ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛГЕН АДАМДЫ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРГАН СУДЬЯ ИШТЕН КЕТТИ

Ысык-Көлдө зордуктоо кылмышына шектелген жаранды үй камагына чыгарып жиберген сот Абдисалам Мойдунов кызматтан кетти. Кылмышка шектүү үй камагына чыгарылгандан кийин Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков чукул кеңешме өткөрүп, жыйынтыгында Ак-Суу райондук сотунун аталган судьясы өз эрки менен кызматтан кетүүнү чечкен. Анын кызматтан кетүү өтүнүчү Соттор кеңешине жөнөтүлгөнүн Жогорку Соттон билдиришти. Ал эми райондук сот аталган иш боюнча чечимди кайра карап, үй камагына чыгарылган айыпталуучу кайрадан камакка алынганы 2-августта жарыяланды. Кылмышка шектүү азыркы тапта Каракол шаарындагы №3 СИЗОдо отурат.

Ошондой эле кылмыш ишинин квалификациясы өзгөрдү. Буга чейин кылмышка шектүү “ден соолукка өзгөчө оор зыян келтирүү” беренеси боюнча айыпталып жатса, эми ага “зордуктоо” беренеси кошулганы айтылды.

Окуяны эскертсек: Ак-Суу районунун Индира Бейшенова аттуу тургуну үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда кошунасы тарабынан сабалып, зордукталганын айтып милицияга арыз жазган. Ушундан кийин кылмышка шектүү кармалып, териштирүү жүрүп жаткан. Жогоруда айтылгандай, бул арада райондук соттун Мойдунов аттуу судьясы шектүүнү үй камагына чыгарууга жетишкен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан