ЭНЕРГЕТИКА: КЫШКА ДАЯРДЫК ТАЛКУУЛАНДЫ

2023-жылы Кыргызстанда 46 908 чакырым жогорку жана төмөнкү кубаттуулуктагы электр чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигинде быйылкы кыш мезгилине даярдык көрүүгө арналып өткөн жыйында айтылды.

Төрөбаев чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын куруудагы жер трансформациясына байланыштуу бардык мамлекеттик органдарга тапшырма берилгенин, жер тилкесине тийиштүү маселелер кечиктирилбей чечилиши керектигин билдирди.

– Чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын куруу үчүн Кочкор жана Айтматов райондорунан 3 жер тилкеси берилди. Алардын жалпы аянты 34,54 гектар,- деп айтылат министрлер кабинетинин маалыматында.

Жыйында энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режиминин киргизилиши да талкууланды.

– Мындан ары энергетика министри жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына тапшырма бере алат. Мындай ыйгарым укук энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт,- дейт Төрөбаев.

Эскерте кетсек, жакында энергетика тармагына 3 жылдык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул режим 2026-жылдын 31-декабрына чейин иштемекчи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан