Сапарали Бекмурзаев, тик учактын учкучу: “АСМАНДА 5 ЭЛЕ СЕКУНД АЛАҢДАСАҢ БҮТТҮ, КЫЙРАЙСЫҢ”

Бала кезде асмандан учак же тик учакты көрүп “мен да учкуч болсом” деп кыялдангандар көп эле болуш керек. Ошондой балалык кыялы ишке ашкан каарманыбыз – учкуч Сапарали Бекмурзаев. Авиация тармагында 32 жылдан бери иштейт. Өмүрүн мекен жүгүн көтөрүүгө арнаган инсан кесиби тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

– Учкуч болууга эмнеден улам кызыгып калгансыз, кыялдарга жетүү кыйын болдубу же билинген жокпу?

– Кичи мекеним – Баткендин Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылы. Балалыгым айылда өттү. Жайкысын жайлоого чыкчубуз. Биз жакта “Дугоба” альпинисттик лагери бар, ошол жерге альпинисттерди ташыган тик учактар барчу. Ошол тик учактарды, аларды башкарган учкучтарды көрүп “мен да учкуч болсом” деп кыялдангам. Бир жолу мектепте мугалим “Бишкекте Суворов атындагы аскердик окуу жай бар, 8-классты бүткөн соң ошого тапшыр. Андан кийин билимиңди улантып учкуч болосуң” деди. Ошентин аталган окуу жайга тапшырдым. Аны менен катар Фрунзе аэроклубунда 1 жыл окуп, Як-52 учагын башкаруу жаатында билим алдым. Тажрыйба арттырууга 2 айга Кара-Балтадагы аэродромго барып, учакта учууну, парашюттан секирүүнү үйрөндүм. Андан кийин Фрунзе авиациялык техникалык окуу жайында окуп, Аэро Л-39 “Альбатрос” учагын башкарууну үйрөндүм. Окууну бүткөн соң Токмоктогу аскердик бөлүктө учкуч болуп иштеп жүрдүм. Кийин Канттагы аскердик бөлүктө аскердик-транспорттук эскадрильянын штаб башчысы милдетин аркаладым. Ан-12, Ан-26 аскердик-транспорттук учактары менен учуп, аскерлерди, курал-жарактарды, аскердик жүктөрдү ташып жүрдүм.

2006-2008-жылдары Орусиянын аскер-аба академиясында окуп келип, Кыргызстандын аба базасынын штаб башчысы, командири болуп эмгектендим.

– Азыркы тапта кандай үлгүдөгү тик учактарды башкара аласыз?

Эс алууга чыккандан бери жарандык авиакомпанияларда келишимдик түрдө иштеп келем. Буйрук боюнча туристтерди, жүктөрдү ташыйм, куткаруу иштерин аткарам дегендей.

Жалпы учуу саатым 4 миң сааттан ашты. Ми-8 МТВ, Ми-24, Airbus Helicopters H125, Eurocopter EC 145 тик учактарын, Як-52, Аэро Л-39 “Альбатрос”, Ан-2, Ан-26 учактарын башкара алам.

– Алгач Як-40 учагын башкарыпсыз. Ошондогу сезимдерди эстесек...

– Бийиктикке чыкканда жерди карасам суулар көпкөк, токойлор жапжашыл, тоолордун кар жаткан чокулары күмүштөй жылтырап тим эле бейиштей көрүндү. Ошол пейзажга абдан суктанып, толкундангам. Калдайган учакты башкарып баратканыма сыймыктангам.

– Ар бир жумуштун өзүнө таандык кыйынчылыгы болот. Сиздин ишиңиздин оор жагы деп эмнени айтат элеңиз?

– Эң оору – учуунун коопсуздугун камсыздоо. Бул деген тик учакты жана анын ичиндеги жүргүнчүлөрдү же жүктү аман-эсен өз убагында белгиленген жерге жеткирүү. Кокус учуу маалында приборлордун бири иштебей калса, анда аны дароо жөнгө салуу, күтүлбөгөн кырдаалга жараша бат чечим кабыл алуу керек. Кыскасы, учкучтун акылы, көрүүсү, угуусу, туюусу учуу кезинде 100 пайыз иштеп, 5 секунд да алаңдап калбашы зарыл. Ошол 5 секунд тагдырды чечип коюшу мүмкүн. Учактын, жүргүнчүлөрдүн жана өзүңдүн өмүрүң сенин колуңда. Айтор, өмүрүң тобокелде, остеохондроз жана муун ооруларына чалдыгышың мүмкүн. Анан да улам бир тик учакты башкарууну билүү үчүн улам окуп, үйрөнө берүү да жеңил эмес.

– Учакты башкаруу кыйынбы же тик учактыбы?

– Тик учакты башкаруу оор жана кыйын. Мисалы, учакты даяр бир аэропорттон учуруп, экинчи даяр аэропортко кондурасың. Автопилот да бар. Тик учакты тапшырма, буйрукка жараша даярдалган да, даярдалбаган да жерге кондурууң керек. Мисалы, тоого, имараттын үстүнө же аскага жакын кууш жерге. Автопилот кийинки жаңы чыккандарында гана болбосо, эски тик учактарда жок. Өзгөчө тоолуу аймактарда абдан кылдат, баамчыл болуу керек.

– Тик учак башкарып баратып авариялык абалга кептелген учурлар болгонбу?

– Андай абалга 4 жолу туш болгом. Бир жолу Казакстандын Караганда шаарынан Балхашка Airbus Helicopters H125 тик учагын башкарып бара жаткам. Аба ырайы кескин өзгөрүлүп, туман каптап, суу кар жаап кирди. Тик учактын сыртын муз каптай баштады. Чара көрбөсөм тик учактын аппараттары иштен чыкмак. Ошондо 300 метр бийиктиктен ылдыйлатып отуруп, жер бетинен 20 метр бийиктикте учууга туура келди. Жерге мынчалык жакын учуу кооптуу, анткени алдыңдан бийик имарат, дарак, электр мамысы чыгып калса урунасың. Тик учак сынат, талкаланат же күйүп кетет.

– Баткендеги чек ара коогалаңында аскердик парзыңызды аткарган экенсиз. Ошол күндөрдү да кыскача эскерип берсеңиз...

– 1999-жылкы чек ара окуяларында Ан-12 учагы менен аскердик тапшырмаларды аткаргам. 2022-жылдын сентябрындагы коогалаңда, тагыраагы, 17-18-сентябрь күндөрү Ворух анклавы менен чектешкен аймактан 25 аскер кызматкерин эвакуация кылдык. Кеч кирип баратканда кайрадан буйрук берилип, жоокерлерге суу, азык-түлүк, ок-дары жеткирип барып, кайра каза тапкан жана жарадар болгон жоокерлерди Баткендин аэропортуна ташыдык.

– Демек, сиздин өмүр деле кылдын учунда турду да...

– Ооба, бирок биз жерге коноюн дегенден тартып, кайра учуп кеткиче аскерлер тигил тарапка ок атып, калкалап турушту.

– Келечекте учкуч болом деген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз? Аларда кандай сапаттар болушу керек?

– Мыкты ден соолук жана билим, техникага жакындык, чыдамкайлык, өжөрлүк, чечкиндүүлүк, салкын кандуулук, тапкычтык, шамдагайлык керек. Авиация тармагындагы маалыматтарды изилдеп, тааныша берүү кажет.

– Айтылуу Молдо Нияздын урпагы экенсиз. Анын урпактары азыр кайда жашашат?

– Молдо Нияз Эрназар уулу менин бешинчи атам. Ал кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн “Санаттар” аттуу кол жазма китептин автору. Араб, фарс, эски түрк (чагатай) тилдеринде окуп, жазып, сүйлөй алган. Анын Разак, Мырзакул деген 2 уулу болгон. Алардан тарагандар учурда Баткен аймагында жашашат. Биз Мырзакулдан тараганбыз.

Атабыздын 170 жылдык мааракеси 1993-жылы белгиленген. Быйыл күздө мамлекеттик деңгээлде 200 жылдыгы белгиленгени жатат. Анын “Санат ырын” бир топ ырчылар ырдап жүрүшөт. “Даткайым сулуусун” атактуу Жолболду Алибаев агай ырдап жүрөт. Акындык жолун урпактарынан Эгемберди Назаров менен Акылбек Жолошов улады.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан