1990-2000-жылдар... “Жаш кыял” эстрада тобу популярдуу болуп турган учур. Эсиңизге сала кетсек, “Ананайын”, “Салфия”, “Унутчу мени”, “Гүлмира” деген ырлар эл оозунан түшчү эмес. Ошол атактуу топтун жылдызы, азыркы учурда да чыгармачылык менен алек болуп жүргөн ырчы Бахадыр Карабаев агабызды кепке тарттык.
– Саламатсызбы, Бахадыр ага? Алгач азыркы учурда эмне менен алек болуп жүргөнүңүздү сурайын...
– Саламатчылык. Учурда эски ырларды жаңылап жаздырып, концерт берүүгө даярданып жатабыз. Айтылуу “Биз”, “Эрк”, “Айнуру”, “Нур”, “Максат-Баткен”, "Максат-Бишкек", “Кыргызстан +”, “Жаштык”, “Таалай элеси”, “Таалай”, “Жаныш-Байыш” жана “Жаш кыял” топтору биригип ретро-концерт уюштуралы деген ниетте турабыз.
– Баарыңыздар кантип кайра табышып калдыңыздар?
– Биз дайым эле байланыштабыз.
– Жакшы экен. Ошондо концерт качан болот?
– Ырларыбызды жакшылап даярдап, баарын иретке келтирип алгандан кийин болот. Азырынча убактысын так айта албайбыз. “Эл сагынып калыптыр, чогуу чыгып концерт коёлу, кайрадан чыгалы” деп сүйлөшүп жатабыз. “Качан концерт коёсуңар? Жоголуп кеттиңер го” деп жазгандар өтө көп. Күйөрмандарыбызды кубанталы деп турабыз. Ретро-концерт берип алгандан кийин жеке концерттерди бере баштайбыз.
– Элдин жакшылыктарына чакыруу көппү сиздерде деле?
– Ооба, чакыруулар көп болуп жатат. Орусияга чейин барып жатабыз. Биздин ырларыбыз элдин жүрөгүнө сиңип калыптыр. Тойлордо жаңы ырларды эмес, көбүнчө эски ырларыбызды суранышат. “Гүлмира”, “Салфия”, “Ананайын”, “Махабат” деген ырларды көп ырдайбыз.
– Социалдык желеде сизди мактап, сагынычын билдирип жазгандар көп экен. Сизди кыргыздын Юрий Шатунову дегенди да көп окудум...
– Атактуу “Ласковый май” тобунун солисти, мыкты ырчы Юрий Шатунов каза болуп калды. Анын ырларын кичинемден ырдачумун, кийин топ түзүлгөндөн кийин да ырдадым. Шатуновдун хит ырларынын баарын ырдайм десем жаңылышпайм. Жаздырып ырдагам, попурри да жасагам. Орусияда “Ласковый май” номер бир болуп турганда биздин “Жаш кыял” деле Кыргызстанда элге аябай жаккан топ эле. Өзбекстанда “Болалар” деген да топ түзүлгөн. Биздин ырларыбыз, идеяларыбыз окшошуп кетет. “Болалар” да, “Жаш кыял” да “Ласковый майдын” артынан, аны туурап чыккан топтор. Шатуновдун өзүнө да “булар сенин таасириң менен жаралган топтор” деп айткам. Аны менен байланышта болчубуз. Диск беришип-алышып калчубуз, Орусияга барганда жолукчубуз.
– 1990-жылдары популярдуулугуңуздар артып турду, ошол учурду бир эстесеңиз...
– Ооба, ачык айтыш керек, жылдыз болдук. Кайсы жакты карасаң “Жаш кыял” ырдап жаткан учур болду. Ал учурда ырларды кассетага жаздырчубуз, жандуу ырдачубуз. Компьютер жок эле. Тойлорго да аспаптарыбызды көтөрүп алып барып ырдачубуз да. Биз кассетадан таанылганбыз, кийин гана жүзүбүздү көрүшкөн. Жүзүбүздү көрө электе эле “Жаш кыял” деп сүйүп угуп жүрүштү.
Ал мезгилде тынбай иштеп, Кыргызстанды түрө кыдырып жүрдүк. Шаңдуубуз, жашпыз. Концертибизге эл келбей калат деп кабатырланган учур болгон эмес. Анткени дайыма залга эл батпай калчу, аншлаг менен өтчү. Атүгүл азыркы Спорт сарайына батпай, сыртта калып кетишчү көптөр.
– Ошол учурду сагынасызбы?
– Албетте, сагынам.
– Популярдуулуктун кайталанышын каалайсызбы?
– Кереги жок болуш керек. Ушул эле жетет. Эл тааныйт, билет. Бирок азыркы жаштар билбейт. “Жаңы чыктыңызбы?” деп сурашат, “ооба, жаңы чыктым” деп коём аларга.
– Анткен менен азыркы жаштар деле ырларыңыздарды билишет...
– Ооба, ырларыбыз элдин жүрөгүндө калды. Биз өтсөк дагы, ырларыбыз кала тургандай сезилет.
– Күйөрман кыздар тууралуу сүйлөшсөк...
– Күйөрман кыздар өтө көп болчу. Алардан кадимкидей каччубуз. Кайда барсак да артыбыздан ээрчип алышар эле. Биз үчүн бири-бири менен мушташкан кыздар болгон. Белектерди беришчү. Көбүнчө гүлдөрдүн ичине бир нерселерди салып коюшчу. Каттар эсепсиз келчү, окуганга жетишчү эмеспиз. Азыр жылдыздар менен сүрөткө түшүшөт го. Ал кезде бизден автограф сурашчу. Дептерине же колуна жазып берчүбүз. Биз жазган колун жуубай бир нече күн жүрүшчү экен.
– Күйөрман кыздарга сүйүү тутанган учурларчы, болчу беле?
– Күйөрман кызга сүйүү тутанып, үйлөнгөнбүз да (күлүп). Ырдай албаган кыздар деле калп эле шылтоо кылып “топко ырчы кыз аласыңарбы?” деп келе беришчү. Ошонун ичинен менде бирөө калган. Дегеним, жагып калып, үйлөнгөм. 19 жашымда үйлөнгөм. Келинчегим анда 15 жашта болчу. Учурда 3 балабыз, 2 неберебиз бар.
– Учурда кызыңыз, балаңыз да ырдап жүрүшөт...
– Ооба, ырдашат. Бирок популярдуу болуш үчүн эмес, өздөрү үчүн гана ырдашат. Кызым да, уулум да кесиби боюнча юрист. Уулум азыркы тапта Түркияда иштеп жүрөт. Кичүү кызым мектеп окуучусу. Эртеден-кечке Тиктокто отурат. “Мени ырдатасыз” деп азыртан айтат. “Бир аз чоңойсоң, сага да сонун ырларды жаздырып берем” деп коём, кубанып жүрө берет. Көңүлүн оорутпай минтип айтып койгонум менен, кыздарымдын ырчы болушун каалабайм. Кыздарга шоу-бизнесте кыйын. Бирок алардын тандоосуна, чечимдерине кийлигишүү да туура эмес. Адам жүрөгүнө жаккан ишти жасашы керек.
– Мурда жылдыздар гастролдоп кетип, 2-3 айлап же жылдап балдарын көрбөй калышчу экен, сиз делеби?
– Мен 2-3 айлап жүрчү эмесмин, чыдабайт элем. Улуу кызым Айжан төрөлгөндөн тарта эле менин жанымда өстү. Апасы менен кошо гастролго ала кетчүмүн. Концерт болуп жатса, сахнанын артында уктай берчү. Аларсыз гастролго кетсем, кызым көзүмдөн өтчү, аябай сагынчумун. Кызымды таштап эң узагы 1 айга гастролго кеткем. Кайтып келип кызымды көргөндө көзүмдөн жаш агып кетчү. Кечээ эле келинчегим менен балдарымды Ошко узатып, өзүм Бишкекте калгам. Сагындым, тезирээк эле алардын жанына жетсем деп турам азыр.
– Чыгармачылыкта жубайыңыздын колдоосу канчалык болду?
– Албетте, жубайым мени ар дайым колдоп, бирге болуп, акчамды чогултуп жүрдү. Мен чогулта албай чачып салсам керек эле. Үйгө келсем жылмайып тосуп алат, тамагым даяр, кийимим таза, үтүктөлгөн. Ушунун өзү колдоо да.
– Жубайыңыз күйөрман кыздарды жаныңызга жолоткусу келчү эмес болуш керек?
– Кызганчу. Элестет, жубайым мени менен чогуу жүрсө деле кыздар артымдан ээрчип алышса. Кыздарга автограф берерде мен кийим которуучу жайдын ичинде эшигин жаап алып отурчумун. Кыздар кезекке туруп калышат. Жубайым кагаздарын мага алып, кайра берип эшиктин оозунда турчу (күлүп).
– “Жаш кыял” тобунун калган мүчөлөрү азыр кайда, эмне менен алек?
– Топто Алмаз Умарбеков, Алмаз Белеков, Алмаз Жороев, Дооронбек Жолдошев, Назира Алимжанова, Нурила Салмаматова жана мен болчубуз. Кыздарыбыз турмушка чыккан. Жигиттерибиздин арасында бизнесмендери бар. Доорон экөөбүз чыгармачылыкта элебиз. Доорон үн жаздыруучу студия иштетет.
– Азыркы ырчылардан кимдердин талантын баалайсыз?
– Көптөрүн баалайм. Бирок ырдай албагандары да көп, ошолорду жөн эле коюшса дейм. Бизден кийинки муундан Ильяз Абдыразаковдун, Өктөм Сапар уулунун, Замир Мырза, Мирлан Ниязов, Жаныш, Байыш Момуновдордун талантын баалайм.
Перизат Музуратбекова