ЭМЧЕКТИН КИСТА ООРУСУНУН КҮНӨӨКӨРҮ – АБОРТ ЖАНА СТРЕСС

Эмчектин залалдуу эмес шишик ооруларына фиброаденома, мастопатия, киста, липома кирет. Бүгүн киста дарты тууралуу сөз кылабыз. Дарт 30-50 жаштагы аялдардын 50 пайызга жакынында кездешет. Андыктан ооруканалардын эшигин каккылаган бейтаптар көп. Эгер убагында дарылатпаса ракка айланып кетиши мүмкүн. Толук маалыматты Улуттук онкология дана гематология борборунун маммолог врачы Яна Карабаевдан угалы.

Оору кантип жаралат?

Калыптагыдай эмчекте 20дан ашык сүт каналчалары бар. Алар эмчектин тереңинен башталып, үрптү көздөй созулат. Үрптө каналчалар байламталар менен кармалып турат. Эмчектин кистасынын жаралышынын себеби, ошол сүт каналчаларынын сезгенүүдөн улам чоюлуп, кеңейип кетиши. Сезгенген жердеги тутумдаштыргыч ткандар калыңдап, капсула пайда болот да, ичине суюктук толо баштайт. Мына ушул ичине суюктук толгон капсула “киста” деп аталат. Киста өзү да сезгенип, ириңдеп кетет. Кистаны жөнөкөйлөтүп айтканда барсылдак деп түшүнсө болот.

Киста формасы боюнча тегерек, сүйрү же башка түзүлүштө болот. Өлчөмү бир нече миллиметрден тарта 5 сантиметрге чейин жетет. Чоң өлчөмдөгүсү эмчектин формасынын өзгөрүшүнө жеткирет. Кармап көргөндө колго урунат. Кичинелери эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт жана бар экени деле билинбейт. Аял УЗИден текшерилгенде гана билинип чыга келиши мүмкүн. Киста чоңоюп кетсе сүт каналчаларын, ошондой эле нервдерди кысып калат да, оорутуу жаралат.

Киста өсүүсүн токтотпой өсө берсе, анда ракка айланып кетүү коркунучу бар. Андыктан оорунун белгилери билинер замат аял текшерилип, анализ тапшыруусу кажет. Киста диагнозу коюлгандарга мончого барууга, күнгө күйүүгө болбойт. Себеби ысык жана күндүн зыяндуу нурлары ооруну күчөтүп жиберет, рак клеткалары өсүп кетиши мүмкүн.

Дарттын белгилери

• Эмчектин шишиши

• Киста жаралган жердин уюп оорутуусу. Ошол жердеги теринин кызарышы же көгөрүшү

• Эмчектин формасынын өзгөрүшү

• Эмчектин үрпүнөн суюктуктун чыгышы

• Этек кир келер алдында (айрымдарда келген учурда да) эмчектин катуу оорутушу

Этек кир учурунда кан кетип, кандын курамындагы суюктук да сыртка чыгып кетери белгилүү. Ушул себептүү организм кургап кетүүдөн өзүн сактап, суюктуктун канча бир пайызын этек кир келерге чейин кармап кала баштайт. Ушундай учурда клеткалар шишимик тартат да, барсылдактар кысылат. Кысылган барсылдактар нервдерди, сүт каналчаларын ого бетер кысып, оорутуу күчөйт.

Түрлөрү

Өлчөмүнө жараша микро жана макрокисталар болуп бөлүнөт. Микрокисталар бир нече миллиметрден тарта 2,5 сантиметрге чейинкилери. Кол менен эмчекти кармалап көргөндө билинбейт. Макрокисталар 2,5-5 сантиметрге чейинкилери. Кармап көргөндө кадимкидей колго урунат.

Тибине жараша бөлүнүшү

• Атипиялык киста. Бул кистанын капталдарындагы (стенка) тутумдаштыргыч ткандардын ичти көздөй өсүп башташы.

• Фиброздук киста. Мында кистанын капталдарындагы (стенка) тутумдаштыргыч ткандар сыртты көздөй өсө берип, жаңы барсылдактар жаралат.

• Май кистасы. Эмчекте көптөгөн бездер бар. Алар бала эмчек эмгенде сүт даярдап берип турушат. Эмчектин каркасынын ролун да аткарашат. Сүт бездеринен тышкары эмчекте май бездери да бар. Эмчекке жасалган операциядан, жаракаттан (жыгылуу, катуу нерсенин күч менен тийиши жана башка) улам май бездери өлө башташы мүмкүн. Бул май некрозу деп аталат. Акырындап некроз болгон жер жумшарып, майлуу боткодой нерсе пайда болот. Ал жер башка соо клеткалардан капсула менен курчалып турат. Ошол нерсе май кистасы деп аталат.

• Солитардык киста. Бул 1 камералуу киста, башкача айтканда киста бирөө эле болот.

• Көп камералуу киста. Бир нече өз-өзүнчө жаралган кисталар. Канча бир убакыт өткөндөн кийин алар биригип, чоң кистанын формасын алып калышат.

• Поликистоз. Көптөгөн кисталардын болушу.

Кистанын жаралуу себептери

• Гормоналдык бузулуулар. Мисалы, кош бойлуулук, узакка диета кармоо, баланы эмизбей коюу (гормондордун иштеши бузулат)

• Абортту көп жасатуу

• Тукум куучулук

• Калкан сымал жана уйку безинин оорулары (негизинен кант диабети)

• Стресске көп чалдыгуу, депрессия

• Эмчекке мурун жасалган операция

• Эмчектен жаракат алуу

• Гормоналдык бойго бүтүрбөөчү дарыларды өз алдынча колдонуу

• Жыныстык органдардын оорулары. Мисалы, аденомиоз, эндометрит, миома, эн бездеринин кисталары жана башка

• Этек кирдин эрте келиши, көп жылдап төрөбөй жүрүү, кеч төрөт жана башка

Оорунун жаралышына кошумча түрткү болуучу факторлор

• Организмдеги зат алмашуунун бузулушу, семирүү

• Үзгүлтүксүз жыныстык катнаштын жоктугу

• Тар бюстгалтерди көп кийүү

Диагноз

• Эмчектин УЗИси

• Маммография

• Магниттик-резонанстык томография

• Гормоналдык анализдер

• Биопсия (кистанын ичиндеги суюктукту сордуруп, клеткалардын өсүндүсүнөн үзүп алып текшерүү)

Дарылоо ыкмалары

Кистанын көлөмү жана түрүнө жараша төмөнкү ыкмалардын бири тандалат:

• Дары-дармектер менен дарылоо. Бул кистанын өлчөмү 0,5 миллиметрден ашпаган учурда колдонулат. Дарылар кистанын сорулуп кетишине, андагы сезгенүүнү кетирүүгө багытталат.

Кээде дары-дармек бербей эле жөн гана байкоо жүргүзүлүшү да мүмкүн. Бул көбүнчө турмушка чыга элек кыздар үчүн болот.

• Озон терапиясы. Кистанын ичиндеги суюктук толук сордурулуп алынып, орду жуулуп, тазаланат. Анан ал жерге озон-кычкылтек аралашмасы куюлат. Озон өзү куялган жердеги кан жана зат алмашууну жакшыртат, жабыркаган ткандардын калыпка келүүсүн шарттайт. Териде тырык калбайт.

• Пункция ыкмасы. Кистанын өлчөмү 2 сантиметрден чоң болбогон учурда жасалат. Кистанын ичиндеги суюктук сордурулуп алынат. Кистанын керегелери жабышат да, дарт жоголот. Сордурулган суюктук цитологиялык изилдөөгө жиберилип, анда өзгөрүлгөн клеткалардын (рактын) бар же жок экендиги аныкталат.

• Склероздоо ыкмасы. Кистанын ичиндеги суюктук сордурулуп алынып, ордуна атайын зат куюлат. Ал зат желим сымал кистанын керегелерин жабыштырып салат. Акырындап кистанын орду кичирейип, кийин билинбей калат.

• Кистаны аппарат менен алып салуу. Бул ыкма – вакуумдук аспирация, резекциялык биопсия деп аталат. Операция атайын шайман жана УЗИнин жардамы менен жасалат.

• Ачык операция жасап алып салуу. Негизинен мындай операция поликистоздо, киста сезгенгенде, кистанын ичинде рак клеткалары бар болгондо жасалат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан