Кубанычбек Айбек уулу, дзюдочу: “АЛГАЧКЫ АЛТЫН МЕДАЛДАРДЫ АЛЫП КЕЛИП ТАРЫХ ЖАРАТКЫМ КЕЛЕТ”

Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, 66 килограмм салмак чениндеги көрүнүктүү балбан, эл аралык класстагы спорт чебери Кубанычбек Айбек уулу менен маектештик. Ал бул жылы Грузияда өткөн Чоң шлем мелдешинде алтын медаль тагынып, кыргыз дзюдосунда тарых жаратууга жетишти.

Туулган жылы – 2000-жыл, 28-октябрь

Туулган жери – Ош облусу, Алай району, айылы

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 70 килограмм

Билими – ОшМунун экономика факультетин бүтүргөн

Жетишкендиктери – Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Азия балдарынын чемпиону, Азия чемпиондугунун күмүш медалчысы, Чоң шлем турниринин жеңүүчүсү жана башка

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Салам, Кубанычбек. Кеп башынан болсун, дзюдого кантип келип калдыңыз? Бул спорт түрүн тандашыңа ким, эмне түрткү болду эле?

– Саламатсызбы? Менин бул спортко келишиме атам түркү болуп, атам алып келген. 10 жашымдан тартып ушул спорт түрү менен алектенип келем.

– Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

– Өзүм Алайдын кулунумун. Учурда Ош шаарында турабыз. Үй-бүлөдө беш бир туугандын ортончусумун.

– Дзюдо сизге эмнеси менен жагат?

– Алгач дзюдонун видеолорун көрүп калгам. Мага күрөшүү ыкмалары көбүрөөк жагып калды. Атаандашын жыгылтууда жасалган мыкты ыкмалар абдан кызыгуу жараткан. Ошол эле маалда спорттук формасы дагы кызыгуумду арттырган. Бул кандай спорт болду экен, ушул нерени жасап көрөйүнчү деген ой менен дзюдону тандап калгам.

– Дзюдодон сырткары дагы башка спорт түрлөрү менен алектенгенсизби?

– Жок, дзюдодон башка спорт түрү менен алектенген эмесмин. Досторум менен футбол ойноп турам, бирок бул эми хобби катары кетет да.

– Кызыгууну ого бетер арттырып, спортто калышыңызга устатыңыздын да салымы чоң болсо керек?

– Албетте, спортко келгенден бери Бакыт Жусупов агайымдын колунда машыгып келем. Бул менин жеке машыктыруучум, ал эми улуттук курамдагы башкы машыктыруучубуз Абдужалил Юнусов. Ушул инсандардын эмгегинин арты менен ийгиликтер жаралып жатат. Аларга ыраазычылык билдирем.

– Ар бир спорт кыйынчылыксыз болбойт эмеспи, сизде кандай кыйынчылыктар болгон?

– Ооба, туура. Салмак түшүрмөй түйшүгү, анан дагы ар кандай жаракаттарга учурайсың. Бирок ошол алдыңдан чыккан кыйынчылык, тоскоолдуктарды жеңгенде гана ийгиликке жетесиң.

– Жакында эле Грузияда өткөн Чоң шлем мелдешинде алтын медаль утуп, кыргыз дзюдосунда тарых жараттыңыз. Ошондогу сезимдер кандай болду?

– Грузиянын Тблиси шаарында өткөн Чоң шлем мелдешинде 66 килограмм салмакта алтын медалга ээ болдум. Жеңишке жеткенде Кыргызстандын гимнин жаңыртып, желегин желбиреттим. Эми бул сезимдерди сөз менен айтып түшүндүрө албайсың. Буюрса, ушул эмоцияларды Олимпиадада көргүм келди. Ошондо Олимпиада оюндарында дагы өлкөмдүн желегин желбиретсем экен деп ниет кылып койдум.

– Париж Олимпиадасына аз эле убакыт калбадыбы. Лицензия алууну максат кылып, ошонун аракетинде болсоңор керек...

– Ооба, баарыбызга маалым болгондой, Олимпиадага саналуу гана убакыттар калды. Бизде жолдомо алуу үчүн толук кандуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Улуттук курама командадан Олимпиадага 66, 81, 90 килограмм салмак чендеринде үч жолдомо күтүлүп жатат. Дзюдо федерациясынын атынан үч жолдомо убадалаганбыз, буюрса, ошонун артынан кетип жатабыз. Алдыда көптөгөн турнирлер бар. Биздики бир турнирди утуп эле лицензия алат деп чечилип калбайт. Лицензия балл менен эсептелгендиктен Олимпиадага бир ай калганча атаандаштар менен жарышып, лицензияга жетишибиз керек.

– Тилегиңерге жеткиле. Улуттук курамга качантан баштап кошулдуңуз эле?

– Улуттук курама командага 2016-жылы кошулдум. 2016-жылы Якутияда Азия балдары мелдешинде 46 килограмм салмакта Кыргыз тарыхындагы алгачкы алтын медалды алып келгем. Ага чейин бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн алтын алгандар болгон эмес.

– Тарых жаратуучу деген сөздү Олимпиада оюндарында дагы бир кайталап коюшуңуз бар экен. Жетишкендиктериңизге каанаттанасызбы?

– Ошол күндү көрүү буюрсун. Өзүмдү эч бир спортчу менен салыштырбайм. Аракетим менен дагы да көптөгөн ийгиликтерди жараткым келет. Биринчилерден болуп алтын медалдарды алып келип дагы да тарых жараткым келет.

– Кыргыз дзюдосунун азыркы абалы кандай? Сиздерге жакшы эле шарттар түзүлүп жатабы?

– Азыркы тапта кыргыз дзюдосунун абалы абдан жакшы. Көптөгөн аракеттер жүрүп жатат. Федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаев, вице-президент Азирет Боотаев, жеке жана улуттук курамдагы машыктыруучуларыбыз, жалпы командабыз менен биргелишип иш кылып жатабыз. Келе жаткан Париж Олимпиадасына аракеттер абдан жакшы. Буюрса, ийгиликтерди жаратабыз деп ойлойм.

– Дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионатында атаандаштык кандай? Салмак чениңдеги күчтүү атаандаш деп кимдерди айтар элеңиз?

– Кыргызстан ичинде атаандаштык абдан күчтүү. Күчтүү жаш балбандар өсүп келе жатат. Спортчуларды атап санай албайм. Ар биринин күчтүү тарабы бар, ар биринин өзүнүн стили болот дегендей. Ошол стилге каршы күрөшүш керек, ар бир күрөшүү стилинин өзүнүн кыйынчылыгы болот.

– Атаңыз спортко алып келиптир, үйдө баары сиздин спортчу болушуңузду колдойт экен да, ээ?

– Ооба, ата-энем мени ар дайым колдоп келет. Атам Айбек Жороев, апам Нургүл Жунусова. Ушул инсандар спортчу болушума, азыркы жеткен ийгиликтериме түрткү болгон негизги себепчилердин бири.

– Спорт убакытты көп талап кылат эмеспи, азыр бир гана спорт менен алектенесизби? Дегеним, жалгыз спорт менен жан багууга мүмкүнбү?

– Азыркы учурда мен бир гана карьералык баскыч менен кетип жатам. Спорттон башка эч бир иш менен алектенбейм. Көрсөткөн жыйынтыктарга карап мамлекет тарабынан стипендия аркылуу колдоолор болуп турат.

– Маегиңе рахмат. Ийгилик каалайбыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан