Гүлназ Чыныбек кызы: “МИЛЛИАРДЕРДЕН ДА БАЙМЫН”

Чыгармачылыгы, жаркылдаган мүнөзү менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Гүлназ Чыныбек кызына бул ирет кесиптештери, шоу-бизнес өкүлдөрү суроо узатышты. Ким кандай суроо берди, ырчы айымдын жооптору кандай болду, төмөндөн окуңуз, окурман.

Дайыр Исмадияровдун суроосу:

– Күйөө баланы элге качан тааныштырасың? Эл деле, күйөө бала деле күтүп калды го.

– Кудайдын буйругунан эч жакка качып кутула албайбыз. Качанкыга насип кылган болсо, кандай күйөө бала буюрган болсо, көрө жатарбыз. Эл менен да, сиздер менен да тааныштырганды насип кылсын. Мен деле ошол күндүн тезирээк келишин күтүп жүрөм.

– Эмнеге жездеңди “ака” дейсиң да, эжеңди жеңе дейсиң? Бирок ошол эжең “шөөланы” жакшы жасайт...

– Тамаша иретинде ошентип коёбуз. Ал жездемдин бизге жезде болгонуна көп жыл болду. Ата-энемдин биринчи күйөө баласы. Күйөө бала эмес, биздин баладай эле болуп калган. Эжеме караганда Бакыт жездем үйгө көбүрөөк барат, ата-энемден кабар алып турат. Ошон үчүн жездемди аке, эжемди жеңе деп тамашалап чычалатып калабыз.

Алтынай Нарбаеванын суроосу:

– Гүлназ, экөөбүздүн эң алгачкы жолукканыбыз эсиңдеби? Менин сөздөрүмдү эстейсиңби?

– Албетте, эсимде. Биринчи жолу Өзгөндө бир мааракеде таанышканбыз. Ошондо Өзгөндөн Ошко чейин бир автоунаада чогуу келгенбиз. Андагы кеп-кеңештериңиз, айткан акыл-насаатыңыз эсимде, жүрөгүмдө. Ал үчүн ыраазымын.

– Жөнөкөйлүктүн кандай касиеттери бар?

– Жөнөкөйлүк менен чоң ийгиликтерди багындырса болот деп ойлойм. Көп адамдын көңүлүн алса болот. Адамдарда мен баалаган сапаттардын сап башында жөнөкөйлүк турат. Чоң ийгиликтерди багындырса да жөнөкөй бойдон калган инсандарды сыйлайм.

– Эң бийикте жүргөн эликтер эмнеден коркушат, ылдыйданбы же бийиктиктенби?

– Ылдыйдан коркушат болуш керек. Анткени алар ансыз да бийикте да.

Улан Сыдыковдун суроосу:

– Колуңузда сыйкырдуу таякча бар деп элестетиңиз, ал таякча бир эле каалооңузду аткарууга жарайт. Сиз кайсы каалооңузду орундатмаксыз?

– Мындай мүмкүнчүлүктү атам менен апамдын өмүрүн узун, ден соолугун чың кылып коюуга пайдаланмакмын. Кудайдан ошону сурайм.

– Сиздин алдыңызда тандоо турат: сиз сүйгөн жигит сизди да сүйөт. Баш кошкону жатасыздар, бирок ал чыгармачылыкты токтотосуң деп шарт койду. Дагы бир жигит сизге баш кошмокчу, бирок сиз ал жигитти сүйбөйсүз. Ал “чыгармачылыгыңды уланта бересиң, сени колдоп турам” деп жатат. Кайсы жигитти тандап турмушка чыкмаксыз?

– Жашоого бир эле жаралабыз. Жолдошумдун кесибин, кызыкчылыгын, хоббисин мен колдоп, ал менин багытымды, чыгармачылыгымды колдосо экен, турмушка чыксам, бири-бирибизди колдоп, сүйсөк экен деп ниет кылам. Бирөөсүн да тандагым келбей жатат.

Манас Алыкуловдун суроосу:

– Качан күйөөгө тиесиз? Эмнеге мынча убакытты созуп жатасыз?

– Качан күйөөгө тиерим өзүмө да кызык. Азырынча белгисиз. Эгер билинип калса, сөзсүз кабарлайм. Мен убакытты атайын созуп жаткан жокмун, Кудайдын буйругу экен.

– Самат деген бойдок досум бар, Гүлназ Чыныбек кызы дегенде жанын берүүгө даяр. Таанышып, сүйлөшүп көрбөйсүңөрбү?

– Жакшы адамдардын досу да жакшы болот дейт го. Манастын досу болсо, демек, Манастай зыңкыйган, жоопкерчиликтүү, жакшы инсандардын бири экен. Эми ал жагы насип, тагдыр.

Жылдызбек Турсунбаевдин суроосу:

– 1 жыл ырчы экениңди унутуп, социалдык тармактагы бардык аккаунттарыңды бекитип, башка тармакта Кыргызстанга азыркы деңгээлиңдегидей таанымал болушуң керек деген шарт коюлса, кайсы тармакты тандайт элең?

– Журналистиканы тандап, резонанс жарата турган оригиналдуу долбоорлорду ойлоп таап элге алып чыкмакмын. Андайга мүмкүнчүлүгүм болбосо, анда мугалим болмокмун. Мугалимдик кесип да жагат.

– "Арзан атак" дегенди кандай түшүнөсүң? Адам болбой туруп эле атактуу болуп алгандарга көз карашың кандай?

– “Арзан пиар” жөнүндө сөз болуп жатат окшойт. Заманаң бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол дегендей, болор болбос хайп жараткан учурлар болуп жатат. Бизде эле эмес, дүйнөлүк шоу-бизнеске деле көз салсак, атайын уюштурулган кара пиар же арзан пиарлар кездешет. Муну мен аракеттин бир түрү болсо керек деп түшүнөм. Башка жолду кылса болгон жок, анан ушул жол менен кандайдыр бир жыйынтыкка жетүүгө умтулуп жатышкандыр. Менин көз карашымда кимибиз ийгиликке кандай кадамдар менен жеткен болсок, ошого жараша жыйынтык болот. Жараткан баарын орду-ордуна коюп, жасаган аракеттерибизге, баскан кадамдарыбызга ылайык жыйнытыкка жеткирет деп ойлойм.

Айгерим Эшимдин суроосу:

– Ырчылыктан ийгиликке жетпеген болсоңуз, эмне кылмак элеңиз?

– Кесибим боюнча журналистмин. Журналисттик кесипти аркалап, атактуу, элдин көйгөйүн чагылдырган, элге керектүү журналист болмокмун деп ойлойм.

– Миллионерсизби же миллиардерсизби? Ырчылардын эң байы ким?

– Азырынча сом менен миллионермин. Алдыда максаттарым чоң, доллар менен миллионер болгум келет. Негизи өзүмдү миллионер, миллиардерлерден да баймын деп эсептейм. Анткени алты саным аман, ата-энем маңдайымда, жакын адамдарым айланамда курчап жүрөт, заманыбыз тынч, сонун өлкөдө жашайм. Демек, мен эң бай адаммын.

Ырчылардын эң байы ким экенин билбейм, бирок Данияр Эрматов досум канчалык бай болсо да такыр билдирбейт. Бирок, билем бай экенин.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан