КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Касыке ашканага кирип муздаткычтан сок алып ичип отуруп алды. Асел экинчи кабатка чыгып, сумкасынан пульт алып терезени ачып ылдыйды каратып басып машинени карап турду. Машиненин арты ачылып, артында бекинип жатып келген окшойт, лөкүйгөн, булчуңдары чытыраган, аябай эле машыкканы көрүнүп турат, чоң адам акырын түшүп, чоң болсо да мышыктай чапчаң экен, эки аттап үйгө кирип кетти. Бейсболка кийип алыптыр, бети көрүнбөйт. Холлго кирип, ашканага кире турган эшиктин артына бекинип, чөнтөгүнөн бир метрдей жип алып даярдана холлду айлантып карап жатты. Бир маалда камераны көрүп калып көпкө чейин кунт коюп карап калды. Өңү, айрыкча кичинекей, жакын жайланышкан көздөрү эмнегедир тааныштай учурады. Каерден көрдүм эле деп эч эстей албай койдум. Видеону токтотуп, скриншот кылып чоңойтуп алып карадым, бир жерден көргөм, Аксыдан көрбөгөм, Таш-Көмүрдөн көрдүм бекен? Чоң, күчтүү адам экен. Булчуңдары чытырап, кара футболкасынын сыртынан да билинип турат. Ак кымбат баалуу джинсы шым, бутунда кроссовки. Бечара Касыке эч нерсени сезбей ашканада сок ичип отурат.

Асел жогорудан Касыкени чакырып, кыйкырды окшойт, Касыке ордунан туруп, соктон дагы бир жутуп алып сыртка жөнөдү. Асел да экинчи кабаттан акырын, дабыш чыгарбай түшүп келип тепкичте Касыкеге көрүнбөй күтүп турду. Касыке чыгары менен эшиктин артында бекинип турган адам Касыкенин моюнуна жипти илип эки колу менен катуу тартып, далысын салып Касыкени жерден оңой эле көтөрүп алды. Бечара Касыке камера жакты карап тургандыктан жүзү даана көрүндү. Көздөрүнөн таң калган, эч нерсени түшүнбөгөн, ошол эле маалда аябай корккон көз карашты көрдүм. Касыке буттарын тыбыратып, эки колу менен биринчи жипти кармайын деп көрдү, анан артындагы адамдын башын кармашка аракет кылды. Тиги адам башын алып качып катуу силкти эле, байкуш Касыкенин моюнунун бир жери сынып кеттиби, "шылк" деп эле асылып калды. Аселди карасам тирмийип Касыкени тиктеп турат, көздөрү дал эле кара чаар жыландын көзү. Тигил адам Касыкени бир аз кармап турду да, акыры өлгөнүнө көзү жеттиби, көтөрүп келип эшикке жакыныраак жаткызып койду. Аселдин да эч корккон түрү көрүнбөйт. Касыкенин жанына барсетканы коюп, оозун ачып пачка акчаларды чачып койду. Шериги Касыкенин моюнундагы жипти жанына таштап, Аселге камераны көрсөтүп "иштебейби?" деп сурады окшойт, Асел ээрчитип алып мониторлор турган болмөнү көрсөттү. Тиги адам монитор жабылган нерселерди карап турду да, эртерээк кетишти ойлодубу, унчукпай үтүрөйгөн боюнча чыгып кетти. Асел тигинин желкесинен келет экен, артынан колунан кармап өзүнө тартып белинен кучактап, оозун тосту эле тигиси Аселди жаш баладай эле көтөрүп, оозунан өөптү да, ээрчишип чыгып кетишти.

Байкасам тиги лөкүйгөн эч нерсеге колун тийгизбептир. Экөө холлго келип Касыкени, айланасын бир аз карап турушту да, бир нерселерди сүйлөшүп, ээрчишип чыгып кетишти. Лөкүйгөн бул жолу машиненин артына бекинбей арткы орундукка эле отуруп алды. Асел машинени айдап чыгып кетти. Саатты карасам он бирден он жети мүнөт өтүптүр. Он бирден кырк эки мүнөт өткөндө мен келдим. Эшикке чыккандарым, коншулардын эшиктерин такылдаткандарым, айтор, дээрлик баары эле түшүп калыптыр камерага. Анан менттер келди, ар бир бөлмөнү бирме-бир тытып чыгышты. Анан Асел келди, менттердин башчысы экөө ар бир бөлмөнү карап чыгышты. Сейф турган бөлмөгө киришкенде тиги мент эшикти ичинен кулптап, Аселди артынан кучактап төштөрүн кармалап, Аселди өзүнө каратып алып өпкүлөп, ар жерлерин кармалап жатты. Экөө көптөн бери ойнош окшойт, Асел да ар нерсе кылып жатты, айтор. Бир аздан кийин кийимдерин түздөп чыгып кетишти. Мен ишенип жаткан полиция минтип Аселдин ойношу болсо, видеону алып барып берген күндө деле мени эч ким укпайт. Асел акча менен баарынын оозун жаап коёт. Касыкени өлтүрүп, мени күнөөлүү кылып, өзүлөрү байлыкты ээлеп калмакчы экен да. Ошо эмне эле жакшынакай турган электриканы дагы жасатып жатышат деп таң калып койдум эле. Кобра мени күнөөлүү кылып каматып, өзү соо калмак экен да. Касыкени да жек көрүп кеттим, карыганда жаш кызга үйлөнүп балээ барбы?!

Саатты карасам эки жарым болуп калыптыр. Эми отура берсем мени бирөө келип сактабайт, өзүм аракет кылышым керек. Жер төлөгө түшүп, ичинен кулптап сейфти ачсам бечара Касыке бүктөлүп отурат. Эмне кыла алат элем, өзүмдү кармап коробкалардын капкактарын ачып карасам пачкалаган рублдар, долларлар, евролор экен. Булгаарыдан тигилген папкаларда ар кандай документтер жатат. Бир коробкада жапжаңы, майланган ПМ, жанында эки октолгон магазини, төрт пачка огу, үн чыкпасы, колтуктун түбүнө илип ала турган ремени да бар экен. Тапанчаны алып карасам магазини толук октолуптур, ременин да алып бир пакетке салып алдым. Тапанча адамга чоң күч, чоң дем берет. Бир пачкадан бир топ беш миңдиктерди алып чөнтөгүмө салып, сейфти жаап, дубалды жаап койдум. Сөрүгө чыгып отуруп Вулкан эсиме келди, атынан чакырып кыйкырсам гараждан үргөн үнү чыкты. Барып ачсам гаражда чоң темир тор турчу эле, ошонун ичине камап коюшуптур. Эшикти ачарым менен сыртка чуркап чыгып кетти. Тамагын берип коюп сөрүгө отуруп, тамеки күйгүзүп алып кантип кутулуштун амалын ойлондум. Эптеп бул балээден башымды куткарып, качышым керек алысыраак. Бир жолун ойлондум, тобокелге салбасам болбойт эле. Аптечкадан күчтүү уйку дарысын таап, муздаткычта турган Ваня байкенин үч бөтөлкө газдалган суусу калган экен, баарына кошуп салдым. Гараждан узундугу он метрдей аркан таап, бөлмөмө алып кирип койдум. Экинчи кабатта бир бөлмөдөн кара түстөгү бөз сыяктуу кездеме көргөм, беш метрдей кыркып алып бөлмөмө бекиттим. Биринчи кабаттагы, терезеси токой жакка чыккан бөлмөнүн бир терезесин ачып, ачканда кыйчылдабай турган кылып май куюп, кайра жаап койдум. Ошол бөлмөгө шаты алып кирип терезенин түбүнө коюп, бөлмөнү сыртынан кулптап салдым. Телефонумду токко сайып койдум. Баарын эле даярдадым окшойт. Эми түндү күтүш керек. Эптеп эле иштеп жаттым, кантип иштемек элем мындайда. Саат алтыда Ваня байке келип, мени менен учурашып коюп тамак даярдаганга кетти. Жетилерде сөрүгө барсам даярдап коюптур, отуруп тамактандык. Бүгүнкү окуяны айтып берсем эми уккан адамдай болуп, "ээ, уу" деп отуруп укту...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан