СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Месси өзүнүн мыктылыгын АКШда далилдөөдө

21-июлда футбол боюнча эл аралык клубдар лигасынын оюну АКШда башталды. Бул оюнда АКШнын “Интер Майами” клубуна өткөн Лионель Месси алгачкы голун 22-июлда мексикалык “Крус Асуль” клубу менен кез келгенде жараткан эле. Ал эми 26-июлдагы “Атланта Юнайтед” менен болгон беттеште дубль жасап, дагы 1 голдук пас берүүгө үлгүрдү. Экинчи дублду англиялык жарым коргоочу Роберт Тейлор жасады. Ошону менен оюн 4:0 эсебинде ишенимдүү түрдө “Интер Майаминин” пайдасына аяктады. Команда катары менен экинчи жеңишине жетип, 1/16 финалга жолдомо ала алды.

Белгилей кетсек, Аргентина курама командасынын 36 жаштагы чабуулчусу июнь айында ПСЖдан “Интер Майами” клубуна өткөн. Клуб англиялык футболчу Дэвид Бекхэм баштаган инвесторлорго таандык.

Мессинин “Крус Асуль” менен болгон беттешин АКШда 12 миллион адам көргөнү да жергиликтүү футбол лигасынын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болгонун маалымат булактары жазып чыгышты. Ага чейин Мессини тааныштыруу үчүн уюштурулган презентация 3,5 миллиард көрүүнү чогултканын Дэвид Бекхэм белгилеген. Ал эми “Интер Майаминин” социалдык тармактардагы баракчаларында катталуучулар күн санап өсүүдө.

Айсулуу Тыныбекова Поддубный лигасында күрөшөт

27-29-июлга чейин Орусиянын Владикавказ шаарында “Poddubny Wrestling League (Поддубный күрөш лигасы)” турнири өтөт. Ага Айсулуу Тыныбекова биринчи жолу катышууда. 29-июль күнү дүйнөнүн эң мыкты балбандарынын арасындагы тандалма кармаштар орун алат. Анда биздин белгилүү спортчубуз, Олимпиада медалынын ээси, эки жолку дүйнө чемпиону орусиялык Алина Касабиева менен 62 килограмм салмакта кез келмекчи. Алина Касабиева ушул эле турнирдин төрт жолку чемпиону, жаштар арасындагы Европа жана Дүйнө чемпиону аталган. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 22 жаштагы орусиялык спортчу менен Будапешттеги рейтингдик мелдеште беттешип, жеңиш менен кайткан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан