БИР БҮРКҮМ. ЖЫРГАЛАҢ ИШКЕ КИРДИ...

  • ИИМ жарандарды каржы пирамидаларынын жаңы түрүнөн абайлоого чакырды.
  • Мурдагы “Мегаком” компаниясынын экс-жетекчиси Азат Базаркулов үй камагына чыгарылды.
  • Окуучуларды 1-класска электрондук каттоо 31-августта аяктай турганы маалымдалды.
  • Ноокатта мектеп окуучусун өз жанын кыюуга жеткирген деп шектелип 36 жаштагы жаран кармалды.
  • Башкы прокуратура: 2023-жылдын 6 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 22 кылмыш иши козголду.
  • Бишкекте “Тез жардам” кызматында иштегендер айлыктын аздыгын айтып нааразычылык акциясын уюштурушту.
  • Ысык-Көлдө зордуктоо кылмышына шектелген адамды үй камагына чыгарган судья кызматтан кеткени кабарланды.
  • Жумгалдагы “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иши башталды.
  • Бишкекте 34 жаштагы милиция кызматкери кызга ыдык көрсөткөн деп шектелип кармалганы маалымдалды.
  • Өлкөдө автоунааны кайра каттоодо ага камсыздандыруу полисин алууну милдеттүү кылуу сунушталды.
  • Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматтан кетүүгө арыз жазды.
  • 2-августта Кара-Кулжанын Кайың-Талаа айылындагы мектеп өрттөнүп кетти.
  • Нарын облусунун аймагында 2-август күнү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Төө-Ашуудагы тоннель оңдолуп бүтүп, жол кыймылы үчүн киргизилген бардык чектөөлөр алынды.
  • “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун төлөөгө 2023-жылга бюджеттен 741 миллион сомго жакын акча каралган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан