Жайнагүл Келгинбай кызы, супер окурман: «МЕНИН АР ТАРАПТУУ БОЛУШУМА «СУПЕР-ИНФОНУН» ТААСИРИ ЧОҢ»

Гезитибиздин дагы бир туруктуу окурманы менен таанышабыз. Ал 24 жаштагы Жайнагүл Келгенбай кызы.

– Саламатсызбы, супер окурман? Биздин гезитти качантан бери окуп келесиз?

– Саламатчылык. Мен Жайнагүл Келгенбай кызы, 1999-жылы Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулгам. 12 жашымдан тарта “Супер-Инфо” гезитинин туруктуу окурманымын. Ага чейин деле сиздердин гезит тууралуу билчүмүн, бирок ал убакта гезит биздин айылга жетпегендиктен, райондун борборуна барганда гана сатып алып окуп калчубуз. Гезиттин туруктуу окурманына айланышыма апамдын салымы чоң. Анткени апам район борборуна барганда сөзсүз “Супер-Инфо” ала келчү. 2011-жылдан тарта биздин айылда дагы гезит сатыла баштады, ошол күндөн бери апта сайын калтырбай ар бир санын окуп келе жатам. 2015-жылдан баштап гезиттин ар бир санын чогултуп баштагам. Зериккенде мурунку сандарын кайрадан барактап чыкчумун.

Учурда жолдошум менен Орусиянын Геленджик шаарында жашап, иштейбиз. Шартка байланыштуу 2-3 жылдан бери макалаларды интернеттен окуп жатам. Азыр апта сайын дүйшөмбү күндү чыдамсыздык менен күтүп, эртең менен иштеримдин баарын бүтүрүп коюп, анан атайын гезиттин материалдарын окууга өзүнчө убакыт бөлөм.

– Кандай макалаларды биринчи окуйсуз?

– Гезиттин жаңы санын биринчи бир сыйра барактап чыгып, анан сериалдарды окуп баштайм. Ошондой эле жылдыздардын турмушу, кызыктуу окуялары, кеңештерди, тагдыр, дегеле бир да макаланы калтырбай окуп чыгам.

– Гезит сизге эмнеси менен жагат?

– “Супер-Инфо” гезитинин ар тараптуу маалыматтарды жазганын баалайм. Андан белгилүү адамдардын турмушун, жаңылыктарын эле окубастан, ар кайсы тармактан, айыл чарба, ашкана, психолгоия, ден соолук жаатында да пайдалуу маалыматтарды алсаң болот. Гезитти калтырбай окуп жүрүп, сайттын “Суперстан” бөлүмүнө, форумга катталгам. Форумдан активдүү колдонуучу болуп жүрүп, ар кандай адамдар менен тааныштым. Ал форумчулардын арасынан жашоодогу эң жакын адамдарды, досторду, эжелерди таптым десем болот. Алар менен биргеликте Ош, Бишкек шаарларында жолугушууларды, кайрымдуулук иштерин уюштуруп турчубуз. Атайын Москва шаарына барып да жолугушуу уюштуруп келгенбиз. Азыркы убакка чейин “Суперстан” аркылуу таанышкан адамдар менен кабарлашып турабыз. Бири-бирибизди дайым колдоп, абдан жакшы мамиледебиз.

– Эсиңизде калган пайдалуу маалымат?..

– Негизи окуучу кезде окуган психологиялык макалалар эсимде. Мисалы, кимге кантип мамиле кылуу керек деген сыяктуу. Негизи гезитте чагылдырылган ар кандай турмуштук окуялар, ар түрдүү жанрдагы сериалдар, аңгеме, жүрөк сырларын, психологиялык кеңештерди кичинекей кезимден окуп жүрүп, менин турмушка даяр болушума да түрткү болду деп айтсам болот. Бул жагынан мага көп пайдасы тийди. Өткөн жумада чыккан санынан Сыймык Бейшекеевдин атасын эскергенин окуп абдан таасирлендим. Ата-энеси тирүү турганда адам канча жашта болбосун өзүн бала катары сезет экен да.

Дегеле “Супер-Инфонун” менин ар тараптуу болушума таасири чоң. Ар кайсы багыттагы маалыматтарды окуп, спортко, саясатка, белгилүү инсандардын чыгармачылыгына кызыгуум ушундан калыптанган. Гезиттин келечекте ушундай эле жакшы темп менен иштей беришин каалайм. Жаңы сандардан улуу тарыхый инсандар жөнүндө маалыматтарды окугум келет.

– Биз сиздей окурмандарыбыз менен сыймыктанабыз, бар болуңуз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан