КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

– Эми мага го баары бир дечи, Касыкени аяп кетем да туруп-туруп. Ушунчалык эле көзү көр болуп калганбы эмне балээ, ойлонсо болот да өзү деле. Үйлөнбөй жатып бычак жесе, көп өтпөй минтип оорукчан болуп калса, бала-чакасынан айрылса. Чоң, күчтүү киши эле, эки кап цементти оңой эле көтөрүп бийик машинеге жүктөп койчу. Эми кара, оорунун айынан чыпалактай эле болуп калды. Кобра эле бир нерсе кылып оорутуп койду окшойт Касыкени. Эми сөз ортодо калсын, Руслан, мен корком Кобрадан, көздөрүн карасаң жыландыкындай болуп турат. Колунан бүт нерсе келет мунун, менттер менен да ойнош болуп жүрөт. Бизди оңой эле жок кылып салат кааласа, сен үйүндө иштеп жатасың, этият бол.

Кызып цемент каптап жатканбыз, саат он бир жарымда Асел чалды:

– Руслан, сен үйгө келе бер, үй ээн калды. Камералар да иштебейт, ууру кирбесин. Ваня байке кеч барат.

Үйгө келсем эч ким жок, Вулкан да көрүнбөйт. Кийимимди алмаштырып чыгып сууга түшөм, бүгүн дем алам деп жаткам. Үйгө кирип чочуп кеттим, холлдо Касыке чалкасынан жатат. Жанында бир метрдей жип, кара булгаары барсетканын оозу ачылып, жанында пачкалаган беш миң рублдук акчалар чачылып жатат. Чуркап барып түрткүлөсөм кыймылдабайт, көздөрү ачык калыптыр. Жип менен муунтуп өлтүрүшүптүр, моюнунда кызыл-көк болуп изи турат. Дем алганын тыңшасам билинбейт, уйку тамырын бармагым менен басып көрсөм эч нерсе жок. Ордумдан ыргып туруп, артка кетенчиктеп кеттим. Өлгөн адамды өмүрүмдө биринчи көрүшүм эле, коркконго денем титиреп, бир муздак нерсе башымдан бутума чейин "дүр" деп өтүп кетти. Кечээ эле тирүү жүргөн адам минтип жатса. Дароо Аселге чалсам бош эмеспи, же укпай жатабы, телефонду албады. Милицияга соткадан кантип чалат билбейм, үйдө жөнөкөй телефон жок эле. Коңшуларды чакырыш керек, сыртка чуркап чыгып коңшу үйдүн дарбазасын катуу эле такылдаттым, эч ким чыкпады, дарбазанын тешигинен карасам короодо эч кандай машине көрүнбөйт. Үйдө эч ким жок экен. Экинчи үйгө барып короосун карасам ал жакта да машина көрүнбөйт, бир аз такылдатып турдум, эч ким чыкпады. Азыр эч ким деле болбойт дачаларда, июндун ортосунан баштап келе башташат экен. Аселге дагы чалдым, гудок кетип эле жатты, албай койду. Бир маалда тээ алыстан полициянын машинасынын "сиренасы" угулду. Токойдун арасында окшойт, тез эле келип калышат. Орто жолдо жогору жакты карап туруп башыма жетти кандай балээге кабылганым. Ой-боой, бул Кобра акча дегенде эч кимдин убалынан коркпойт экен да, мен эмне жамандык кылдым эле? Тагдырым өзүмдүн колумда, өзүмдү-өзүм сактабасам, мени бирөө келип сактамак беле? Үйгө чуркадым, дарбазадан чуркап кирип, ичинен кулптап, чуркап үйгө кирдим. Дароо Касыкенин бутундагы ботинкасын чечип, батегин алсам пульт бар экен. Тез акчаларды жыйнап, жерде жаткан жипти алып, Касыкени көтөрүп жер төлөгө түштүм. Пультту эшиктин үстүнө каратып бассам дубал ачылды, пульттун экинчи баскычын бассам сейфтин эшиги ачылды. Ичиндеги коробкаларды бир чекеге сүрүп салып Касыкени сейфтин ичине киргизип отургузуп, акчаларды, жипти да ичине таштап, сейфти жаап, пультту бассам дубал ордуна келип калды. Пультту шыпка бекитип, эки жакты карасам шектүү эч нерсе көрүнбөйт, чуркап холлго чыгып Касыке жаткан жердин килемдерин түздөп коюп, бассейнге барып, тез чечинип сууга түшүп кеттим. Суу бир аз өзүмө келтирди. Эми өтө этият болуш керек, менттер адамды көзүнөн эле билип коёт. Бир жеримди оорутушум керек. Бассейнге түшүп-чыкчу темир шатыга сүзүп барып көзүмдү жумуп, катуу эле тизем менен шатынын темирин бир тептим. Бутум ооруганга көзүмдөн от чагылышып кетти. Аңгыча эле менттердин машинасы сиренасын бакыртып келип дарбазага токтоп, дубалдын үч жеринен үч автоматчан мент коргонду ашып секирип түшүштү. Мен таң калган адам болуп карап калдым. Бирөөсү чуркап барып дарбазаны ичинен ачып жиберди. Экөөсү чуркап келишип, “чык биякка” деп автоматтарын такап калышты. Темирди жакшы эле тепкен окшойм, бутум чыдатпай ооруп жатты. Эми менттер көзүмдөн коркконумду эмес, бутумдун ооруганын көрүшөт. Эки машинада келишиптир, эки машина тең короого кирип келди, тогуз мент экен. Экөөсү мени карап турат, калгандары чуркап үйгө кирип кетишти. Вулкан көрүнбөйт негедир. Аябай эле тытышты үйдүн ичин, мени кайнаган ысыкта бассейндин чекесине, жерге колумду көтөртүп отургузуп коюшту. Эч нерсе таппай, баары чыгып үчөө сөрүгө, калгандары дарактардын түбүнө көлөкөлөп отуруп калышты. Аңгыча Асел келип калды, машинеден түшүп менттердин башчысы менен сүйлөшүп, ээрчишип үйгө кирип кетишип көпкө жоголушту. Акыры чыгышты. Аселди карасам мени таң кала карап өтүп, машинесине отуруп эшигин жаап алды. Асел өзү өлтүрбөсө керек, бирөөнү жалдаган. Эми ошол адамга чалып жатат. Менттер да жини келип жатса керек, жөнү жок эле убара болушканына. Сөздөрүнө караганда "үйгө ууру кирди деп" бирөө чалган экен. Башчысы "ким чалганын аныктагыла, тапкыла" деп ишине чалып сөгүнүп-сагынып алды да, баары машинелерине отуруп кетип калышты. Асел үйгө кирип кетип жок болду, мен дарбазаны жаап коюп кийимдеримди алмаштырып алып ишиме кириштим. Жогорку бөлмөлөрдө эшиктер ачылып-жабылып, бир нерселерди калдыратып эле жатты. Касыкени ойлогон сайын жүрөгүм "шуу" дей түшөт. Эртерээк эле айтсам азыр тирүү жүргөн болот беле, ушул балээ болбой. Ээ, кыскасы, иш чатак. Өзүмдү-өзүм сакташым керек. Эмне кылсам деп ар жолдорун ойлоно баштадым. Камераларга сөзсүз түшкөн ким өлтүргөнү, видеону полицияга алып барып берем.

Бир маалда Асел кирип келди. Үйдүн ичинде деле көз айнегин чечпептир. Бир аз жасап жаткан ишимди карап турду да:

– Сени көрүп коңшулар ууру кирди деп ойлоп полицияга чалышкан окшойт,- деп күлүп коёт.

– Ошондой го.

– Сага тоскоол болбой турган камераларды иштетип койбойсуңбу?

Жүрөгүм бир "болк" деп алды. Сынап жатат да Кобра, Кобра эмес бул, бул жезкемпир, же бизче айтканда, "ажина".

– Ээ, аларды кантип улашты билбейм. Касыке үзүп сала бер, кийин уста келип өзү улайт дегенинен карабай эле үзүп салгам.

– Аа, макул, анда биротоло бүткөндө чакырарбыз. Сен келгенде үйдө эч ким жок беле?

– Жок, ким болмок эле? Ваня байке шаарда. Келерим менен он мүнөткө жетпей менттер келди, башка эч ким жок болчу.

– Аа, макул, мен кеттим. Эгер бир нерсе болсо чаласың да,- деп кетип калды. Асел кетери менен компьютердин үстүн жапкан нерселерди алып, сакталып калган видеолорду, акыркы беш сааттагысын өзүнчө файл кылып сактап, бир папкага көчүрүп, телефонума, почтама жөнөтүп коюп, компьютерден бүт баарын өчүрүп салдым. Мониторду жаап, үстүн, жанын оор буюмдар менен тосуп салдым. Иштеп жаткан бөлмөмө келип, ичинен кулптап телефонумдан видеолорду ачтым. Биринчи дарбазадагы камеранын тарткан видеосун көрдүм. Саат 11:07 мүнөт өткөндө Аселдин Лексусу келип, дарбаза ачылып кирип кетти. Айнектери караңгылатылгандыктан ичинде ким бар экени көрүнбөйт. Асел негедир машинени үйдүн эшигинин оозуна, үйгө кирген тепкичке артын такап токтотту. Машинеден Асел менен Касыке түшүп үйгө кирип кетишти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан