого балдар энеси менен чоңойсо дейм. Биздин коомдо энеси балдарын таштап кеткен окуялар азыраак, ушул себептүү энени көбүрөөк айыпташат. Бирок ажырашууда эч качан бир тарап гана күнөөлүү болбойт, эки тарапта тең айып болот. Азыр мага деле “өгүздүкүндөй күчүң бар экен, иште, элден жардам сурабай” дегендер чыгат болуш керек. Анткени биздин коом жалгыз бой аталарга караганда, энелерге сезимтал келишет. Ошого карабай бизди да түшүнгөн жакшы адамдардын бар экенине ишенем. Президент Садыр Жапаров азыр шарты начар үй-бүлөлөр үчүн ипотекага бериле турган турак жайларды куруп жатканына сүйүнүп жатам. Өкмөт калыс карап, ошол үйлөрдөн биздей жалгыз бой аталарга каралашса дейм. Батирге төлөгөн акчаны өкмөткө төлөп үйлүү болуп калат элек. Көп кайрымдуулук фонддорго кайрылдык, алардын баары эле жалгыз бой энелерге жардам кылып, үй салып беришет экен. Жалгыз бой аталар да жардамга муктаж экенин мендей жүздөгөн аталардын атынан белгилегим келет.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

MBank: 996701878487

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан