– Айгерим, салам! “Көз мончогум” бир айда 8 миллиондон ашык көрүү топтоду, мыкты ыр жаралыптыр...
– Салам, рахмат. Чыга элек жатып бул ырдын кызык окуясы бар. Ыр өзбектердики да, өзбек ырчысы Достон Эргашов ырдайт. Бирок аны билбептирмин. Мен казак ырчысы Жандос Каржаубайдын ырдаганын угуп жактырып калгам. Андан ырды сурасам, “ырдай бер” деген. Жакын адамдарыма угуздум. Билип деле калдыңыздар, Элзар Тиленбаев жакын досум, ага угузсам, “чыгарышың керек” деп жанымдан кетпей калды. Тилек Токтогулов деген диджей досум бар. Экөө “чыгар” деп туруп алышты. Чынында ушул экөөнүн көңүлү үчүн эле жаздырып, видео тартып Ютубга чыгаргам. Бир чети элдин талабы дагы күч болду. Жаздырып радиого берсем, угармандар көп суранышты. Тилек “эл аябай суранып жатат. Бир да ырды мынчалык көп сураныша элек болчу” деди. Мынчалык элге жагат деп ойлогон эмесмин. Бирок “Көз мончогум” казак ырчысы Жандос Каржаубайдын багын ачып, Казакстанда хит болгон ыр. Муд-видео тартып ырдап, Ютубга жүктөөрүбүз менен жарым күндө жүз миңден ашык көрүү топтоду. Буга чейин ырларым дароо эле мынча көрүү топтой алган эмес, акырындан башталчу. Бир маалда видео өчүп калды. Көрсө, Жандос Каржаубай даттануу баскычын басып коюптур. Ага жазсам, “Ютуб каналымды башкалар карайт” деп койду. “Аларга түшүндүрүп айтып койчу” дегем. “Макул” деп убакытты созуп жүрө берди. Чалып, жаза бердим. Бир күнү “ырга видео тартам деп айткан эмес элең го” деп айтты. Ошондон улам өзү эле даттануу жөнөткөнүн билдим. Эл “анын ыры эмес, өзбектердин ыры” деп жаза баштады. Ошондо өзбектердин ыры экенин билип, Достон мырзага байланыштым. Ал жакшы кабыл алды. “Жакшы ырдаптырсың” деп видеону өзү да бөлүштү. “Жандос ушинтип даттануу баскычын басып салды” десем, “сүйлөшөм аны менен” деген. 2 күндөн кийин Жандос “даттанууну алдырып койдум” деп жазды. Ал кезде менин үмүтүм үзүлүп калган болчу. Ошентип кайра жүктөсөк көрүү аябай көбөйүп кетти. Бир айда 8 миллиондон ашык жолу көрүлдү. Мен үчүн бул сонун көрсөткүч. Ушуга чейин жасап келе жаткан эмгегимдин үзүрүн акырындан көрүп келе жатам. Угуучу, көрүүчүлөрүмө чын жүрөктөн ыраазымын. Миллиондогон көрүү топтогон клиптерим көп эле, бирок мынчалык көп боло элек болчу. Бул үчүн тим эле алапайымды таппай калганчалык сүйүнгөн жокмун. Анткени мен бул нерсеге даяр эле келе жатам да.
– Ошондо ыр дароо жакшы кабыл алынып кетиши үчүн эмне кылыш керек экен?
– Бул адамдын багынан деп ойлойм. Маңдайга жазганы болот. Алгачкы ыры менен эле укмуш популярдуу болуп кеткендер бар, кээ бирлер көп жыл аракет кылып жүрүп үзүрүн көрөт. Аракет кылып акырындан үзүрүн көргөн адам көпкө барат деп ойлойм. Ошол жыйынтыктын даамы таттуу болот. Дароо эле чыгып кетсең, популярдуулукту көтөрө албай калышың мүмкүн.
– Азыр канча ырыңыз бар?
– 20 чакты болуп калды.
– Дагы кандай жаңылыктарыңыз бар, бөлүшө кетсеңиз?
– Күзүндө кичи мекениме, Ысык-Ата районуна, тушоо кесүү концертимди берүүгө даярданып жүрөм. “Көз мончогум” чыккандан кийин тойго чакыруулар көбөйдү. Август айы дээрлик бош күнүм жок. Жетишпей калбаймынбы деп да коркуп жатам. Кудай ырыскыны берип жатканда башка эч нерсеге көңүл бурбай иштеп алайын деп турам.
– “Көз мончогум” канча киреше алып келди, сыр болбосо?
– Өзүн 20 эсе актады.
– Кыз бала үчүн шоу-бизнес оор дегенди көп угуп калам. Эмнеси оор сиз үчүн?
– Буга кошулам. Кыздар үчүн оор. Ырчы мырзаны эл жакшыраак кабыл алат. Дегеним, ырчы жигиттерди көбүнчө айымдар жактырат да. Алар аябай колдошот, жазып, чалып, комментарийлерде ойлорун билдирип, сүрөткө түшүп көңүл буруп жатып көтөрүп кетишет. Эркектер көбүнчө оор басырыктуу да, ырчы кыздарды жактырса да сыртынан билдирбей жүрө беришет. Ошондуктан кыздарга талап азыраактай туюлат. Экинчиден, кыздарга көп акча керектелет. Мырзалар бир жакшы костюм алып, чачын жасалгалап коюп сахнага чыкса жараша берет. А кыздар баштан аяк жасанып чыгышы керек. Анан да негатив комментарийлер кыздарга көп жазылат. Кыздар кичине ачык кийим кийип койсо, кийими жарашпай калса деле жаза беришет.
– Хейтерлериңизге эмне дегиңиз келет?
– Жаман комментарийлерди негизинен кыларга иши жоктор жазарын билдим. Ичиндеги негативди чыгарыш үчүн жазышат экен. Эмне деп жазса деле мага азыр бир тыйын болуп калды, эч бир сөз жүрөгүмдү оорутпайт. Андыктан кыйналып жазбай эле коюңуздар.
– “Аялдык энергияны арттыруу”, “мырзаларга жагынуунун сырлары” деген курстар көбөйүп кетпедиби, катышып көргөнүңүз болдубу?
– Жок. Ушундайларга күлкүм келе берет. Ушул сыяктуу курстар аябай көп болуп кетти чын эле. Жарнама кылып бериңиз деп жазышат. Эмне жөнүндө курс экенин түшүнбөйм, ошондуктан жарнамалабайм. Эптеп акча табуунун айласы да бул. Азыр такыр колдобойм. Балким, турмушка чыккандан кийин колдоп, катышып калармын.
– Негизи мырзаларга жагынуу үчүн ошентип аракет кылыш керекпи?
– Аракет кылыш керек. Мырзалар сени өзү таап, алар гана аракет кылышы керек дегенден алысмын. Мырза жакса, мен өзүмө көңүл бурдура алам. Мамилем менен жактырып жатканымды билдирем. Уялып, качып, өзү келсин дебейм. Биринчи кадам таштап, жолугушууга чакыра алам.
– Жасалма сулуулукка кандай карайсыз?
– Жаштыктын өзү сулуу дегенге түшүнчү эмесмин. Эми түшүнүп баштадым. Пластикалык операция менен бир жеримди өзгөрткөнгө менин эрким жетпейт. Экинчиден, денемде анчалык олуттуу маселе бар деп эсептебейм. Өзүмдү жактырам. Азыр липосакция жасаткандар, жасагандар да көбөйүп кетти. Денедеги майларды кесип алып, терини тартып тигип коюшат. Ырчылардын арасында да жасаткандар көп.
– Тиктоктон акча табуу да азыр трендде. Ырчылар да түз эфирлерден чыкпай калышты...
– Тиктоктун жакшы жери – ырларды жүктөп койсоң элге жакса, жайылып кетет экен. Ошонусу эле жакшы. Акча табабыз деп жинди болуп кетип жатышпайбы. Ич кийимин башына кийген чалдарды да көрүп жатабыз. Көрүүчүлөр да ошону карап отурушат. Тикток деп көп ырчылардын аброю төгүлдү, сыйдан кетип баратышат.
– “Качан?” деген суроону көпчүлүк менен кошо мен деле бере кетейин...
– Бул жылы турмушка чыгайын деген оюм бар болчу. Бирок быйыл да иштеп алайын деген чечимге токтолдум. Аз калды, буюрса.
Перизат Музуратбекова