2010-жылдары популярдуу болгон “Кыз жүрөгү”, Сезим кайгысы”, “Биз бактылуу болобуз”, “Жалган сүйүү” жана башка ырларды аткарган ырчы эсиңиздеби? Ал – Зари, кайрадан ырчылыкка кайтып жатат. “Сапаттуу, маанилүү ырларды жаздырып күйөрмандарымды кубантам”,- деп бел байлап турган чагы.
– Зари, ырчылыкка кайтышыңыз менен! 10 жыл кайда жүрдүңүз?
– Рахмат. Декретте отурдум. 10 жыл ичинде 3 балалуу болдум. Бул учурда өзүмдү издедим десем болот. Мындан ары ырдабасам керек деп ойлогом. Башында салон иштетип баштагам. Бирок бул меники эмес экенин түшүндүм. Анткени жарнама кылып шумдук сүйлөгөндү, кызматымды сатканды билбейт экем. Өзүм уялчаакмын, көп сүйлөгөндү жактырбайм. Анын үстүнө, чыгармачыл адамдын көңүлү назик болот да, жасаган макияжың бирөөгө жакпай калса жаман боло берет экенсиң.
Хобби катары сүрөт тартып жүрдүм. Кичинемден ырдап, сүрөт тартчумун. Көптөр мени “ырчы же сүрөтчү болот” дешчү. Кызыл-Кыяда төрөлгөм да, кыздар менен гараждарга тарткан сүрөттөрүбүз дагы деле бар экен.
Бир учурда графикалык дизайнды үйрөндүм. Украинадагы онлайн журналга комикстерди тартып берип бир жылдай иштедим. Графикалык дизайн жакты мага, бул тармакта деле өнүксөм болмок. Бирок пандемияда бир күнү үйдө отуруп Youtube’ду ачып, ырларымды угуп калдым. Мен Youtube’ду ачпачумун, ал жактан ырларымды укчу эмесмин. Ошондо комментарийлерди да окуп калдым. “Жакшы ырдачу, үнү жакшы болчу”, “апамдын сүйүктүү ырчысы болчуңуз. Апам ырларыңызды дайыма укчу”, “жигитим экөөбүздүн ырыбыз болчу” деп жазышыптыр. Менин ырларым менен жашагандар бар экен да деп өзүмө ишеним пайда болду. Ага чейин деле жакындарым “сен эмне өзүңдү издеп убара болуп жүрөсүң, талантың бар, ырдабайсыңбы” дешчү, аларга көңүл бурчу эмесмин. Комментарийлерди окуганда мотивация пайда болду. “Элге ырларым ушундай сиңген болсо, ырдаган мага жакса, чын эле эмнеге ыр жаздырып чыксам болбойт” деп ойлоп калдым.
Өзүмдү Кудай берген талантты тебелегендей сезип, капа болдум. 10 жыл башка жактарда өзүмдү издеп жүрбөй, жылда бир ыр жаздырып ырдап чыгып турсам болмок экен дедим. Угармандарым сагынышыптыр да. “Сагындык, кайра чыгыңыз” деп жазгандар да көп экен.
– Сиз да сагындыңызбы?
– Ооба, студияны, микрофонду сагыныптырмын. Ыр жаздырган процессти сагыныптырмын. Жаңы жылда Улуттук канал уюштурган “Ретро дискотекага” катыштым. Ошондо кавер жаздырайын деп студияга бардым. Толкунданып жүрөгүм чыгып кетейин деди. Камераны көргөндө өзүмдү жоготуп коё турган болуп калыптырмын (күлүп). Менин уялчаак экенимди билгендер “сахнага чыккандагы видеолоруңду көрүп таң калабыз” дей беришет. Мен сахнага чыкканда өзүмдү башкача сезем, микрофонду кармаганда башка Зарина пайда болот, уялбай калам. Ага чейин кадимкидей калчылдап турам.
– Кайрадан сахнага кайтууга аракеттер башталыптыр, жаңы ыр жаздырдыңыз...
– Ооба, “Эми башкабыз” деген ыр жаздырып, элге сундум. Бул ырды угуп комментарийлерде “Зари ажырашып кетиптир” деп жазгандар да болуп жатат. Ырда ажырашуу тууралуу сөз жок. Бул ыр курбумдун жашоосунан алынды.
– Өзүңүз эми башкасызбы же өзгөргөн жоксузбу?
– Албетте, өзгөрдүм. Турмуш курган адам 100-200 пайызга өзгөрөт деп ойлойм. Балалуу болуп баласаак экенимди билдим. Мурда кичинекей балдардын шоктонгонун көрсөм жаман көрө берчүмүн. Жоопкерчиликтүү болгонго үйрөндүм. Мурда көп жерге кечигип барчумун, азыр андайым жок, пунктуалдуу болуп калдым жана башка.
– Шоу-бизнесте эмнелер өзгөрүптүр?
– Интернет шоу-бизнес болуп кетиптир. Азыр социалдык тармактарга байланыштуу болуп калыптыр көп нерсе. Мен бул жагына жокмун, кызыкпайм дагы.
– Кандай ийгиликтерди багынтам деп жатасыз?
– Жакшы, сапаттуу, маанилүү ырларды чыгаргым келет. Бул жаатта талапчылмын. Музыкалык билимим болбогону менен, угуу жөндөмүм жакшы, музыкадагы каталарды дароо угам. Жакпаган жерин өзгөрттүрөм. Мага ырларымдын саны эмес, сапаты маанилүү.
Популярдуулукка мурдагыдай умтулуу жок. Өз күйөрмандарым бар. 10 жыл жок болуп кетсем да күтүп, бүт жактан издеп жүргөн күйөрмандарым бар. Ошол адамдар үчүн ырдагым келет.
– 10 жыл мурда күйөрмандар кандай эле?
– Билсеңиздер керек, мен ал убакта Москвада жүрчүмүн. Бул жакка келип, ыр жаздырып, клип тарттырып коюп, кайра эле кетчүмүн. Москвада окуп, иштечүмүн. Өзүм ал жакта жүрсөм, ырларым бул жакта хит болуп кеткен. Одноклассники, Агенттен көп каттар келчү. Биринчи ырым, “Кыз жүрөгү” чыккандан кийин 1-2 айда эле аябай тарап кеткен. Ошондон кийин келсем мени аэропорттон эле таанып башташкан. Паспорт текшерген кыз “сиз ырчысыз, ээ?” деп жатпайбы. Такси, маршруттук таксилерде менин ырым жаңырып калыптыр. Кафеде отурсам, атайын ырымды коюп коюшчу. Кичине балдар, кыздар келишип, “сиз ырчысызбы?” деп сурашчу. Азыр комментарий жазып жатышпайбы. Анда уялышчу эмес, жаныбызга келип “сиздин күйөрманыңызмын” деп айтышчу, автограф алышчу. Ырчы үчүн бул чоң мотивация да.
– Сүйүүсүн билдирген жигиттер жок болбосо керек?
– “Кыз жүрөгү”, “Сезим кайгысы”, айтор, ырларымдын көбү кыздардын тематикасында жазылган. Андыктан күйөрмандарымдын дээрлик баары аял кишилер. Кат жазгандар, автограф сурагандар да көбүнчө аялзаты болчу. Бирок мырзалар деле көп экен. Сүйүүсүн билдиргендер деле көп болчу.
– Жолдошуңуз менен кантип табышкансыздар? Ал да күйөрманыңыз эмеспи?
– Жок, ал кыргызча ырларды көп укчу эмес, көп ырчыларды тааныбайт. Бизди досторубуз тааныштырышкан. 4 айдай сүйлөшүп баш коштук. Жолдошум жеке ишкер.
– Кыргыз мигранттарынын жашоосун чагылдырган тасма тартууну каалачу экенсиз, бир маегиңизден окудум.
– Ооба, ошондой каалоом болгон. 2006-жылдары кыргыздар Москвага мигрант болуп жаңы барып башташкан. Ата-энем ошол жакта иштечү. 11-класстын жарымында Москвага кеткем, ошол жактан 11-классты бүтүрдүм. Ал кезде кыргыздар аз болчу. Кыргыздарды көрсөм сүйүнчүмүн. Ошондо ал жактагы кыргыздардын жашоосун чагылдырган кино тарткым келген. Ал кыялым ишке ашкан жок.
– Кесибиңиз боюнча юрист экенсиз. Ырчылыкка кантип келип калдыңыз эле?
– 11-классты аяктагандан кийин Москвадагы Финансы-өнөр жай академиясынын юридикалык факультетине тапшыргам. Бирок ал тармак меники эмес, кесибим боюнча иштеген жокмун. Ал эми ырчы болуу кичинемден берки кыялым болчу. Ал кезде азыркыдай ар бир телефондо интернет жок болчу, интернетке кирүү үчүн интернет клубдарга саатына акча төлөп кирчүбүз. Клубга кирип, Google’дан “кантип ырчы болсо болот?” деп издегем (күлүп). Ал жактан көпчүлүк ырчылардын продюсерлер менен иштешери жазылыптыр, кыргыз ырчыларынын да продюсерлери бар экен. Кээ бир ырчылардын продюсери деп Динара Эсенгулова эжем чыгып калды. Эженин номерин издеп таап, чалгам. Ошентип иштешип баштаганбыз.
Перизат Музуратбекова