АКШдагы ЖАШОО: КООЗ ЖАШООНУН АРТЫНДА КАНДАЙ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР БАР?

Тар жол, тайгак кечүүнү басып океандын ары жагына кеткен мекендештерибиз арбын. Бейрасмий маалыматтарда Мексика аркылуу 10 миңдей кыргызстандык жаран АКШга киргени айтылат. Америкалык кыялга жетеленген мекендештерди барганда кандай жашоо күтөт? Кооз көрүнгөн жашоонун артында кандай кыйынчылыктар бар? Төмөндө АКШдагы жашоонун күнгөй-тескейи тууралуу сөз болсун.

Акысыз медициналык жардам жок

АКШга барып калсаңыз Кыргызстандагыдай акысыз медициналык жардамдын жоктугуна таң калбаңыз. Ооруканаларда тез жардам кызматын пайдалануу үчүн жеке медициналык камсыздандырууга ээ болушуңуз керек. Ири америкалык иш берүүчүлөр эмгек келишиминде көрсөтүлгөн социалдык пакетке жараша ден соолукту камсыздоо полиси менен тейлешет. Калган мигранттар ай сайын үй-бүлөлүк бюджетти пландаштырууда камсыздандыруунун баасын эске алышы шарт. АКШда медициналык камсыздандыруунун баасы 200 доллардан башталат. Иш берүүчү тарабынан каржыланган камсыздандыруу полисинин орточо баасы 500 долларды түзөт. Тез жардам чакыруу кызматы 1500 доллар, терапевттин кабыл алуусу 200-300 доллар, УЗИ 500 доллар. Камсыздандыруу полисин өз алдынча сатып алсаңыз болот, бирок ага көбүнүн мүмкүнчүлүгү жок. Кыскасы, АКШда медициналык жардамдын деңгээли сиздин социалдык статусуңузга, каржылык абалыңызга, ден соолугуңузга жана жашыңызга жараша болот.

Үй-жайсыз селсаяктар көп

Бул сизге жеңил-желпи нерседей сезилиши мүмкүн, бирок АКШнын шаарларында үй-жайсыз селсаяктар абдан көп. Алардын көбү жаман турмуштан эмес, өлкөдөгү системге каршы турушкандыктан ушундай жашоону тандашкан. Көбү байкуш эмес, тескерисинче, бой көтөрүп, уятсыз келишет, сизге түз эле келип акча сураса таң калбаңыз. Акчам жок десеңиз, досуңуздан сурап берүүнү же баштыгыңыздагы таттууларды берүүнү талап кылышат. Кыргызстанда мындай селсаяктар дароо муштум жемек, бирок АКШда аларга кол көтөргөнгө болбойт, анткени калктын аялуу катмарына кирет. Аларга мамлекет тарабынан социалдык жардам көрсөтүлүп, океан жээгиндеги чатырларда, көпүрө астыларында жашай беришет. Батир ижарага алууда селсаяктар жашабаган райондон алганыңыз туура.

Иштегениңизге жараша салык төлөйсүз

АКШнын салык системи үч баскычтуу. Салык федералдык, штаттык жана жергиликтүү деңгээлде иштейт. Салыктар кирешеден, эмгек акыдан, сатуудан, мүлктөн, дивиденддерден, импорттон жана башка ар кандай жыйымдардан алынат. Ар бир штаттын өзүнүн салык системи бар. Мисалы, округдар же шаарлар мамлекеттик салыктардан тышкары өздөрүнүн салыктарын да алышы мүмкүн. АКШда жеке киреше салыгы 2023-жылы 10-37 пайызды түзгөн. Демек, тапкан кирешеңиздин 10-37 пайызын мамлекет менен бөлүшүүгө даяр турушуңуз керек.

Дүкөндөн алган товарларга сатуу салыгын кошуп төлөйсүз

Азык-түлүк же эмерек саткан дүкөн болобу товарда жазылган бааны эле кассадан төлөйм десеңиз жаңыласыз. Кассага келгенде ал товардын баасынан 7-10 пайыз көбүрөөк төлөйсүз, анткени товардагы баага сатуу салыгы кошулбайт. Буга көпчүлүк мигранттар кыжыры келгенин жашырышпайт. АКШнын салык системи абдан татаал, айрым жарандар салыксыз штаттарга барып кымбат баалуу буюмдарды сатып алып келишет.

Мыйзам бузсаңыз чөнтөгүңүзгө зыян

Медициналык камсыздандыруудан кийинки эле эң кымбат кызмат – бул айып пулдар. АКШ мыйзам бузган жарандарын олчойгон айып пулдар менен жазалаган өлкө. Эгер унааңызды унаа токтотуучу жайга эмес, башка жерге токтотсоңуз эвакуация үчүн 400-600 доллар төлөгөнгө даяр болуңуз. Унаа токтотуучу жайдын акысын төлөөнү бир күн кечиктирсеңиз 60 доллар айып салынат. Ошондуктан турист болосузбу же мигрантпы, мыйзамдарды биле жүргөнүңүз оң.

Чайпул таштоого милдеттүүсүз

Кыргызстанда чайпул берүү кардардын ыктыярына жараша болсо, АКШда болсоңуз чайпулду ыктыярдуу-милдеттүү түрдө беришиңиз керек. Официант, бармен, такси кызматындагыларга чайпул таштабасаңыз артыңыздан ээрчип барып сурашы мүмкүн. Мисалы, Нью-Йоркто чайпулдар жалпы эсептин 18-25 пайызын түзөт. Кофе алсаңыз да ушунча пайыз чайпул калтырганга милдеттүүсүз.

Куралды эркин пайдаланган аймактарда кылмыштуулук жогору

Кошмо штаттарда карапайым элдерге ок атуучу куралдарды сатууга уруксат берген мыйзам бар. Өлкө боюнча 100 кишиге 120 ок атуучу тапанча туура келет. Бул нерсе зордук-зомбулукту күчөтүп, турак жайларда атышуулардын көп болушуна алып келет. Мындай зордук-зомбулук, атышуулар мигранттарды, албетте, чочутат. Полиция коомдук тартипти камсыз кылганы менен, АКШнын ири шаарларындагы көчөлөрдө абал кооптуу экенин унутпаңыз.

Коомдук транспорт менен камсыздоо начар

АКШга жаңы барган мигранттардын көбү коомдук транспорттун эрте токтогонун айтып даттанышат. Айрым чоң шаарлары коомдук транспорт тармагы менен камсыздалган эмес. Анткени Америкада көбү жеке унаасы менен жүрүшөт. АКШда жылына 14 миллион жеңил унаа сатылат. Баалары Европага салыштырганда бир топ арзан.

Улукбек Шаматов: “Бир тишти 1500 долларга жулдурган күндөр болду”

– АКШга 2013-жылы келгем. Учурда Лос-Анжелес шаарында жашап, трак айдап иштейм. Бул жакта азыр кыргыздар мурун келген жана Мексика аркылуу келген болуп экиге бөлүнүп калышкан. Мекендештер таарынбасын, бирок Мексика аркылуу келгендер мыйзамды аябай көп бузушат. Мыйзамдуу отурукташкан башка эле мекендешинин атынан аккаунт ачып тамак-аш жеткирүү кызматында иштеп жүргөндөр бар. Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен эле унаа айдап жүргөндөрдү көрдүм. Биз келген убакта такыр мыйзамсыз иштерге барчу эмеспиз, коркчубуз, документтерди убагында бүтүрөт элек. Мыйзам бузган 1-2 балага “андай кылбагыла, минте берсеңер АКШ башка келе турган кыргыздарга мамилесин өзгөртөт” десем, “боло берет” дешкендей кайдыгер болуп коюшту. Жаңы келгенде жалгыздыктан көбүрөөк кыйналдым, бирок кийин көнүп кеттим. Бул жактагы кыргыздардын көбү Чикаго шаарында жашайт, 25 миңдей кыргыз бар. Медицинасы абдан кымбат, бир тишимди 1500 долларга жулдурган күндөрүм болгон. Дүйнөдөгү кризис АКШга таасирин тийгизди, тракка куйчу күйүүчү майлар кымбаттады, азык-түлүккө баа көтөрүлдү. Бирок бул жакта такай иштегендиктен ал кымбатчылык анча сезилген жок. Мигранттар биринчи тил үйрөнүп келсе дейт элем. Келгенде деле тил үйрөнгөндөн жалкоолонуп дароо жумушка чыгып алгандар бар. Биринчи сабатсыздыкты жоюш керек.

Баатырбек Маматов: “Очойто салык төлөйсүң, бирок ошого жараша жарандарына камкордук көрүшөт”

– АКШга келгениме 6 ай болду. Учурда Питтсбург шаарында турам. Тамак-аш жеткирүү кызматында иштеп жатам. Жубайым менен чогуу келгенге көп кыйынчылыкты сезген жокмун. Адегенде бул жакка эркектер келип иштеп, отурукташкандан кийин үй-бүлөсүн чакыртып алышат. Байкаганым, мыйзам катуу иштейт, биз, кыргыздар, мыйзам элге иштейт деп эле ыңгайы келсе буза берет эмеспизби. Бул жакта бузсаң очойто айып пул төлөп кутуласың. Өткөндө унаамды унаа токтотуучу жайга 4 күнгө токтотуп койгон элем. Негизи 3 күн конок катары бекер койсоң болот, 4-күндөн тарта төлөйсүң. Эми 200 унаанын ичинен кантип дал меникин көрмөк эле деп ойлогом да кыргызчылык кылып. 4 күн болгондо унаамды эвакуаторго жүктөп кетишиптир.

1 бөлкө нан 4 доллар, болгон кыймылсыз мүлкүңдү камсыздандырышың керек, мен жашаган штатта тапканыңдын 7 пайызын салыкка төлөйсүң. Башка штаттарда 15 пайызга чейин салык төлөгөндөр бар. Очойто салык төлөгөнүң менен, ошого жараша АКШ жарандарына жакшы камкордук көрөт.

Керим Сатындиев: “АКШ – бул капиталы бар адамдар үчүн ыңгайлуу өлкө”

– АКШ – дүйнөнүн бардык бурчундагы мигранттар жашагысы келген өлкө. Бул жакта Орусиядагыдай улутуна карата дискриминация жок. Эли дайыма күлүп жүрөт. Күлүп учурашып, жылмайып койгону менен, сенин көйгөйүң тууралуу иши жок. Кыйналып жатасыңбы, катуу ооруп жатасыңбы, эч кимдин башы оорубайт, өзүң менен өзүң каласың. Биз кыргыздар акча чогултуп үй салып берип же дарылануусуна акча чогултуп жиберебиз го, андай сапат америкалыктарда жок, көбү кайдыгер, муздак. Жадакалса баса албай ооруп жатам деп дарыканага барсаң дарысын сатпайт, дарыгерге бар дейт.

Жашоосу кымбат, мен АКШнын 10дой шаарында жашадым. Миграциядан тажап мекениме кайтканы турам. Бутума турдум, үй-жай куруп, бизнес ачып алдым. Негизи АКШ капиталы бар ишкерлер, учурдун талабына ылайык кесиптер боюнча жогорку квалификациялуу адистер үчүн ыңгайлуу. Азыр АКШда миңдеген кыргызстандык студенттер IT-адистигине окуп жатышат. Кыргыз жаштарын такси, трак айдоого эмес, ушундай өсүүгө, өнүгүүгө жол ачкан билим үчүн АКШга жиберсе кубанмакмын.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан