ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 7-августтан 13-августка чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Ишенимиңиз артып алдыда дымактуу идеяларды ишке ашырууга шыктанасыз. Өзүңүздү азыркы алектенип жаткан нерседен башка да тармакта сынап көрүңүз, анткени учурда каалаган нерсеңизге жетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Жеке романтикалык мамилелерди унутпаңыз, сүйүктүүңүзгө сюрприз жасап чогуу эс алууга чакырыңыз. Балалуулар алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, баарлашып, тажрыйбасы менен бөлүшкөнү туура.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Бул аптаны энергия, күч-кубат топтоого жумшаңыз, анткени алдыда чоң иштерди баштоо алдында турасыз, аларды ишке ашырууга эбегейсиз энергия сарпталат. Апта көптөгөн жолугушууларга, сапарларга, жаңы таанышууларга, стандарттуу эмес идеяларга бай болот, бирок тез жана сезилерлик жыйынтыктарды күтпөшүңүз керек. Келечек үчүн иштөөгө даяр болуңуз. Бойдоктордо кыска романтикалык мамиле орун алышы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Карьералык бийиктикке жетүү каалооңуз күчөйт, бул мезгилде негизги ролду жумуш жана өзүңүз ээлеп, үй-бүлө жана турмуш-тиричилик экинчи планга өтөт. Үйдө ашыкча чыр-чатактарды жаратпоо үчүн жакындарыңызга каалооңузду түшүндүрүңүз, алар сиздин бардык аракеттериңизди кубануу менен колдошот. Сүйүүдө өзүмчүлдүгүңүздүн айынан түгөйүңүз менен келишпестиктер жаралат, ийкемдүүрөөк болсоңуз маселе оңой чечилет.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Руханий жана моралдык жактан өсүүгө убакыт келди. Горизонтторду жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жөнүндө ойлонуп көрүңүз. Кошумча киреше булактарын издеңиз. Кайгылуу мезгилдердин убактысы сиз үчүн бүттү, мындан ары жалаң кубанычка бөлөнүп жашайсыз. Үй-бүлөлүү бөйөндөр алардын тарбиясы, билим алуусу менен көбүрөөк алектениши керек, балаңыз бир аз эле көңүл буруусуз калса көрсөткүчү төмөндөп калат.


АРСТАН (23.07–23.08)

Сизге жалгыздыкта иштөө ыңгайлуу, анткени айлана-чөйрөгө ыңгайлашуу абдан кыйын болуп, бул нерсеге көп күч-аракет талап кылынат. Жеке мамилелерде жаңы романтикалык таанышуулар орун алышы мүмкүн, андыктан жолугушуулардан, конокко чакыруулардан, кечелерге, маданий жана оюн-зоок иш-чараларына катышуудан баш тартпаңыз. Юридикалык маселелериңиз аптада сиздин пайдаңызга чечилет.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Бардык нерсе сиз каалгандай болушу үчүн терс жана пессимисттик ойлордон арылып, өзүңүздүн күчтүү жактарыңызга басым жасашыңыз керек. Жаңы нерселерге ачык болуңуз, ал тургай сизге таптакыр пайдасыз болуп көрүнсө да, анын пайдалуулугун жакында түшүнөсүз. Чарчоо жана негативден арылуу үчүн жумуш күнүнүн аягында спорт залга барууну, ролик, велосипед тебүүнү, теннис ойноону эрежеге айлантыңыз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Аптаны максималдуу түрдө учурдагы иштерге, мурда башталган долбоорлорду бүтүрүүгө, буга чейин бүтүргөн иштерди кайра карап чыгууга арнаңыз. Үйдөгү эмеректерди жылдырып, тазалоо иштерин жасап кичине болсо да жаңы сезим тартуулаңыз. Бул мезгилдерге маанилүү эч нерсе пландабай туруңуз. Каржылык колдоо көрсөткөн адамдар табылат, бирок бирөөнүн жардамын милдет катары кабылдабаңыз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Өз кызыкчылыктарыңызды жана көз карашыңызды коргоодо катуу күрөшөсүз. Болгону сиздин басымыңыз массалык чыр-чатакка айланып, башкалар менен урушуп кетпешиңиз үчүн этият болуңуз. Студент чаяндар убактысы болсо негизги билим менен катар кошумча билим алуусу да шарт. Табият коюнунда бир чыны жыпар жыттуу чай ичип жашоонун маңызы тууралуу ой жүгүртүү чаяндарга стресстен арылууга жардам берет.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Учурдагы каржылык бакубаттуулугуңузду жоготуп аламбы деген коркунуч кептейт. Мындай тынчсызданууңуз жакындарыңыз менен болгон мамилеге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Жумушта шашылыш иштериңиздин көптүгүнө байланыштуу стресс көтөрүлүшү мүмкүн. Ички тең салмактуулукту жана тынчтыкты сактоо үчүн таза абада сейилдеп, физикалык көнүгүүлөрдү жасап жана сүйүктүү адамыңыз менен жан дүйнөңүздү ачып баарлашыңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Тагдырга ишениңиз, эгер пландарыңыз бир аз багытын өзгөртүп жатса, каршылык көрсөтпөңүз, анткени жылдыздар сизге пландалбаган, бирок келечектүү жолугушууларды убада кылат. Өнөктөштөр жана кесиптештер менен мамилеңизди кызматташуу жана тыгыз байланышта болуу чегинде түзүңүз. Дем алыш күндөрү эс алуу дегенди унутуп, бул күндөрү да иштеп андан жыйынтык чыгарып белгилүү натыйжага жетүү менен алек болосуз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Бүт күчүңүздү толугу менен ишке арнабашыңыз керек, сизди курчап турган башка кызыктуу нерселерге көңүл буруңуз. Тилекке каршы, аларды көрүүгө сизде убакыт жок. Көңүл ачууга көз карашыңызды кеңейтип, кызыктуу, жагымдуу адамдар менен баарлашууга убакыт табыңыз. Бойдоктор жакшы көргөн адамын жолугушууга чакырып, романтикалык кеч тартууласа болот. Дем алыш күндөрүн үй-бүлөңүз менен өткөрүңүз.


БАЛЫК (20.02–20.03

Ар бир билдирүүнүн маңызын чыпкап кабыл алганды үйрөнүңүз, болбосо каршылашыңыз кер какшык менен сизди жеңип кеткенин түшүнбөй каласыз. Карьераңызда олутту өзгөрүүлөр болот, сизди жаңы кызмат оруну менен азгыргандар табылат, башкысы жети өлчөп бир кесип чечим чыгарыңыз. Айымдар үчүн сулуулук процедураларын жасатуу кооптуу, жасатсаңыз да лицензиясы бар, текшерилген, аныкталган салондордон жасатыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан